Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2018

30-майга карата аба ырайы: кар жаашы мүмкүн

0
"Кыргызгидромет" мекемеси билдиргендей, 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25,


Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24,


Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22...27,


Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 21...26,


Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,


Нарын облусунда түнкүсүн 1...6, күндүз 15...20 градус болот.


Бишкекте 30-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн 7…9, күндүз 21…23 градуска чейин көтөрүлөт. (ErN)














Музыкальные новости






















СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *