Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

Новости за 13.05.2018

Помпео: америкалык ишкерлер Түндүк Кореяга жардам бериши мүмкүн

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 13-майда билдиргендей, Пхеньян өзүнүн өзөктүк курал жасоо программасынан толук баш тартса, анда АКШ америкалык бизнесмендерге Түндүк Кореяга инвестиция салууга уруксат берет. “Жеке сектордо иштеген америкалыктар Түндүк Кореянын энергетикалык тармагын түзүүгө жардам бере алышат” деди ал Fox News телеканалындагы маегинде. Помпео эгер Пхеньян АКШнын талабын аткарса, америкалыктардын Түндүк Кореянын инфраструктурасына жана азык-түлүк коопсуздугун чечүүдө жардам... Читать дальше...

Чын эле качтыбы же качырыштыбы?

Пресс.kg 

Урматтуу өлкө башчысы жана өкмөт башчысы, мен сиздерге эл арасындагы күбүр-шыбыр кептерди гезит аркылуу айткым келди. Эл эмне дейт дегендей, эл арасында баягы Бакиевдин иниси Акматбекти качырышкандай эле, депутат Аскарбек Шадиевди качырышты. Аны ок тийип ооруп жатат, жүрөгү дүкүлдөп жатыптыр деген сөздү жайылтып элдин кулагын бышырып туруп, качты деп жер сыйпалап калышты деген эле кеп. […]

Москвадагы “Эркин интернет үчүн” митингинде 30дай адам кармалды

Azattyk.org 

Укук коргоо органдары Москванын Сахаров проспектисинде “Эркин интернет үчүн” урааны менен өтүп жаткан митингдин 30дай катышуучусун кармады. Бул тууралуу “Левый фронт” кыймылынын координатору Сергей Удальцов билдирди.    Оппозиционердин “Интерфакс” агенттигине айтканына караганда, полиция аларды митингдин буга чейин айтылган мазмунуна туура келбеген саясий ураандарды чакырып жатканы үчүн кармап жатабыз деп билдирген.  “Телеграм” мессенжеринин жабылышына каршы өткөрүлүп жаткан “Эркин интернет үчүн” митинги бийлик менен макулдашылган. Читать дальше...

Парижде элге кол салган адамдын аты-жөнү такталды

Azattyk.org 

Француз бийлиги Париждин борборунда адамдарга кол салган киши 1997-жылы туулган Хамзат Азимов болгонун маалымдады. Өкмөттүн маалымат катчысы Бенжамин Гривонун 13-майда билдиргенине караганда, Чеченстанда туулган Азимов француз жарандыгына 2010-жылы апасынан кийин өткөн. Гриво Азимовду борбор калаанын полициясы 2016-жылы "радикализмге ыктаган адам" катары каттоого алганын да кошумчалады. Азимов Франциянын Страсбург шаарына Чеченстандан ата-энеси менен көчүп келген. Маалыматтарда ал 12-майда Франциянын... Читать дальше...

Парижде элге кол салган адам чеченстандык экени аныкталды

Azattyk.org 

Француз бийлиги Париждин борборунда адамдарга кол салган киши 1997-жылы туулган Хамзат Азимов болгонун маалымдады. Өкмөттүн маалымат катчысы Бенжамин Гривонун 13-майда билдиргенине караганда, Чеченстанда туулган Азимов француз жарандыгын 2010-жылы апасынан кийин алган. Гриво Азимовду борбор калаанын полициясы 2016-жылы "радикализмге ыктаган адам" катары каттоого алганын да кошумчалады. Азимов Франциянын Страсбург шаарына Чеченстандан ата-энеси менен көчүп келген. Маалыматтарда ал 12-майда Франциянын... Читать дальше...

Аба ырайы: 14-майда жаан-чачын болот

Azattyk.org 

Кыргызгидромет ишканасы ушул күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын көп болорун, бийик тоолуу райондорго кар түшөрүн маалымдады. Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабында нөшөр болот. Мындай туруксуз аба ырайы 16-майга чейин созулат. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. 14-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Нарын облусунда жана Ысык-Көл ойдуңунда 22 метрге жетет.  Абанын таемпературасы Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8...13... Читать дальше...

Сапар Исаков кайрадан УКМКга сурак берет

Azattyk.org 

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берүү үчүн кайрадан чакырылды. Ал атайын кызматка 14-майда саат 10:00дө барат. Бул тууралуу Кыргызстан социал-демократтар партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева “Азаттык” радиосуна ырастады. Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков УКМКга 26-апрелде дагы сурак берип чыккан. Эки сааттай атайын кызматтын имаратында болгон Исаков журналисттерге Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон... Читать дальше...



Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо элдин 38% добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо саат 17:00гө карата 17 502 адам добуш берди. Бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 38,51 пайызын түзөт. Алты жергиликтүү кеңештеги шайлоого бардыгы болуп 45 447 шайлоочунун тизмеси киргизилген. - Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде 43.75%; - Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинде 41.96%; - Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде 39.89%; - Токтогул шаардык кеңешинде 39.13%;... Читать дальше...

Бишкекте балдарды өнүктүрүүгө арналган улуттук форум өтөт

Azattyk.org 

Бишкекте мектепке чейинки балдарды өнүктүрүүгө багытталган алгачкы улуттук форум өтөт. Бул тууралуу “Роза Отунбаеванын демилгелери” коомдук фондунун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаева “Азаттык” радиосуна кабарлады. Анын айтымында, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында 15-16-майда өтө турган иш-чарага Германия, Швейцария, Улуу Британия, Түркиядан келген адистер катышат. Мындан сырткары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын өкүлдөрү өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. - Педогогикалык жана ошол... Читать дальше...

Трамп Түндүк Кореяга өзөктүк полигонду жок кылуу убадасы үчүн ыраазычылык билдирди

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея президенти Ким Чен Ын менен жогорку деңгээлдеги жолугушуунун алдында расмий Пхеньяндын ядролук полигонду жок кылуу тууралуу убадасы үчүн ыраазычылык билдирди. Трамп муну “айкөлдүк” деп баалады. “Түндүк Корея ушул айда, 12-июнга пландалган жолугушуунун алдында, өзөктүк полигонду жок кылууну убада кылды. Рахмат, абдан акылдуу жана айкөл кадам”, - деп жазды Трамп "Твиттердеги" баракчасына. Буга чейин Түндүк Кореянын мамлекеттик агенттиги жакынкы эки жуманын... Читать дальше...

Бишкек-Торугарт жолунда автоунаа кыймылына чектөө киргизилет

Azattyk.org 

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, Боом капчыгайында 14-майдан 18-майга чейин атайылап таш кулатуу иштери жүрөт. Түрдүү кырсыктарды алдын алуу максатында ушул күндөрү 9:00дөн 16:00гө чейин жол маал-маалы менен жабылат. Жолдогу чектөөгө ИИМдин Кайгуул-күзөт башкармалыгынын кызматкерлери көзөмөл кылат. Ал эми Ысык-Көл тарапка баруучу автомашиналар айланып өтүүчү жол аркылуу өткөрүлөт. (КЕ)

Малайзия: Нажиб Разактын резиденциясына темир тосмо орнотулду

Azattyk.org 

Малайзия полициясы экс-премьер-министр Нажиб Разактын резиденциясынын айланасына темир тосмолорду орнотту. Бул тууралуу жекшембиде БЕРНАМА агенттиги кабарлады. Тартип коргоо органынын өкүлү Мухамад Рафик резиденция негизи дайыма кайтарууда турганын, бирок шайлоого чейин жана кийин коопсуздук күчөтүлгөнүн билдирди. Ошондой эле ал бул аракеттер алдын алуу үчүн жасалып жатканын, түздөн-түз коркунучтар тууралуу маалымат айтылбаганын кошумчалаган. Мунун алдында парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, премьер-министрлик... Читать дальше...

Жергиликтүү кеңештердеги шайлоодо элдин 25% добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо түшкү саат 13:00гө карата 11 660 адам добуш берди. Бул тизмеге кирген жалпы шайлоочулардын 25,66 пайызын түзөт. Алты жергиликтүү кеңештеги шайлоого бардыгы болуп 45 447 шайлоочунун тизмеси киргизилген. - Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылдык кеңешинде 30.81%; - Сузак районунун Көк-Арт айылдык кеңешинде 30.30%; - Токтогул шаардык кеңешинде 25.72%; - Ат-Башы районунун Казыбек айылдык кеӊешинде... Читать дальше...

Тбилисиде нааразылык акциясына чыккандар тиккен чатырлар алынды

Azattyk.org 

Тбилисинин полициясы бүгүн эртең менен нааразылык акциясы учурунда парламенттин алдындагы аянтка тигилген чатырларды алды. Аянттан мас үч адам кармалганы да айтылат. Бирок алар акцияга тиешеси жоктугун билдиришкен. Грузиянын баш калаасы Тбилисиде полициянын түнкү клубдарга жасаган рейдинен соң нааразылык акциясы башталып, күч кызматкерлери менен жаштардын ортосунда кагылышуу болгон. 11-майдын кечинде полиция кызматкерлери шаар борборундагы "Басиани" жана "Галерея" деп аталган клубдарга капыстан кирип келген. Читать дальше...

