Добавить новость
smi24.net
Azattyk.org
Октябрь
2023

"Чет элдик өкүл": комитет талаштуу долбоорду биринчи окууда кабыл алды

0

Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Бир нече мезгилден бери жарандык коом менен эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жараткан бул демилгени депутат Надира Нарматова коргоп, жыйынга катышкан беш депутат колдоп добуш берди. 

Бейөкмөт уюмдардын саясий процесстерге катышуусун чектеп, ашыкча көзөмөлдү күчөтүүнү көздөгөн мыйзам долбоору жарандык коомго кезектеги сокку катары бааланууда. Жарандык лидерлер мындай демилге Кыргызстандын демократиялык аброюна көлөкө түшүрүп, Орусиянын жолоюна түшкөнүнүн белгиси деп баалашууда.

Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети бүгүн, 3-октябрдагы жыйынында "Чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда кабыл алды. Жыйынга беш депутат, жарандык коомдун өкүлдөрү, юристтер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын башында сөз берилген депутат, документтин автору Надира Нарматова сегиз мүнөттүк видео көрүүнү сунуштады.

Анда бейөкмөт уюмдарды, алардын ишмердүүлүгүн бир тараптуу каралаган маалыматтар камтылган.

Нарматованын жүйөсү

Нарматова мыйзам аркылуу "өлкөнүн бүтүндүгүн, стабилдүүлүктү жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого" аракет көрүлүп жатканын айтты: 

"Бул бүтүндөй эгемендүү мамлекеттин кызыкчылыгын, өзгөчө өлкөнүн коопсуздугун көздөгөн мыйзам долбоору болуп эсептелинет. Бизде 30 жыл аралыгында үч жолу төңкөрүш, бийлик алмашуу болду. Ошолордун баарын изилдеп, саясий, экономикалык көз караштан караганда бизде сырттан каржыланган бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын салымы чоң. Көптөгөн демократиялуу өлкөлөрдө мыйзам бүгүнкү күндө иштеп атат. Владимир Путин өз сөзүндө "биз Американын мисалында биз кабыл алууга биз мажбурбуз. Себеби Америкада өзүндө кабыл алып, тартипти орнотуп, мамлекеттик көзөмөлдү жасап атат. Ошондуктан биз эмне үчүн киргизбейбиз?", - деди ал. 

Комитет төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков чет өлкөдөн келген каржылык колдоолор мамлекет үчүн иштеп, чоң долбоорлор ишке ашып атканын айтса, Искендер Матраимов Нарматова көрсөткөн бейөкмөт уюмдарды жамандаган сегиз мүнөттүк видео айрымдар арасында "келген акчанын баары митингдерге кетет" деген жаңылыш түшүнүктү пайда кылганын белгиледи.

"Баш мыйзамга ылайык иш жүрүш керек"

Укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин мүчөсү, депутат Алишер Эрбаев Конституциянын беренелери сакталышы керектигин айтты. Эрбаев ошондой эле так иштей турган, коомчулукка бүдөмүк салбаган мыйзамды алып келүү зарылдыгын кошумчалады.

"Өйдөгө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат" дегендей принциптен алыс болушубуз керек. Баш-аягы 29 миңден ашык бейөкмөт уюмдарды тартипке алып келиш керек, туура. Тартип болмоюнча коомдо өсүү болбойт. Бирок коомчулукка айтып коюшубуз керек, бейөкмөт уюмдардан келген каражаттар революция, кандайдыр бир ЛГБТларга эмес, ошол эле Саламаттык сактоо министрлигине ВИЧ/СПИД, наркомания менен күрөшүүгө деп канчалаган акчалар келип атат. Ички иштер министрлигине ОБСЕ аркылуу миллиондор каралып атат, Американын Улуттук демократиялык институту Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн каржылап, биздин иш сапарларыбызды, коомчулук менен жолугушуу жана башкасын каржылап берип атат".

Мамлекеттик органдарда бул мыйзам долбоор боюнча пикир кылка эмес. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков  долбоордун концепциясы менен макул болгону менен бир катар мыйзамдарга каршы келген пункттар бар экенин эскертти.

