Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 19.01.2018

Махмуд Кашгаринин мурасын "казган" илимий эмгек

Azattyk.org 

2017-жылдын соңунда улуу түрк тилчиси Махмуд Кашгари Барсканинин “Дивану лугати т-түрк” эмгегин ар тараптан изилдеген көлөмдүү илимий эмгек кыргызча жарык көрдү. Китептин автору — таанымал окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин.

Старческое слабоумие. Как помочь родным и соседям

Пресс.kg 

С 10 октября по 10 ноября в Кыргызстане проходит месячник психического здоровья. Одно из серьезных заболеваний, рост которого наблюдается по всему миру, — это деменция, или старческое слабоумие. Из-за расстройства человек утрачивает способность ухаживать за собой и отвечать за свои действия. О том, что это такое и как себя вести родным больного, Kaktus.mediaпоговорил с врачом-психиатром Татьяной […]

Как живется собакам в год Собаки?

Пресс.kg 

Строго говоря, год Собаки наступает 16 февраля. Однако мы уже поздравили друг друга с приходом этого животного, подарили фигурки этих симпатяг и всячески призвали их подарить нам в наступившем году море позитива. Но как меняется жизнь самих собак с приходом «их» года? Об этом корреспондент Kaktus.mediaпоговорил с Ларисой Слободской, основателем фонда «Добрые руки». Фонд уже семь лет помогает […]

Ибрагимов: МАИ кызматкерлерин видеого тартууга тыюу жок

Azattyk.org 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы алардын кызматкерлери тартылган видеолорду уруксатсыз Интернетке жайгаштырууга тыюу салганы коомчулукта кызуу пикирлерге жем таштады. Мекеме жетекчилиги муну кызматкерлердин укугу менен байланыштырууда. “Сафари” кыймылынын өкүлү, активист Болот Ибрагимов "Азаттыкка" маек курду.

АКШ Түркияны күрттөргө чабуул койбоого чакырды

Azattyk.org 

АКШ Мамлекеттик департаменти Түркияны Сириянын түндүк-батышындагы күрттөргө чабуул койбоого чакырды. Бул тууралуу мекеменин расмий өкүлү Хизер Нойерт билдирди.  Департамент Анкара анын ордуна "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөшкө көбүрөөк көңүл буруусу зарылдыгын белгилейт. Буга чейин Түркиянын коргоо министри Нуреттин Жаныклы Африн аймагындагы күрд жоочуларына каршы жердеги аскердик операциясын “де-факто” башташканын билдирген.  Ага чейин түрк аскер күчтөрү чек арага жакын тартылганы кабарланган. Читать дальше...

Чехиянын өкмөт башчысы депутаттык кол тийбестиктен ажыратылды

Azattyk.org 

Чехиянын премьер-министри Андрей Бабиш депутаттык кол тийбестиктен ажыратылды. Бул үчүн парламенттеги Бабиштин ANO ("Ооба") кыймылынан башка бардык фракциялар добуш беришкен. Миллиардер Бабиш Евробиримдиктен субсидия алган учурда алдамчылык кылган деп шектелип, ага кылмыш иши ачылган. Анын депутаттык кол тийбестик алганына байланыштуу ага карата козголгон иш убактылуу токтотулган. Анын мыйзам бузганын буга чейин Европанын кесепчиликке каршы күрөшүү бюросу да ырастаган болчу. 16-январда Чехия... Читать дальше...

БШК маркум Калмаматовдун мандатын токтотту

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүнкү жыйынында “Кыргызстан” саясий партиясынан депутат Жыргалбек Калмаматовдун каза болгонуна байланыштуу Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда  токтотуу жөнүндө токтом кабыл алды.  Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Калмаматов 2-январда жүрөгү кармап каза болгон. Маркумдун сөөгү анын кичи мекени Алайдын Гүлчө айылына коюлду.  Жыргалбек Калмаматов 1972-жылдын 22-декабрында Гүлчөдө туулган. Эмгек жолун 1993-2002-жылдары бизнес чөйрөсүндө жеке ишкерликтен баштаган. Читать дальше...

Жер мыйзамына байланыштуу митингге чыккандар эртең чогула турган болду

Azattyk.org 

“Жерлерди трансформация кылуу жөнүндө” мыйзам долбооруна байланыштуу нааразылык акциясына чыккандар эртең, 20-январда кайра Өкмөт Үйүнүн алдында митингге чыгышат. Бул тууралуу митингди уюштуруучулардын бири, "Трансформация кыймылы" уюмунун координатору Бекназар Айталиев “Азаттыкка” билдирди. Алар айыл багытындагы жерлерге курулган жаңы конуштарды кайра өкмөткө алуу боюнча пунктту сөз болуп жаткан мыйзамдан алып салууну талап кылышты: - Биз менен өкмөттүн өкүлү чыгып жолугушту. Алар мыйзамда Сокулук менен Аламүдүн районун калтырып... Читать дальше...



