11-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын кендеринин биринде иске ууланып, ооруканага түшкөн 10 адамдын абалы канааттандырарлык. Алар баары тең дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, жардам алган соң үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу 12-октябрда аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары Өмүралы Жээнтаев “Азаттыкка” билдирди.
"Ооруканага иске ууланып жалпы 11 адам түшкөн. Алардын бири жолдо үзүлүп кеткен экен, түз эле өлүкканага жиберилген. Калган 10 бейтаптын алтоо биринчи жардам алгандан кийин кеткен, калган төртөө тиешелүү дарыларды алып, түндө чыгып кетишти. Баары иске ууланган".
Ала-Букадагы алтын кендеги кырсык 11-октябрдын түнү болгон. Маалыматка караганда, 37 жана 24 жаштагы эки адам иске ууланып каза болгон. Үч киши Ала-Бука аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ууланган адамдардын баары Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары. Милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.
Жергиликтүү тургундар каза болгондор жана ооруканага түшкөндөр Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык "Фул Голд Майнинг" компаниясынын жумушчулары экенин айтышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-октябрда түнкү саат 02:30га жакын кен казуучу ишкананын инженери шахтанын ичинде газ чыкканын айтып кайрылганын, анын ичинде калгандарды куткарууга тогуз куткаруучу тартылганын билдирген.
“Фул Голд Майнинг” компаниясы Иштамбердиде 2011-жылдан баштап иштейт. Аталган кенде 40 тоннага жакын алтындын кору бар. (ТВ/ZKo)
Портативный ТСД корпоративного класса Saotron RT-T70
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Model viewer forensics reveal that Elden Ring: Shadow of the Erdtree's Dancing Lion boss is actually two little guys piloting it around
The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players
'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning
Прохождение элитного подземелья «Лесной алтарь» в Tarisland
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
Губерниев: не считаю предателями тех, кто меняет спортивное гражданство
Захарова: договор между РФ и КНДР не направлен против третьих стран