"Коммерциялык эмес уюм дегенде биз бүгүнкү күндө коомдук бирикме, коомдук фон жана жеке менчик түрүндө түзүлгөн мекемени, юридикалык жактардын бирикмесин тушүнөбүз. Бул 1999-жылдагы "коммерциялык эмес жөнүндөгү" мыйзамдын биринчи беренесинде. Ошол эле биринчи беренеде жазылып турат, пайда табууну көздөбөй, агартуу, маданият, социалдык тармакта түзүлөт. Алар эч кандай саясий багытта түзүлбөйт. Саясий багытта түзүлүүчү саясий партиялар жана башкалар деп турат. Бизде жети облуста башкармалыктарыбыз бар. Каттоого жыл сайын 18-20 миң юридикалык жактар келет. Катталып келип атат азыр деле, коммерциялык уюмдар алты сааттан беш күнгө чейин каттоодон өтө алат".

Кыргызстан эгемендик алгандан тарта жарандык коом, бейөкмөт уюмдар өтө активдешип, өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдөн саясий кризистерди чечүүдө чоң ролду ойноп келет. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 22 миңден ашык бейөкмөт уюм расмий каттоодон өткөн.

Алардын 6000ден ашууну коомдук фонддор, 8000ден ашууну коомдук бирикме. Каттоодон өткөн уюмдардын 500гө чамалуусу гана активдүү иш алып барат.

Талкуу учурда юрист Таттуубүбү Эргешбаева коммерциялык эмес уюмдардын иши ачык-айкын эместиги, каражаты тууралуу отчет бербейт деген сөздөрдү четке какты.

"Азыркы мыйзамдардын негизинде коммерциялык эмес уюмдар жабык

түрүндө үч отчет тапшырат. Алар биринчиден, Салык кызматына, экинчиси Социалдык фондго жана Статистика комитетине тапшырат. Андан сырткары бейөкмөт уюмдар өзүнчө ачык отчет берет. Ар уюмдун эсеп-кысабы канча болду деген маалыматты Салык кызматынын сайтынан тапса болот. Дээрлик бардык коммерциялык эмес уюмдардын эсеп-кысаптары накталай эмес формада банк аркылуу жүргүзүлөт. Ошонун баарын Финансылык чалгын кызматы тыкыр карап турат. Эгерде мыйзам бузуу болсо кылмыш жоопкерчилигине тартканга чейин барышат".

Азыркы мыйзамдарда “коммерциялык эмес уюм” түшүнүк бар, ага өлкө ичинде түзүлгөн бейөкмөт уюмдар, фонддор, ассоциациялар жана башкалар кирет. Эми буга кошумча “Чет өкөлүк коммерциялык эмес уюм” түшүнүгү киргизилип, Кыргызстандын сыртында түзүлгөн бардык уюмдар ушул топтун катарында каралат. Алар филиалын ачып, иштей берет. Ошол эле маалда алардан акча алып иштеген жергиликтүү уюмдар чет өлкөлүк өкүлдүн милдетин аткаруучу болуп калат. Демек, кыргызстандык уюмдар да чет элдик уюм болуп калат.

Надира Нарматованын аракети кандай максатты көздөйт?

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтүп, "чет элдик агент же өкүл" деп табуу аракетин Надира Нарматова бир нече жылдан бери аракет кылып келет. Буга чейин бул демилгени анын пикирлеши экс-депутат Турсунбай Бакир уулу көтөрүп, бирок ал учурда кабыл алынган эмес. 

Нарматова буга чейинки чакырылыштарда депутат кезинде баштаган демилгесин бул жолу аягына чыгарууну көздөгөндөй.

65 жаштагы Надира Нарматова кесиби боюнча мугалим. Бирок эмгек жолунда коммунисттик партиялык кызматтарда көп жыл эмгектенген. Эгемендик жылдардына Алайда мектеп директору, Алайдын акиминин орун басары кызматын аркаласа, кийинчерээк жеке ишкерликке өтүп, тигүү цехтерине ээлик кылган. Саясатка жолу 2010-жылы башталып, "Ата Журт" партиясынан депутаттыкка шайланса, 2020-жылы "Ата Журт-Кыргызстан" партиясы менен экинчи жолу эл өкүлү болду.

Жарандык коомду ар дайым сындап, антидемократиялык, консервативдик демилгелери менен белгилүү. Депутаттык ишмердигинин бир бөлүгүн да  жарандык коомду чектөөгө арнап келе жатат. 

Жарандык коомду жээриген демилгенин таржымалы

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк агент катары каттап, көзөмөлдү күчөтүү аракети беш-он жыл мурда башталган.

2012-жылы Орусия “Чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзам кабыл алган. Ошондон тартып “сырттан каражат алган” же “башка өлкөлөрдүн таасири менен иштеген” жарандарга жана бейөкмөт уюмдарга “чет элдик агент” деген макам тагыла баштаган.