Чаткал-Ала-Бука райондорунун тургундарынын саламаттыгы текшерилүүдө

Azattyk.org 

Ар кандай ооруларды алдын алуу максатында Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткан райондорунун тургундары медициналык текшерүүдөн өтүүдө. Айылдыктардын саламаттыгын кардиолог, акушер-гинеколог жана УЗИ-адистерден турган мобилдик клиниканын атайын тобу текшерип жатат. Бригада учурда Чаткалдын Кызыл-Токой айылында жүрөт. Мындан сырткары Ала-Буканын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунан турган дагы бир топ үйлөрдү кыдырып, жарандарды текшерүүдө. Кыргызстандын алыскы аймактарында дарыгерлер жетишсиз. Саламаттыкты... Читать дальше...

Кыргызстанда жер силкинди

Azattyk.org 

Кыргызстандын аймагында 13-майга караган түнү жер силкинди. Илимдер академиясынын алдындагы Сейсмология институту берген маалыматка караганда, жер титирөө түнкү саат 2:14тө катталган. Анын күчү очогунда, Бишкек шаарынан 10 чакырым алыстагы Шопоков шаарында 3 баллга жеткен. Жыламыш, Саз, Шалта жана Кызыл-Туу айылдарында 2,5 балл болгон. Жер титирөөдөн жабыркагандар тууралуу маалымат жок. (КЕ)

Отунбаева: Тышкы саясаттагы көйгөйлөр Атамбаевдин убагында пайда болгон

Azattyk.org 

Кыргызстан Бишкек Жылуулук электр борборунун айланасындагы иштер менен алек болуп, тышкы саясат четте калып кетип жатат. Бул тууралуу экс-президент Роза Отунбаева “Азаттыкка” курган маеги учурунда билдирди. - Бизде дагы Кыргызстандын тышкы иштерин изилдеген аналитиктер, окумуштуулар бар. Азыр биз ЖЭБ менен алекпиз. Ички дагы толуп жаткан ушундай иштер бар. А тышкы саясат четте калып жатат. Тышкы саясатта боштук болуп жатат, проблемалар көп ал жерде. Анын баары Атамбаевдин (экс-президент – авт.) заманында пайда болгон. Читать дальше...

Париж: элге бычак менен кол салган адам Чеченстандан келген

Azattyk.org 

Франциянын баш калаасынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан Париж опера театрынын жанында өтүп бара жаткан кишилерге кол салган адам чеченстандык 20 жаштагы жигит болгон. Бул тууралуу Europe1 радиостанциясы кабарлады. “Полиция элге бычак менен кол салып, бир кишини өлтүргөн жарандын тек-жайын аныктады”, - деп айтылат кабарда. Маалыматка караганда, полиция тарабынан өлтүрүлгөн кылмышкердин жанында документтери болгон эмес. Анын ким экени бармак издери аркылуу аныкталган.  12-майда колунда бычагы... Читать дальше...

Индонезиядагы жардырууда кеминде 9 киши набыт болду

Azattyk.org 

Индонезияда чиркөөдөгү жардырууда каза болгондордун саны 9га жетип, 40тай адам жарадар болду. Бул тууралуу бүгүн Чыгыш Ява провинциясындагы полициянын полковниги Франс Барунгга шилтеме кылып “Стрейтс таймс” басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, жанкечти жардыруучу зат байланган мотоцикл менен чиркөөгө кирип барган. Полиция кызматкерлери экинчи чиркөөнүн алдында машинага коюлган бомбаны зыянсыздандырды. Тартип коргоо органдары үчүнчү чиркөөдө пландалган теракты алдын алганы да кабарланды. Терроризмге... Читать дальше...

Кыргызстанда айрым жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп жатат

Azattyk.org 

Бүгүн Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Чүй облустарында айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого добуш берүү башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоо 1 шаардык, 5 айылдык кеңеште өтүп жатат. Шайлоочулардын акыркы тизмесине жалпы 45 447 шайлоочу киргизилген. Жалпысынан 126 депутат шайланат. Алар 105 айылдык кеңештин жана 21 шаардык кеңештин депутаттары. 27 шайлоо участкалары добуш берүү үчүн ачылды. Бул күнү Жалал-Абад облусунун Көк-Арт, Аксы районунун Кара-Жыгач айылдык кеӊешине... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *