Чеченстанда камакка алынган укук коргоочу Путинге эскертүү жасады
Оюб Титиевдин президент Владимир Путинге, ФСБнын башчысы Александр Бортниковго, Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкинге жолдогон жана 12-январда жазылган каты бүгүн Москвада чыгуучу “Новая газетага” жарыяланды.
Анда Титиев “өзүнө каршы козголгон кылмыш иши жасалма болгонун, күнөөлүү эместигин жана күнөөсүн мойнуна албай турганын, анын автоунаасына маңзат ташталгандыгын”,- белгилейт.
Укук коргоочу ошондой эле “эгер ал айыпталган нерселер боюнча күнөөсүн мойнуна алган болсо, бул ал күнөөсүн мойнуна алууга күч көргөзүү же шантаж аркылуу мажбурланганын” билдире тургандыгын эскертет.
Титиевдин адвокаты Павел Зайкиндин 15-январда айткандарына караганда, ал кармалганына бир жума убакыт өтсө да полициянын убактылуу жайында камалып турат жана олуттуу тиш оруусуна карабай медициналык жардам ала алган эмес.
Орусиянын белгилүү укук коргоо уюму – “Мемориалдын” Чеченстандагы бөлүмүнүн башчысы, 60 жаштагы Оюб Титиев 9-январда камакка алынган.
Полиция анын автоунаасынан 180 грамм марихуана табылды деп ырастаган.
“Мемориал” укук коргоо уюму да Титиевге каршы “кылмыш иши жасалма жана бул бийликтердин анын укук коргоо ишмердиги үчүн өч алуусу экендигин” белгилеген.
Батыш өкмөттөрү менен укук коргоо уюмдары да Титиевдин камакка алынышын айыптап, аны бошотууга чакырышкан.
Чеченстандын бийликтери болсо укук коргоочунун камакка алынуусунда саясий жүйө бардыгын четке кагууда.
“Мемориал” уюмунун Чеченстандагы мурдагы башчысы Наталья Эстемирова 2009-жылы Грозныйдан уурдалып, киши колдуу болгон. (UE)