Мындан бир жылдан кийин – 2013-жылы Кыргызстанда да ошондой аталышта мыйзам сунушталган. Ага алгач депутаттар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев автор болушкан. Кийин аларга Надира Нарматова кошулган.

Документти изилдеген “Адилет” укуктук клиникасы кезинде ал толугу менен Орусиянын тиешелүү мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктап чыккан.

Ошентип 2015-жылы парламенттин бешинчи чакырылышы тарап, долбоорду 2016-2017-жылдары алтынчы чакырылыш эки окууда жактырат. Бирок мыйзам үчүнчү окууда кабыл алынбай калган.

Деген менен алтынчы чакырылыштын тушунда дагы башка мыйзам чыгат. 2019-жылы Бактыбек Райымкулов баштаган сегиз депутат өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөткөн жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган.

Анын аталышында “агент”, “тыңчы” деген сөздөр жок болчу. Бирок жалпы мааниси жогорудагы документтерге окшош эле. Тагыраагы, ал коммерциялык эмес уюмдардан кошумча финансылык отчёт алып, анда иштегендердин киреше-чыгашасын ачык жарыялоону максат кылган.

Сегиз депутаттын бейөкмөт уюмдарга каршы мыйзамы анда аягына чыкпай калып, 2021-жылы Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы кабыл алды. Жарандык коомдун сын-пикирине карабай, ага президент Садыр Жапаров ошол эле жылы кол койгон.

Дагы бир жылдан соң, 2022-жылы депутат Надира Нарматова кайрадан жаңы мыйзам сунуштады. Мунусунда ал сырттан каражат алган уюмдарды “чет элдик өкүл” деп атоону демилгеледи.

Адистер депутат Нарматованын жаңы мыйзамы анын мурдагы “чет элдик тыңчы” мыйзамы менен куюп койгондой окшош экенин, болгону андагы “тыңчы” сөзү “өкүл” деген сөзгө алмаштырылганын билдиришкен. 

 “Адилет” укуктук клиникасы аталган документ Орусиянын “тыңчылар” тууралуу мыйзамы менен 98% окшош экенин аныктап чыккан.

Жарым жылдык коомдук талкуудан кийин депутат Надира Нарматова сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилген. Башында ал өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок айрымдары "чет элдик өкүл" тууралуу мыйзам долбоорунун авторлугунан баш тартканы айтылган. Алардын катарында Шайырбек Ташиев, Нурбек Алимбеков, Максатбек Сарбагышев, Айгүл Айдарова, Лейла Лурова, Бактыбек Чойбеков, Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Шайлообек Атазовдун аттары аталган.

Былтыр президенттин адмиинистрациясы да “Өкмөттүк эмес уюмдар ” тууралуу долбоор алып чыгып, анда “чет элдик өкмөттүк эмес уюм” деген термин киргизүү каралган. Ал документ коомчулуктун сынына кабылган соң, жумушчу топ түзүлүп, жеткире иштеп чыгууга жиберилген.

"Чет элдик өкүл" мыйзам долбоору тиешелүү комитетте 3-октябрда биринчи окууда кабыл алынганы Орусиянын президенти Владимир Путиндин кийинки аптада боло турган Бишкек сапарына туш келди. Активисттер муну Путинге белек катары баалап жатышат. Саясат талдоочу Алмаз Тажибайдын сөзүн угалы:

"Бизге коңшу өлкөлөр авторитардык режимде жашайт. Ошол эле Орусия, Өзбекстан, Казакстан, Кытай өңдүү мамлекеттер мына ушундай тартипте иш алып барат. Биз аларга жагынуу катары "биз да силерге окшошпуз" дегендей кылып, мыйзамдарынын көчүрмөсүн алып келип атышат, көчүрүү оңой да. Экинчи жагынан караганда, депутаттар өз электоратына отчет берүү иретинде ушундай иштерди жасап, көзгө көрүнгүсү келет. Аз күндө Кыргызстанга Владимир Путин келет. Анын делегациясынын арасындагылар депутаттар менен жолугат, пикир алмашат. Ошондо Нарматова өңдүү депутаттар алардыкына окшош мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынганын айтат. Муну менен Кыргызстан Батышка каршы чыгып атканын, Орусия менен экенин түшүндүргүсү, белги бергиси келет. Батышка каршы дегени эмне? Бул ошол эле адам укугу, демократиянын принциптери, сөз эркиндиги".

