Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 07.03.2018

"Кентавр" тасмасы "Ника" сыйлыгына көрсөтүлдү

Azattyk.org 

Кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Орусиянын улуттук "Ника" киносыйлыгына номинант болду.  "Ника" академиясынын сайтында 6-мартта жарыяланган маалыматка караганда, аталган фильм "КМШ жана Балтика өлкөлөрүндөгү мыкты тасма" багытында сыйлыкка көрсөтүлдү.  Ушул эле багыттагы талапкерлер арасында Казакстан, Молдова, Грузия, Латвия, Украина, Эстонияда тартылган кинолор бар. 31-ирет уюштурулуп жаткан "Ника" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү жыл сайын мартта аныкталат. (SE)

Борбор Азиянын "Кырк кызы" Америкада

Azattyk.org 

Жаздын келиши менен Кошмо Штаттардын бир катар шаарларында “Кырк кыз” эпосунун негизинде тартылган мультимедиялык долбоор көрүүчүлөргө тартууланып жатат. Каракалпак элинин бул эпосун сахналаштырууга Казакстандан, Кыргызстандан жана Өзбекстандан музыканттар тартылган.

Мадумаров: Улуттук кадр резерви түзүлүп жатат

Azattyk.org 

Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаровдун "Азаттыкка" айтымында, учурда Улуттук кадр резервинин механизмдери даярдалып жатат. - Улуттук кадр резерви башкы, жогорку администрациялык мамлекеттик кызматтарга кадр даярдайт. Башкача айтканда жетекчилик гана кызматтарды даярдайт, - деди ал.  Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик кадр кызматына мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, анын ичинде айыл өкмөт башчыларынын, район акимдеринин жана өкмөттүн облустардагы... Читать дальше...

Өзгөндө көчкү коркунучу бар аймактарга чатырлар тигилди

Azattyk.org 

Оштун Өзгөн районунда жер көчкү коркунучу бар жердеги жашоочулар коопсуз аймактарга көчүрүлө баштады. Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевдин буйругу менен Зергер айыл аймагындагы Ничке-Сай, Аюу, Зергер, Кайрат кыштактарына 130 чатыр тигилди.  Облустук бийликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган айылдарда 351 кожолуктун турак жайы көчкү коркунучу бар жерлерде жайгашкан. Анын 106сы башка жакка көчкөн. Кооптуу аймактарда жашагандарга эгемендик жылдардын башынан бери бөлөк жакка көчүүгө жер... Читать дальше...

8-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызстандын айрым аймактарында 8-мартта түнкүсүн жамгыр жаайт. Тоолорго жана тоо этектерине кар түшөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9, түндө Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +8...+13, Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +8...+13, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +11...+16, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...+1, күндүз +3...+8... Читать дальше...

Путин, Роухани жана Эрдоган апрелде жолугаарын Кремл тастыктады

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин, Ирандын мамлекет башчысы Хасан Роухани жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кайсы күнү жана каерде жолугаары азырынча так эмес. Бирок расмий Москва да, Анкара да бул жолугушуу апрелде болорун тастыкташты. Үч мамлекет тең Сирия боюнча тыгыз кызматташып келгендиктен, бул маселе жолугушууда талкууланчу негизги суроолордун бири болушу күтүлүүдө. Ага чейин Түркия менен АКШнын бийлик өкүлдөрү 8-9-мартта Вашингтондо жолугушуп, Анкара АКШдан Сириядагы күрттөргө... Читать дальше...

Баары алдыда! Азия чемпионатынын эң ажарлуу балбаны Мээрим Жуманазарова менен маек

Sputnik Кыргызстан (sport) 

1-2-март күндөрү Бишкекте кыз-келиндер арасында Азия чемпионаты өттү. Ага өлкө атынан беш кыз катышкан. Бирок арасынан жалгыз балбан кыз Мээрим Жуманазарова байгеге ээ болуп, коло медаль тагынды.



УКМК Транспорт министрлигинин кызматкерин камакка алды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкери А. И. аттуу жаранды убактылуу кармоочу жайга камады. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 304 ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 306 ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына каршы келишим түзүү, мамлекеттик сатып алууну жүзөгө ашыруу"), 189 ("Ачык соода жана аукцион өткөрүүнүн тартибин кыянаттык менен бузуу") беренелери менен айыпталууда.  УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кылмышка шектүү... Читать дальше...

Радикалдар Сирияга кетпей, Борбор Азияда калды

Azattyk.org 

Сириядагы согушка кеткендер дээрлик токтогон соң Борбор Азия мамлекеттери жарандарын ал жакка жетелеген себептерди талдай баштады. Ага ылайык радикализмди кескин азайтуу чаралары иштелип чыкмакчы. Бирок адистер Сирияга кеткендердин азайганы радикализмдин басаңдаганын көрсөтпөй турганын айтып, күрөштү токтотпоого чакырууда. Диний радикализмдин алдын алуу боюнча Бишкектеги жыйында ушуга байланыштуу маселелер талкууланды.

Косоводо Милошевич тууралуу мюзикл коюлду

Azattyk.org 

Согуш кылмыштары үчүн 12 жыл мурун соттолгон мурдагы серб жана югослав лидери Слободан Милошевич театралдык мюзиклдин каарманына айланды. Чыгарма Косоводо коюлду. Белграддык Елена Боговачтын “Слободан Шоу” деп аталган музыкалык спектакли мурунку президенттин аялы Мириана, кызы Мария жана уулу Марко менен болгон жеке мамилелерин сүрөттөйт. Мюзикл Косовонун Борбору Приштинанын жанында сербдер топтолуп жашаган Грачаница шаарында коюлду. Бул иш-чара албан улутундагы косоварлардын кыжырына тийди.... Читать дальше...

Эл аралык юристтер бирикмеси Текебаевдин адвокаты боюнча билдирүү таратты

Azattyk.org 

Эл аралык юристтер бирикмеси "Ата Мекен" партиясынын юристи, экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунованын жагдайына тынчсызданып, билдирүү таратты. Уюмдун сайтына 7-мартта жайгаштырылган кайрылуу кыргыз бийлигине багытталган. Кайрылуу ээлери Токтокунованын мүлкү сатыкка коюлганына кабатыр болуп жатышканын билдирип, өз милдетин аткарган адвокатка карата сот чечими эрежеге жат экенин эске салышат.   Уюмдун тең төрагасы Ханс Корелл кыргыз өкмөтүн адвокаттарга өз мыйзамдуу ишмердигин аткарууга шарт түзүп берүүгө чакырган. Читать дальше...

Би-Би-Синин кабарчысы орус депутатынан жыныстык ыдык көргөнүн айтууда

Azattyk.org 

Би-Би-Синин кабарчысы орус депутатын "жыныстык ыдык көрсөттү" деп күнөөлөдү. Би-Би-Синин орус кызматында иштеген Фарида Рустамова - депутат Леонид Слуцкийди ушундай аракеттерге барды деп ачык күнөөлөп чыккан үчүнчү журналист. Былтыр 24-мартта комментарий алыш үчүн Думанын Эл аралык мамилелер комитетинин төрагасы Леонид Слуцкийдин бөлмөсүнө келгенин билдирген Рустамова депутат ага сөзү жана колу менен тийишкенин белгилейт. Мунун баары журналисттин диктофонуна жазылып калган. Үн азыр Би-Би-Сиде. Читать дальше...

Наркология борборуна ай сайын 20 бала кайрылат

Azattyk.org 

“Реформа жана жыйынтык үчүн” коомдук уюмунун отчетуна ылайык, Бишкектеги наркология борборуна ай сайын ар кандай химиялык заттарды жыттап ууланган жыйырмадай бала түшөт. Баяндамада алардын көпчүлүгү автоунаа техникасын оңдош үчүн колдонулган “КАРБдан” уулангандар экени айтылат.  Ал эми Ички иштер министрлиги Бишкектеги өспүрүмдөр арасында токсикомания жайылып жатканын билдирүүдө.  Адистердин айтымында, токсикомания өспүрүмдөрдүн ден соолугуна зыян жана зомбулукту күчөтөт. Былтыр "Кыргыз Республикасындагы... Читать дальше...

"Forbes" миллиардерлердин жаңы тизмесин жарыялады

Azattyk.org 

6-март күнү "Forbes" журналы дүйнөдөгү миллиардерлердин жаңы тизмесин жарыялады. 32-жолу чыгарылган жылдык тизмеде жалпысынан 2208 миллиардер бар. Сап башында байлыгы алгачкы жолу миллиард доллардан ашкан ишкер турат. Ал - "Amazon" компаниясынын негиздөөчүсү Жефф Безос, кирешеси 126 миллиард. Эң бай он кишинин арасында технология тармагындагы ишмерлер Билл Гейтс жана Марк Цукерберг да бар. Тизмедеги 2000ден ашуу кишинин жалпы байлыгы  9,1 триллион долларды түзөт.

Өгөй атанын зордугу: өкүм боюнча талаш

Azattyk.org 

Оштун Өзгөн районунда 11 жашынан бери өгөй атасы зордуктап жүргөн секелек көз жарды. Төрөттөн кийин гана өгөй атанын беш жылдан берки кылмышы белгилүү болду.

Таш-Көмүрдө эки жылдан соң шаардын мэри шайланды

Azattyk.org 

Таш-Көмүр шаардык кеңеши мэрлик кызматка Рахматилла Асаналиевди шайлады. Депутаттардын сессиясы 7-мартта болгонун мэриянын өкүлдөрү “Азаттыкка” билдиришти. Шаардын башчылыгына КСДП фракциясынан Бусурманкул Субаналиевдин, "Мекеним-Кыргызстандан" Рахматилла Асаналиевдин талапкерлиги көрсөтүлгөн. 21 депутат Асаналиевди колдоду. 31 мандаттуу Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 2016-жылдын ноябрь айында, 2017-жылдын май айында шайланган эки чакырылышынын депутаттары мэр шайлоодо бириге албай, эки жолу мөөнөтүнөн мурда таратылган. Читать дальше...

Иракта кыргызстандык аялдар кармалганы жөнүндө расмий билдирүү түшө элек

Azattyk.org 

Иракта кыргызстандык үч аял террорчулукка байланыштуу шектүү катары камакта отурганы тууралуу эч кандай расмий маалымат жок. Бул жөнүндө Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Мекеменин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" билдиргендей, Багдаддан эч кандай маалымат берилген эмес. Ошондой эле кыргызстандык жарандардан да бул маселе боюнча эч кандай кайрылуу болгон жок.  Кыргызстандын Кувейттеги элчилигинин Иракты да караган консулдук кеңсеси бар.  6-мартта президент Сооронбай Жээнбеков маалымат каражаттарынын... Читать дальше...

Милициянын атынан заты маанилүү

Azattyk.org 

Өкмөт башчы милицияны полиция кылып өзгөртүү демилгесин көтөрүүдө. Ага ылайык Ички иштер министрлигинде жумушчу топ түзүлүп, ишке киргени кабарланды.

Чикагодо кыргыз жараны адам уурдоого шектүү катары кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

АКШнын Чикаго шаарында 27 жаштагы кыргызстандык адам уурдоого шектүү катары кармалганын "Chikago Tribune" басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, ишемби күнү ал 24 жаштагы кызды бир сааттан ашуун машинесинде кармап отурган жана жыныстык катнашка мажбурлаган. Маалыматта кыз качып кеткени, бирок машинеде телефону калганы айтылат. Полиция телефондогу сигнал аркылуу шектүүнү колго түшүргөн. Тергөө маалыматына таянып жазылган кабарга караганда, кыз мас болгон.  Шектүүгө адам уурдоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү сыяктуу бир канча айып тагылууда. Читать дальше...

Чикагодо кыргыз жараны адам уурдоого шектелип кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

АКШнын Чикаго шаарында 27 жаштагы кыргызстандык адам уурдоого шектелип кармалганын Chikago Tribune басылмасы жазып чыкты. Маалыматка ылайык, ишемби күнү ал 24 жаштагы кызды бир сааттан ашуун машинесинде кармап отурган жана жыныстык катнашка мажбурлаган. Кыз качып кеткени, бирок машинеде телефону калганы айтылат. Полиция телефондогу сигнал аркылуу шектүүнү колго түшүргөн. Тергөө маалыматына таянып жазылган кабарда, кыз мас болгону айтылат.  Шектүүгө адам уурдоо, сексуалдык ыдык көрсөтүү сыяктуу бир канча айып тагылууда. Читать дальше...

Пирматов: Өзбекстандын аймагына өтүүчү каналдан суу келбей калды

Azattyk.org 

7-марттагы парламент жыйынында депутат Исках Пирматов Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы 1-май, Көк-Серек, Көк-Таш айыл өкмөттөрү сугат суусуз калганын айтып чыкты. Депутаттын айтымында, эки жумадан бери Орто-Токой суу сактагычынан Өзбекстандын аймагы аркылуу келүүчү Чуст каналында суу токтоп калды. - Совет мезгилинен бери Орто-Токой суу сактагычынан чыккан суу ошол үч ири айыл өкмөткө барып жүргөн. Бүгүн эч кандай себеби жок токтоп калды. Аны барып Өзбекстан тараптан сураган киши жок. Тышкы иштер министрлиги аркылуу чара көрүш керек. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *