Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2018

Новости за 01.10.2018

Трамп: USMCA макулдашуусу жүз миңдеген жумушчу орундарын түзөт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттары менен Канада Түндүк Америкадагы эркин соода жүгүртүү боюнча үч тараптуу келишимди (НАФТА) айрым өзгөртүүлөр менен сактап калууну макулдашты. Жаңы макулдашуу эми USMCA деп аталат жана ал америкалык сүт азыктарын өндүрүүчүлөрдүн Канада базарына кирүүсүнө жол ачат. Ошол эле кезде АКШ Канаданын автоунаа ишканаларына кошумча бажы алымын киргизбейт.  “Бул чаралар жүз миңдеген жумушчу орундарын түзүүгө көмөктөшөт” деди АКШ президенти Дональд Трамп.  30-сентябрь АКШ менен Канаданын бул маселе боюнча макулдашуусунун акыркы күнү болчу.

Грузияда желим баштыктарды колдонууга тыюу салынды

Azattyk.org 

"Азаттыктын" грузин кызматынын кабарлашынча, 1-октябрдан тарта 15 микрондон жука желим баштыктарды импорттоого жана сатууга тыюу салынды. Өкмөттүн буга байланыштуу буйругу быйыл 14-сентябрда чыккан. Ал эми 2019-жылдан тарта өлкөдө бардык полиэтилен баштыктарга тыюу салынып, биобаштыктарды гана колдонууга уруксат берилет. Эрежени бузган ишканаларга же соода жайларына 200 АКШ доллары өлчөмүндө айыппул салынат, экинчи жолу бузса айыптын өлчөмү 380 доллар. Маалыматтарда полиэтилен баштыктар жерде 100 жылдан кийин гана чирийт. Читать дальше...

Француз ырчысы жана композитору Шарль Азнавур көз жумду

Azattyk.org 

94 жаштагы ырчы Шарль Азнавур Франциянын түштүк батышындагы Прованс аймагындагы үйүндө көз жумган. Бул туралуу "Франс-пресс" агенттиги ырчынын басма сөз катчысына таянып жазды. Азнавур Парижде 1924-жылы Грузиядан келген армян үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Орус империясынан көчүп келсе, апасы 1915-жылдагы Осмон империясынын кезинде армяндар жапырт кырылган окуянын күбөсү болгон. Шарль Азнавур 14 жашынан тарта сахнага чыга баштап, 1950-жылы өзүнүн биринчи ырын жазган. Композитор өз карьерасында миңден ашуун чыгарма жараткан. Читать дальше...

Кыргызстанда пенсия жана дарыгерлердин айлыгы көбөйөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбеков менен пенсияларды жана медиктердин айрым категорияларына айлыктарды жогорулатуу маселеcин талкуулаган учурда билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, 1-октябрдан тарта орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% жогорулайт. Социалдык фонддун маалыматына караганда, өлкөдө 648 миң пенсионер бар. Читать дальше...

Адам укуктарын эске салган жүрүш

Azattyk.org 

Бишкекте 1-октябрда Адам укуктарынын декларациясынын 70 жылдыгына арналган Флешмоб өттү. Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу менен Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган 70 күндүк маалымат өнөктүгүнүн алкагында уюштурулду.

Сары-Челек спортчу балдарга дем берет

Azattyk.org 

Кыйынчылыктарга карабай бакытка бөлөнгөн үй-бүлө. Элеттен алдыга чыккан спортчу балдар. Бир айда кыргыз жергесин кагазга түшүргөн швейцариялык кыл калемчи жубайлар. Президент Уланбек Эгизбаевге "Эрдик" медалын тапшырды.

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси алмашты

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын башкы директору Алмазбек Ногойбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчынын буйругунда Ногойбаев эмне себептен кызматтан алынганы айтылган эмес. Премьер-министрдин башка бир буйругуна ылайык, Канатбек Абдыкеримов “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Ал буга чейин аталган ишкананын Темир жолдорду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын директору болуп келген.



"Дүйшөндөрдү" түйшөлткөн чечим

Azattyk.org 

Айылдаштарыбыздын көпчүлүгү күн алыс өтүп жаткан тойлордо акыйкатчынын шайлоосу акыйкат болгон-болбогонун, президентибиздин БУУнун жыйынында кыргызча сүйлөгөнүн, районубуздагы Агарт айылындагы мектептин ал-абалын катуу талкуулап жаткан кербези.

"Идеал Хаустун" иши банкирди каматты

Azattyk.org 

Кыргызстандагы БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов камакка алынганы маалым болду. ИИМдин маалыматына караганда ал мурда Бакиевдердин үй-бүлөсүнө таандык болуп, кийин мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн “Идеал Хаус” турак жай комплексинин сатылышына байланыштуу кармалган. Муну айрымдар мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго каршы компроматтарды топтоо аракети катары сыпаттап жатышат.

Жаңы-Өзөндүн активисти жерге берилди

Azattyk.org 

Иран Сирияда согушкерлердин болжолдуу жайларын баллистикалык ракеталар менен аткылаганын жарыялады. Казакстанда Жаңы-Өзөн окуяларынын активисти Максат Досмагамбетовду акыркы сапарга узатышты. АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын экөө «бири-бирин сүйүп калышканын» билдирди.

Донбасс: Горловкада мина басып алган үч бала мерт болду

Azattyk.org 

Украинанын Донецк облусунун Горловка шаарында мина жарылып, үч бала каза тапты, дагы бир өспүрүм жарадар болду. Горловканы азыр орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөйт. Шаар бийлигинин маалыматына караганда, көз жумган балдар 13-15 жаштарда.  Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Донбасста төрт жыл ичинде мина жарылып, 500дөй адам ажал тапкан. Алардын 21и өспүрүмдөр. Донбасста украин аскерлери менен орусиячыл жикчилдердин ортосундагы куралдуу жаңжал 2014-жылдын жазында башталган.... Читать дальше...

Иран Сирияга баллистикалык ракета атты

Azattyk.org 

Иран Сирияда согушкерлердин турган жерин баллистикалык ракеталар менен аткылаганын жарыялады. Расмий Тегеран муну өлкөнүн Аваз шаарында жакында болгон кол салуу үчүн жооп катары мүнөздөөдө. Анда аскердик парад учурундагы чабуулдан кеминде 24 кишинин өмүрү кыйылган.

Уланбек чындыкты издеп өттү

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков "Азаттыктын" иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаевге ыйгарылган "Эрдик" медалын ата-энесине тапшырып жатып, “Уланбек коррупцияга каршы күрөштө мамлекеттик саясатты активдүү колдогон” деп билдирди. 1-октябрда президент Жээнбеков чыгаан журналист, маркум Эгизбаевдин ата-энесин кабыл алып, ал каза болгондон кийин ыйгарылган мамлекеттик сыйлыкты тапшырды.

Жаңы-Өзөн козголоңунун лидерлеринин бири көз жумду

Azattyk.org 

Ишембиде Казакстанда Жаңы-Өзөн окуяларынын активисти Максат Досмагамбетов дүйнөдөн өттү. Ал мунайчылардын нааразылык акциясын уюштурган деп камалып чыккан. Түрмөдө жатканда рак илдетине чалдыккан. Өзү токмоктун айынан ушундай болду деп айтып келген эле...

Мамакеевдин феномени

Azattyk.org 

Бүгүн аты алыска кеткен даңазалуу хирург, миңдеген бейтапка шыпаа берген ак халатчан Мамбет Мамакеев 91 жашка чыкты. Бирок, дарыгер бул даталуу күнү да жумуш үстүндө. “Азаттык” үналгысы кыргыз медицинасына опол-тоодой эмгеги бар дарыгерди туулган күнү менен куттуктап барып, ал жасаган опперацияга күбө болуп келди.

Эмгекчил карылар

Azattyk.org 

1-октябрь - Карылардын эл аралык күнү. Учурда Кыргызстанда 630 миңден ашуун улгайган адам жашайт. Арасында 80-90 жашка чыкса да, эмгектенип келген байбичелер, карыялар бар. Алардын айрымдары "Азаттыктын" сүрөт баянында.

Македонияда референдумга эл келбей койду

Azattyk.org 

Жекшембиде өткөн референдумга катышкан Македониянын тургундары өлкөнүн аталышын Түндүк Македония деп өзгөртүүгө макул болушту. Анткен менен добуш берүүгө калктын 50%дан азы гана катышкандыктан жалпысынан референдум өттү деп эсептелген жок.