 

Бейөкмөт уюмдардын иши

Кыргызстан эгемендик алгандан тарта жарандык коом, бейөкмөт уюмдар өтө активдешип, өлкөдөгү социалдык көйгөйлөрдөн саясий кризистерди чечүүдө чоң ролду ойноп келет. Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча өлкөдө 22 миңден ашык бейөкмөт уюм расмий каттоодон өткөн.

Алардын 90% Бишкек менен Ош шаарында, калганы өлкө аймактарында иш жүргүзөт.

Кыргызстанга бейөкмөт уюмдар аркылуу жардам берүүчү уюмдардын башында БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ), АКШнын өнүктүрүү агенттиги (USAID), Жапониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JIСA), "Сорос-Кыргызстан" фонду, Германиянын Эл аралык кызматташтык коому (GIZ), Глобалдык фонд жана башка донорлор бар. Булардан тышкары чет өлкөлөрдүн өкмөттөрү өзүнчө жардам бөлүп келет.

Бул уюмдар алыскы аймактагы социалдык көйгөйлөрдөн тарта бийлик органдарын реформалоого, материалдык-техникалык базасын чыңдоо, депутаттардын ички жана тышкы сапарларын каржылап, тажрыйба алмашууга чейин колдоп келет.







СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.

Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона


Фрукт с сюрпризом: доктор Кутушов рассказал, чем опасен съеденный червь

Компания ICDMC презентовала свой первый уникальный БАД

Blumarine, коллекция Resort 2025

Почти 1000 человек приняли участие в «МедЗабеге»


'Hum bhi insaan hain': Pakistan allrounder Imad urges calm

Vavada Casino: a Leader in the Online Gaming Industry

PGA Tour Commissioner Jay Monahan shuts down Saudi agreement rumors: “complex scenario”

Bradley Wiggins accused of ‘trashing’ posh VW campervan as pals say bankrupt cyclist has sold his medals and shirts


В центре Орла машина сбила двух пешеходов

Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar

На Азина рухнул расселенный дом

Чемпионат и Первенство Москвы и Московской области по автокроссу


Гайд по Earn to Die Rogue: мифические предметы, билды и режимы

Мафия-НН: С юных ногтей будем учиться вгрызаться в двери, закрывающие ментальные миры.

Для Summoners Kingdom: Goddess проходит пробный запуск на Android

Embracer has closed Alone in the Dark studio Pieces Interactive


Відомий аграрій Кормишкін, складає свої депутатські повноваження

Монтаж димоходів та вентиляційних систем у Києві


Московский аэропорт Домодедово и Всероссийское общество инвалидов заключили соглашение о сотрудничестве

За прошедшую неделю подмосковные росгвардейцы обеспечили безопасность более 200 мероприятий

Топ-5 самых ярких зарубежных архитектурных проектов на первичном рынке Москвы


Собянин предупредил москвичей о ливнях и возможном формировании смерчей 20 июня

Директор Росгвардии генерал армии Виктор Золотов принял участие в посвященных 100-летию дивизии имени Ф.Э. Дзержинского торжественных мероприятиях

Канадский министр Леблан: Оттава признала КСИР террористической организацией

Политолог Марков: Джефф Монсон принял ислам в Москве


В Москве сохраняется рекордно низкий уровень безработицы

Дома из пеноблока: комфорт и тепло в вашем доме

Роспотребнадзор: 15 человек, заболевших ботулизмом, выписаны из стационаров

Мособлдума внесла изменения в бюджет Подмосковья на 2024 год


Людмила Самсонова не отдала голландскую траву // Она продолжила серию российских побед на теннисном турнире в Хертогенбосе

Самсонова выиграла турнир WTA в Хертогенбосхе

Скачков и Тайлакова выиграли соревнования по настольному теннису на Играх БРИКС

«Надо чем-то жертвовать». Арина Соболенко отказалась ехать на Олимпиаду в Париже


Досточтимый Кунделинг Тацаг Ринпоче придет в Бурятию

Суд отправил под домашний арест гендиректора «Кухни на районе»

Mash: Сын модельера Вячеслава Зайцева скончался от осложнения на фоне онкологии

В Москве сохраняется рекордно низкий уровень безработицы


Музыкальные новости

Джиган и Самойлова исполнили мечту «диско-бабушки» из Коми

Джиган и Оксана Самойлова привели на “Премию Муз-ТВ” в Москве ту самую “диско-бабушку из Сыктывкара” – любимицу Сергея Лазарева

В сказке театра кукол Ульгэр приключения и опасности, интересные знакомства и встречи - Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети

«Всю жизнь я зарабатывал пением и… легким аферизмом». Прохор Шаляпин раскрыл источники дохода в шоу «Вкусно с Анфисой Чеховой» на ТВ-3    


Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует: Отделение СФР по Москве и Московской области выплатило единовременное пособие при передаче ребенка на воспитание в семью 474 семьям региона

СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.

Как Россия уступила Азербайджану значительные территории Дагестана и два села

Галина Ржаксенская впервые стала участником ПМЭФ в Санкт-Петербурге


Филипп Киркоров, Shaman, Сергей Жуков, Катя IOWA показали награды и наряды в студии "Авторадио"

Неблагодарный батька или о чем говорил президент Белоруссии с делегацией Азербайджана?

Кинопродюсер.

Театр и Цирк, Культура и Концерт, Россия и Дети: «Волшебный платок бабушки Дари» - это захватывающее путешествие в мир бурятской сказки, которое не оставит равнодушным ни одного зрителя


Движение на участке Боровского шоссе приостановлено из-за сверхинтенсивных осадков

Бесплатный билет в музеи Зеленоградска от «ПАРАDOX» и BelkaCar

Движение на участке Боровского шоссе в Новой Москве ограничили из-за подтопления

В Москве движение на участке Боровского шоссе перекрыли из-за осадков


СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.

Путин летит к Ким Чен Ыну. Россия и Северная Корея станут стратегическими партнёрами

СЕНСАЦИОННЫЙ ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА.

ДОКЛАД ПРО ДЕЛО СКРИПАЛЕЙ, САФРОНОВА, ГОЛУНОВА. ПРО НАУКУ АКТИВНОЙ ВСЕЛЕННОЙ. ЭКСПЕРТ АНАТОЛИЙ ГОЛОД.


Зачем Марина Александрова уехала из Москвы в сибирскую глушь

ПМЭФ-2024: премиальный бренд HONGQI представил на Форуме свои флагманские и новые модели



Московский аэропорт Домодедово и Всероссийское общество инвалидов заключили соглашение о сотрудничестве

В России запустили бесплатного цифрового ЗОЖ-помощника

Врач-дерматолог Мадина Байрамукова: что делать с "мурашками» на коже

Сеть клиник «Будь Здоров» запустила собственное мобильное приложение для пациентов



Военно-спортивный фестиваль Росгвардии в «Лужниках» собрал более 20 000 москвичей и гостей столицы

Резидент «Инсайт Люди» Дмитрий Зубов установил мировой рекорд по чеканке мяча

Красногорск первым встретил участников международного супермарафона Москва-Минск

В Лужниках состоялась церемония открытия Всероссийской Спартакиады Специальной Олимпиады



Собянин прибыл в Китай с рабочим визитом

Собянин: Москва и Пекин подписали программу сотрудничества на 2024-2026 годы

Сергей Собянин: Активно укрепляем отношения с Китаем

Собянин рассказал о росте турпотока из Китая


Российские компании придерживаются собственного подхода в ESG

По каким признакам можно распознать машину-«утопленника»: лайфхак

Козлов: Россия и КНДР прорабатывают возможность запуска прямых рейсов

Бизнес-омбудсмен Москвы оказывает поддержку НМСП


Мособлдума внесла изменения в бюджет Подмосковья на 2024 год

В Мытищах начаты работы по реконструкции линий электропередачи

Суд отправил под домашний арест гендиректора «Кухни на районе»

Mash: Сын модельера Вячеслава Зайцева скончался от осложнения на фоне онкологии


Express: АПЛ «Архангельск» представляет большую угрозу инфраструктуре НАТО

Актера Игоря Меркулова похоронят на Николо-Архангельском кладбище

Ниже воды: как идет обновление подводного флота России

Преподаватель из Архангельска вышла в финал международного конкурса «Педагогическое начало – 2024»


В Симферополе пройдёт спектакль-акция «Подаренная жизнь»

Выставка-посвящение «Первая дама советской скульптуры»

Аварийное отключение электроэнергии произошло почти в тридцати населенных пунктах Крыма

Футболисты ЮФУ одержали три победы в домашнем турнире


Заброшенный детский лагерь в Подмосковье выкупил инвестор почти за 23 млн рублей

Российские банки заняли четверть рынка платежей Европы

Вильфанд: в Москве прогнозируются условия для формирования смерча

В Коломне построят новый корпус ЖК «Донской» и детсад














СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *