Македониянын аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүүгө багытталган референдум шайлоого катышууга укуктуу жарандардын көбү келбей койгонуна байланыштуу өтпөй калды. Жергиликтүү агенттиктер кабарлагандай, жекшемби күнү болгон референдумга 34% гана шайлоочу катышкан. Ал эми референдум добуш берүүчүлөрдүн 50 пайыздан ашыгы катышканда гана өттү деп саналмак.
Шайлоо бекеттери жабылгандан кийин жасаган билдирүүсүндө Македониянын премьер-министри Зоран Заев референдум өтпөй калса да, бирок добуш бергендердин көбү өлкө аталышын өзгөртүүнү жактаса, Македония өз аталышын Түндүк Македония деп өзгөртөрүн ишара кылды.
1991-жылдан бери Греция менен Македония ортосунда талаш жаратып келген маселе боюнча бир топко созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин ушул жайда тараптар мунасага келишкен. Македония аталышын өзгөртүүгө макул болуп, ал эми Греция коңшусуна мындан ары НАТО менен Евробиримдикке кирүүгө тоскоолдук кылбоону убада кылган. Грециянын аймагында да Македония деген аймак бар болгондуктан, Афины коңшу мамлекеттен аталышын өзгөртүүнү талап кылып келген. Бирок эки тараптын макулдашуусуна нааразылар да көп болуп, Македониядагы оппозиция премьер-министри Зоран Заевдин бул кадамына каршы чыгып келген.
Македониялыктар кандай добуш бербесин, соңку чечимди парламент кабыл алары буга чейин да айтылып келген. Өлкө аталышын өзгөртүү үчүн мыйзам чыгаруучулардын үчтөн экисинин колдоосу зарыл.
Весь мир чипировали умом Ленина?! Раскрыта загадка Мавзолея В.И. Ленина. Проект "Святой Ленин".
На борту самолета, летевшего из Москвы в Турцию, из-за жары погибла кошка якутского пилота
Более 40 тысяч семей в Москве и области получают ежемесячные выплаты из средств материнского капитала
Филиал № 4 ОСФР по Москве и Московской области информирует:
Свыше 5,2 миллиона жителей Московского региона получают набор социальных услуг в натуральном виде
В Архангельске медики России обменялись методиками оказания офтальмологической помощи
Судебная система России защитила врача «Евроонко» Екатерину Тимофееву, поддержав ее позицию в споре с некой травницей, обещающей вылечить рак с помощью фиточая
"Все ждали, что Москва будет Третий Рим…". Заявление Калныньша вызывает беспокойство о его здоровье
Собянин: Новый корпус больницы святого Владимира планируется открыть в 2025 году