Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде төрагалык кыла баштады
Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңешиндеги бир жылдык төрагалык вазийпасын баштады.
Казак Тышкы иштер министрлигинин кабарлашынча, 2-январдан тарта кеңештин алдыдагы ишмердиги такталат.
«Казакстандын демилгеси боюнча, адегенде Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары кийинки эки жылга шайланышына байланыштуу Кот-д'Ивуар, Кувейт, Нидерланды, Перу, Польша жана Экваториалдык Гвинеянын желектерин орнотуу расмиси болот», - деп кабарлайт министрлик.
18-январда казак президенти Нурсултан Назарбаевдин төрагалыгы алдында «Массалык кыргын салуучу куралды жайылтпоо: ишеним чаралары» аттуу темада дебаттар өтөрү пландалган. Ал күндөрү Назарбаев АКШ президенти Доналд Трамп менен да жолугары күтүлүүдө.
БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары расмий Астана өзөктүк куралдан арылып, тынчтыкка жетишүүгө, глобалдык согуш коркунучун жоюуга, аймактык чыр-чатактарды жөнгө салууга жана Борбор Азиянын кызыкчылыктарын сүрөөгө, терроризмге каршы турууга артыкчылык берерин белгилейт.
Беш өлкө БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө, ал эми он өлкө - эки жылга шайланган туруктуу эмес мүчөлөр.