HRW: Кыргызстанда сот адилеттиги сакталбайт

Azattyk.org 

"Human Rights Watch" эл аралык укук коргоо уюму дүйнөдөгү адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасын жарыялады. Баяндамада Кыргызстандагы абалга баа берилип, былтыркы эң башкы окуя катары президенттик шайлоо көрсөтүлгөн. Анда шайлоо тынч өткөнү менен административдик ресурсту колдонуу жана шайлоочуларга басым көрсөтүү, добуш сатып алуу сыяктуу мыйзам бузуу учурлары болгону белгиленген. Ошондой эле укук коргоо уюму былтыр бир катар маалымат каражаттары миллиондогон доого жыгылышы, саясатчылардын... Читать дальше...

Жылгаяктын жыргалы менен азабы

Azattyk.org 

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон кызыган маал. Тоого жана жылгаяк базаларына эс алууга баргандар чер жазып эле кайтпастан, оор жаракат алып, атүгүл каза болгон учурлар да катталууда. “Азаттык плюс” бул чыгарылышында жылгаяктын жыргалы менен азабын чагылдырды.

Руслан Казакбаев: жол кырсыктары үрөй учурат

Azattyk.org 

Акыркы он жылда Кыргызстанда жол кырсыктары 1,5 эсе көбөйдү. Бул тууралуу 19-январда “Республика - Ата Журт” фракциясынын жыйынында фракция лидери Руслан Казакбаев билдирди. Анын айтымында, 2007-жылдан бери жол кырсыгынан 16 миңден ашык адам мерт болуп, 110 миңден ашыгы жараат алган. Депутаттын маалыматы боюнча, 1979-1989-жылдар аралыгында Кыргызстандан Ооганстандагы согушка 7 миңдей аскер-интернационалисттер катышса, анын 3 миңи курман болгон.

Бурятияда окуучу мектепке кол салды

Azattyk.org 

Орусиянын Бурятия аймагында 9-класстын окуучусу мектептегилерге кол салып, андан беш окуучу жана мугалим жараат алышты. Казакстанда автобустагы өрттөн каза тапкан 52 кишинин тек-жайын аныктоо иши башталды. Кырсыкка байланыштуу казак президенти Нурсултан Назарбаев Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзиёевге көңүл айтты. Орусиянын расмийлери 18-январда украин парламенти кабыл алган жаңы мыйзам Донбасстагы кырдаалды жөнгө салууга багытталган Минск келишимдерин биротоло жок кылды, кошуна өлкө согушка даярданууда деп сындашты.

Сурамжылоо: Элетти эмне өнүктүрөт?

Azattyk.org 

Быйылкы жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду. Элетти өнүктүрүү үчүн бийлик эмнеге көңүл буруш керек деген суроо менен "Азаттыктан" кабарчылары облус тургундарына микрофон сунушту.

Таңдай кемтиги менен төрөлгөндөр арбыды

Azattyk.org 

2017-жылы Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун бет-жаак хирургиясы бөлүмүндө нышан менен төрөлгөн 350 балага операция жасалган. Адистер жылдан жылга мындай тубаса дарт менен төрөлгөн балдар көбөйүп, буга кош бойлуу кездеги эненин жугуштуу оорулары, экологиялык, экономикалык жагдайлар себеп болуп жатканын белгилешет.

Орус парламенти Кыргызстандын карызын кечүү протоколун ратификациялады

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик думасы Кыргызстандын Орусияга карызын жөнгө салуу боюнча өкмөт аралык макулдашуунун протоколун ратификациялады. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик ТАСС маалымат агенттиги билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек Москвадан 240 млн. доллар карызынан кутулат. Кыргызстандын Орусияга болгон карызын кечүү тууралуу протоколго Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин былтыр 20-июнда Москвадагы жолугушуусунда кол коюшкан. Жогорку Кеңеш... Читать дальше...

МАИ уруксаты жок тартылган тасмалар боюнча сотко кайрылат

Azattyk.org 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы алар тууралуу тартылган видеолорду уруксатсыз Интернетке жайгаштыргандарды сотко берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Ал жарандын уруксатысыз тартылган тасманы коомчулукка жарыялоого мыйзам тыюу салат деп ырастады. - Мыйзамдар жалпы жарандар сыяктуу эле кызматкарлерге да тиешелүү. Тасмаларды уруксаты жок жарыялоого тыюу салынат. Биз бул укуктан пайдаланып, сотко кайрылышыбыз мүмкүн, - деди Саркулов. Читать дальше...

БШК Бабановду депутаттык мандатынан ажыратты

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратты. Мындай чечимди БШКнын мүчөлөрү бүгүнкү жыйында кабыл алышты. Буга чейин Бабанов өз эрки менен мандатынан баш тартуу боюнча арыз жазган эле. Башкы прокуратура 4-ноябрда "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, депутат Өмүрбек Бабановго карата Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренесинин биринчи бөлүгү ("Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу"), 299-берененин биринчи бөлүгү ("Улут аралык... Читать дальше...

Дагы бир компания "Мегакомго" көз кырын салды

Azattyk.org 

"Акылдуу шаар" долбоорун ишке ашырганы жаткан "Huawei" компаниясынын Кыргызстандагы өнөктөшү "АКА минералз энд майнинг" компаниясы "Мегакомду" сатып алууга кызыгып жатат.

Актөбөдөгү кырсыктын себеби айтылды

Azattyk.org 

Казакстандын Ички иштер министрлиги Актөбөдөгү автобус "ичинде бензинди колдонуу менен от жагылгандан улам өрттөнүшү мүмкүн" деген баштапкы тыянагын жарыялады. Автобустагылар тамак бышырган плитканы жылыныш үчүн колдонушу мүмкүн экени айтылат. Иликтөө уланууда.  Андан мурдараак, жума күнгө оогон түнү казак ички иштер министринин орун басары Ерлан Тургумбаев да тирүү калган беш кишинин көрсөтмөлөрүнө таянып, мындай деген эле. - Алардын баары өрт автоунаанын салонунан чыкканын айтып жатышат. Адегенде ис чыгып, көбү ошондон ууланган. Читать дальше...

Карашев: парламент мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек

Azattyk.org 

Азыркы чакырылыштагы парламент өз мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Аалы Карашев “Азаттык” менен болгон маегинде билдирди. Анын айтымында, учурдагы парламентти таратууга негиз жок жана бийликтин туруктуулугун камсыз кылыш үчүн ал мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек. Карашев "парламент тарашы мүмкүн" деген божомолду айрым маалымат каражаттарынан окуганын жана бул тууралуу расмий деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрбөгөнүн кошумчалады. - Массалык маалымат каражаттарында гана айтылып жатат. Читать дальше...

МАИ кызматкерлери тууралуу тасманы интернетке чыгарууга тыюу салынат

Azattyk.org 

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери тартылган видеолорду уруксатсыз интернетке жайгаштырууга тыюу салынат. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын төрагасынын орун басары Ыманалы Саркулов билдирди. Анын айтымында, өлкө мыйзамдарына ылайык жарандын уруксаты жок ал катышкан тасманы коомчулукка жарыялоого тыюу салынат. “Мыйзамдар жалпы жарандар сыяктуу эле кызматкарлерге да тиешелүү. Тасмаларды уруксат жок жарыялоого тыюу салынат. Биз бул укуктан пайдаланып, сотко кайрылышыбыз мүмкүн”, - деди Саркулов. Читать дальше...

20-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Синоптиктердин маалыматы боюнча, Кыргызстандын айрым аймактарында түнкүсүн бир аз кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас облустарында түнкүсүн -2...-7, күндүз 3...8 градуска жылыйт.  Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -4..1 градус, күндүз 3...8 градус жылуу болот.  Ысык-Көл облустунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2...7 градус жылуу, ал эми Нарында түнкүсүн -14...-19, күндүз 2...-7 градус суук болот. Читать дальше...

Түркия Сириянын түндүгүнө чабуул кое баштаганын билдирди

Azattyk.org 

Түркиянын коргоо министри Сириянын Африн аймагында күрд жоочуларына каршы жердеги аскердик операция башталганын билдирди. Түрк танктары өз аймагынан чыкпай туруп Сириянын чектеш аймактарын аткылаган.  Министр Нуреттин Жаныклы муну Сириянын түндүгүн "бардык террордук элементтерден тазалоонун" жалгыз аргасы катары сыпаттады.   Күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну (YPG) 19-январга оогон түнү түрк күчтөрү Афринди аткылаганын ырастады. Кошуундун басма сөз катчысы күрт айылдары бутага алынганын айтып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *