Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев ал өлкөнүн Жерге жайгаштыруу жана геодезия мамлекеттик комитетинин төрагасы, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын топографиялык жумушчу тобунун жетекчиси Ориф Ашури Хожазода менен 12-августта Дүйшөмбү шаарында жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун ишмердүүлүгүн талкуулашкан. Анда Абдылдаев Кыргызстан 21-июлда Чолпон-Ата шаарында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдө жетишилген макулдашууларын ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Топографиялык жумушчу топтун жетекчиси Ориф Ашури өкмөттүк делегациянын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусун Тажикстанда өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
Эки өлкө ортосундагы былтыркы окуядан бери ортодогу 82 чакырым чек ара тилкеси макулдашылганын 22-июлда “Азаттык” радиосуна Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирген.
2021-жылдын апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында кандуу окуя катталып, жаңжалда Кыргызстандан 36 киши каза болуп, 154ү жараат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт кетип, 87си жабыркаганы расмий кабарланган.
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар, аны тактоо иштери 2002-жылы башталган. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. (TSh)
АНДРЕЙ БЕЛОУСОВ И "СВЯТОЙ ЛЕНИН" ОТКЛЮЧАЮТ НАСТОЯЩИХ ПИРАТОВ?!
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players
Прохождение элитного подземелья «Лесной алтарь» в Tarisland
Model viewer forensics reveal that Elden Ring: Shadow of the Erdtree's Dancing Lion boss is actually two little guys piloting it around
'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
В МВД сообщили, что Колокольцев проведет переговоры с замгенсека ООН в США
США выразили некую обеспокоенность из-за контактов Индии с РФ
Преимущества карты строек жилых и промышленных объектов в России