Алайкуу: фестиваль маалында бир адам аттын алдында калды
Алайкуудагы фестиваль учурунда аксакал кишини ат тебелеп кетип, башынан жаракат алды. Бул тууралуу иш-чарага катышып жүргөн жергиликтүү тургундар кабарлашты.
Алдын ала маалыматтарга караганда, жабырлануучуну тебелеп кеткен атты мас абалындагы адам минип жүргөн. Жабырлануучунун башы жарылган, бирок абалы канааттандырарлык деп айтылууда.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, жараат алган адам милицияга арыз жазуудан баш тартты. Ал чабарман күнөөлүү эмес экенин, ат келатканын өзү байкабай калганын айткан.
4-5-май күндөрү Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө “Алайкуу-2018” аттуу этно-фестиваль өттү. Анда оюн-зоок жана ыр-бий менен коштолгон концерт, улуттук тамак-аш даярдоо, сувенирдик буюмдарды жасоо боюнча мастер-класстар уюштурулду.
Сай-Талаа айылында өткөн иш-чарада улуттук оюндар боюнча мелдештер, анын ичинде улак тартыш да болуп жаткан.
Иш-чарага эки миңдин тегерегинде жергиликтүү тургундар жана туристтер катышууда. Алардын арасында кыргызстандык жана чет элдик туристтик агенттиктердин өкүлдөрү да бар. (ErN)