Кыргызстандын мурдагы өкмөт башчысы Темир Сариев "Азаттыктын" сайты боюнча чектөөнү тез арада токтотуу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн 27-октябрда билдирип, "кабарчыларынын кесиптик деңгээлинин жогорулугу менен айырмаланып туруучу "Азаттык" журналисттик стандарт жагынан башкалар үчүн үлгү" экенин белгиледи:
""Азаттык" маалыматты ачык, айкын берген, көп жылдан берки тажрыйбасы жана тарыхы бар ЖМК. Ар бир бийлик келгенде кандайдыр бир таарынычы болот, бирок бийликтен кеткенден кийин "Азаттык" объективдүү болуп, алардын ой-пикирин берип жүрөт. Ошондо алар "чыканагын тиштеп", "биз "Азаттыкты" туура эмес кылган экенбиз" дешет. ЖМКнын иштөөсү үчүн кандайдыр бир каражат бөлүнүп берилиши бул эл аралык тажрыйба. Андыктан америкалык ЖМК дешкени менен "Азаттыктын" ички саясаты Кыргызстандын кызыкчылыгын коргойт, ал жаңылыктарды тез, таза, ачык чагылдырып берген, элди агартуу жагы да жогорку деңгээлге коюлган ЖМК. Ошондуктан өкмөт жакын арада бул чечимди кайра карап чыгып, өзүнүн чектөөлөрүн алып коюшу керек".
26-октябрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Азаттык Медиа" мекемесинин веб-сайтын эки айга жабуу чечимин чыгарды. Министрлик тараткан билдирүүдө "маалымат айдыңында Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес (жалган) материалга байланыштуу ушундай чара көрүлгөнү" айтылды. "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай аталган материалда журналистиканын эл аралык стандарттары сакталганын белгиледи. "Азаттык" – каржылык пайда көздөбөгөн, көз каранды эмес "Эркин Европа/Азаттык Үналгысы" корпорациясынын кыргыз кызматы. Кыргызстанда "Азаттык Медиа" деп расмий катталган. (RK)
Состоялась церемония вручения премии Men Today Trends
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Родители 240,5 тыс. детей в Московской области получают единое пособие
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
В Московском регионе более 62 тысяч семей распорядились материнским капиталом через банки
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
'Maybe this new Stardew Valley-like game is pretty good' I said to myself after blearily noticing I'd played it until 2 in the morning
Model viewer forensics reveal that Elden Ring: Shadow of the Erdtree's Dancing Lion boss is actually two little guys piloting it around
The latest friendship-ruining co-op game on Steam is a punishing platformer where you're chained to your pals, and it's about to crack 100,000 concurrent players
Dustborn let me smash fascists and flirt with my situationship on a road trip across America
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Более 12 тысяч жителей Москвы и Московской области получают повышенную пенсию за работу в сельском хозяйстве
В Узбекистане пожаловались на задержку граждан на въезде в Россию
redBike cup #4 2024 6 июля, “Dark Forest Ride” Калужская область, г. Малоярославец
Преимущества карты строек жилых и промышленных объектов в России