HRW чеченстандык укук коргоочуну бошотуу үчүн ФИФАны жардамга чакырды
Адам укуктары боюнча эл аралык уюмдун 3-майдагы билдирүүсүнө караганда, футбол федерацияларынын дүйнөлүк ассоциациясы - ФИФА чеченстандык укук коргоочу Оюб Титиевдин абактан эч шартсыз бошотулуусу үчүн Кремлге “таасирин” колдонушу керек. “Хьюман Райтс Уочт” бул тууралуу Орусияда 14-июнда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталаар алдында айтып чыкты. Уюмдун маалыматына караганда, алар ФИФАнын президенти Жанни Инфантиного жолдогон катында аны Титиевди бошотууну орус президенти Владимир Путиндин жеке өзүнөн өтүнүүгө чакырды. Читать дальше...