2-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

2-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана тоолуу аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25, Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 20...25, Баткен облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 22...27, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 5...10... Читать дальше...

Москвада мурдагы украин министри кармалды

Azattyk.org 

Москвада 28-сентябрда Украинанын мурдагы транспорт министри жана экс-депутат Николай Рудьковский кармалды. Бул тууралуу Орусиянын маалымат каражаттары кабарлады. Рудьковский 2014-жылы Киевдеги Орусиянын элчилигине кол салуу үчүн айыпталууда. "Москва" агенттиги өз булактарына таянып, сот мурдагы украин министрин камакка алганын кабарлады. Маалыматтарда 2014-жылдын 14-июнунда Москванын өлкө чыгышындагы агрессиялык аракеттерине каршы Орусиянын Киевдеги элчилигинин алдында болгон акция маалында Рудьковский элчиликтин имаратына таш ыргыткан. Читать дальше...

Германия жардыруу уюштурмак деген иран дипломатын Белгияга экстрадициялайт

Azattyk.org 

Германиянын соту Парижде Иран оппозициясынын жыйынында жардыруу жасамак болгон деген шек менен кармалган ирандык дипломатты Еврошаркеттин өтүнүчү менен Белгияга экстрадициялоону колдоду. Бул тууралуу Бавария аймагындагы Бамберг шаарынын аймактык соту 1-октябрда тараткан маалыматта айтылат. Венадагы Иран элчилигинин кызматкери Ассадулла Ассади Германиянын Ашаффенбург шаарында кармалган. Ал Франциядагы эмигранттардын Иран улуттук каршылык көрсөтүү уюмунун 30-июндагы курултайында жардыруу жасамак деп шектелүүдө. Читать дальше...

Германия "жардыруу уюштурмак" деген иран дипломатын Белгияга экстрадициялайт

Azattyk.org 

Германиянын соту "Парижде Иран оппозициясынын жыйынында жардыруу жасамак болгон" деген шек менен кармалган ирандык дипломатты Еврошаркеттин өтүнүчү менен Белгияга экстрадициялоону колдоду. Бул тууралуу Бавария аймагындагы Бамберг шаарынын аймактык соту 1-октябрда тараткан маалыматта айтылат. Венадагы Иран элчилигинин кызматкери Ассадулла Ассади Германиянын Ашаффенбург шаарында кармалган. Ал Франциядагы эмигранттардын Иран улуттук каршылык көрсөтүү уюмунун 30-июндагы курултайында жардыруу жасамак деп шек саналууда. Читать дальше...

Кыргызстандын бүт аймагында электрондук патент берүү башталды

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматы 1-октябрдан тартып республиканын бардык аймактарында электрондук түрдө патент берүүнү баштады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, жарандар salyk.kg сайтына кирип, патент алса болот.  Онлайн кызмат көрсөтүү 1-июлдан баштап Бишкек жана Ош шаарларында гана жүргүзүлдү.  Салык төлөөчүлөр патенттерди өз тандоосу менен кааласа мурдагыдай кагаз түрүндө же электрондук форматта алса болот. Кагаз түрүндө алчулар ID паспорттун 2017-жылдагы үлгүсү менен алат. (SE)

Нобел сыйлыгынын медицина жаатындагы жеңүүчүлөрү белгилүү болду

Azattyk.org 

Иммунолог дарыгерлер – америкалык Жеймс Эллисон менен жапониялык Тасуку Хонжо Нобел сыйлыгынын медицина жана физиология тармагы боюнча жеңүүчүлөрү болуп табылды. Стокгольмдогу Каролин институтунун Нобелдик комитети жарыялагандай, аларга бул сыйлык ракты (өсмөнү) дарылоодогу жаңы ыкмасы үчүн ыйгарылды. Тасуку Хонжо 1942-жылы Жапонияда туулган, 1988-жылдан бери Киото университетинин профессору. 1948-жылы туулган Жеймс Эллисон Хьюстон университетинде иштейт.  Сыйлыкка кошуп бериле турган 1 миллион доллар каражатты эки окумуштуу бөлүп алат. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *