“Электр станциялары” ЖЭБдеги химблоктун курулушу боюнча түшүндүрмө берди
“Электр станциялары” ачык акционердик коому “Бишкек Жылуулук электр борборундагы жаңы курулуп жаткан сууну химиялык туздан арылтуучу блоктун курулушу токтоп калды” деген маалыматка түшүндүрмө берди.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө кезектеги химблокту куруу боюнча ТВЕА компаниясынын долбоору бар экени, ал азыр жергиликтүү шарттарга жана нормативдерге ыңгайлаштырылып жатканы айтылат.
“Электр станциялары” ишканасы ошондой эле алардын инженердик-техникалык шарттарды (ИТУ) жана архитектуралык-пландык шарттарды (АПУ) даярдоо жана иштеп чыгуу боюнча кайрылуусуна Бишкек шаардык архитектура башкармалыгы “аларды иштеп чыгуунун зарылчылыгы жок” деп жооп бергенин кабарлайт.
Буга химиялык суудан тазалоочу жаңы блоктун курулушу учурда иштеп жаткан цехтин базасында, анын түзүлүшүн өзгөртпөй түшүп жатканы себеп болгон.
Мекеме билдиргендей, блокту курууга зарыл жабдуулар жана материалдар 90% тыштан алынып келинген жана аларга бажы документтери жасалып жатат. Ошого байланыштуу химцехти куруу убактылуу гана токтотулган.
Буга чейин айрым маалымат каражаттары Бишкек ЖЭБинде жаңыдан курулуп жаткан химиялык блоктун курулушу токтоп калганын жазып чыккан.
Маалым болгондой, Кытай тараптан берилген 386 млн. доллардын 360 миллион 445 миң доллары Бишкек ЖЭБин модернизациялоого иштетилгени кабарланган. Макулдашууга ылайык, калган 25 миллион 554 миң доллардын 19 миллион 300 миң доллары кемчиликтерди оңдош үчүн кепилдик төлөмү катары көрсөтүлгөн. Ал эми калдыктын 6 миллион долларына жаңы химиялык блок курулмак болгон. Муну да ЖЭБди модернизациялаган Кытайлык ТВЕА компаниясы ишке ашырып жатат. (ErN)