Ачкачылык кармаган Нурлан Асанбековдун кан басымы төмөндөөдө
Кемпир-Абад маселесинен улам массалык башаламандык уюштурууга шектелип камалган жыйырмадан ашуун жарандын катарындагы Нурлан Асанбековдун абалы менен Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов таанышып чыкты. Бул тууралуу Колоповдун өзү «Азаттыкка» билдирди.
«Мен киргенде Нурлан Асанбеков ачкачылыгын улантып жатыптыр. Өзүнүн айтымында ачкачылыкты 1-ноябрда кармай баштаган. Биринде жана экисинде суу ичиптир, бирок, 3-ноябрдан тартып эч наар ала элекмин, деп айтты. Кан басымы төмөндөп кетиптир. Ал мындай кадамга өзүнө көӊүл бурдуруу максатында барып жатканын айтты. Себеби «менин саясат менен эч ишим жок, куруучумун, болгону Равшан Жээнбековдун курулуш иштерине байланыштуу аны менен тез-тез байланышып тургам. Кафедеги жыйынга катышкан эмесмин» деген пикирин айтты», деп билдирди Алберт Колопов.
Асанбеков ага ДЦП болгон оорулуу кызы бардыгын, банктан ири суммадагы кредит алганын, оорукчан апасы бар экенин, үй-бүлөсүн өзү жалгыз багарын айтып, аны бошотууну суранган.
Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы башка камакка алынгандар менен теӊ катар 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда каралат.
Кемпир-Абад суу сактагычынын суусунун астындагы жерди Өзбекстанга берүүгө каршы чыккан жыйырмадан ашуун оппозициялык маанайдагы саясатчылар, активисттер жана журналисттер 23-24-октябрда чогуу кармалып, калайман башаламандык уюштурууга даярданган деген шек менен эки айга камакка алынышкан. Ички иштер министрлиги Кылмыш кодексинин “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык” беренеси менен ишти тергеп жатат.