Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 07.03.2018

"Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору кармалды

Azattyk.org 

"Электр станциялары" ишканасынын техникалык директору Алмаз Жусупбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалды. Атайын кызматтын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов 7-мартта билдиргендей, ал Бишкек Жылуулук электр борборун оңдоого бөлүнгөн акчанын уурдалышы боюнча шектелүүдө.  Өткөн аптада "Электр станциялары" ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев да камакка алынган. Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборундагы суу бөлүштүрүүчү жабдык иштен чыгып... Читать дальше...

Фарид Ниязов кызматтан кетти

Azattyk.org 

Президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул жарлыкка президенти Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 6-мартта маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушууда президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов боюнча комментарий берип, "Фарид Ниязов - мыкты мамлекетчил, мамлекеттик башкаруудагы мыкты менеджер. Ал тууралуу эч ким эч качан жаман нерсе жазган эмес. Фарид Абилезимовичтин чечимин сыйлайм. Бул анын укугу. Читать дальше...

Өгөй атасы зордуктаган секелек көз жарды

Azattyk.org 

Оштун Өзгөн районунда 11 жашынан бери өгөй атасы зордуктап жүргөн секелек көз жарды. Төрөттөн кийин гана өгөй атанын беш жылдан берки кылмышы белгилүү болду.

Таш боор милиционерлер жазалана баштады

Azattyk.org 

Жогорку сот Жалал-Абадда “кыйноо колдонду” деп айыпталган үч милиция кызматкерине карата чыккан сот өкүмүн күчүндө калтырды. Ушундай эле айып менен өткөн айда Бишкекте да беш милиционердин өкүмү өзгөрүүсүз калтырылган.

Иманалиев: жөлөкпул жөнүндө мыйзам долбоору чийки

Azattyk.org 

Бүгүн Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзам долбоору каралмак. Бирок айрым депутаттар мыйзам чийки жана коомдук талкуудан, комитеттерден өткөн эмес деп сындап чыгышты. Алардын бири Каныбек Иманалиев буларды айтты: - Биз бузук мыйзам менен Кыргызстанды оңдой албайбыз. Азыр депутаттар Сулайманов, Акаев, Бокоев ташка тамга баскандай мыйзам бузулганын айтып берди. Эң негизгиси конституциялык комитетте каралып, парламентте, коомдук талкуудан өтүш керек. Натыйжада мыйзам долбоору күн тартибине коюлган жок. Читать дальше...

Жапон өкмөтү Кыргызстанга 6,2 млн. доллар берет

Azattyk.org 

Бул каражат эне менен баланын саламаттыгын бекемдөө жана баңгизат сатууга каршы күрөш үчүн грант түрүндө берилмекчи. Мындай келишимге 6-мартта кыргыз өкмөт башчы Сапар Исаков, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамуро, ЮНИСЕФтин Балдар фондунун өкүлү Юкиэ Мокуо жана Улуттар Уюмунун Баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы күрөш башкармалыгынын аймактык өкүлү Ашита Миттал кол коюшту. - Жапония Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери ага жардам берип келатат. ЮНИСЕФ менен Улуттар Уюмунун буга чейинки... Читать дальше...

Жапон өкмөтү Кыргызстанга 6,2 млн доллар берет

Azattyk.org 

Бул каражат эне менен баланын саламаттыгын бекемдөө жана маңзат сатууга каршы күрөшүү үчүн грант түрүндө берилмекчи. Мындай келишимге 6-мартта кыргыз өкмөт башчы Сапар Исаков, Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамуро, ЮНИСЕФтин балдар фондунун өкүлү Юкиэ Мокуо жана Улуттар уюмунун маңзат жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын аймактык өкүлү Ашита Миттал кол коюшту. "Жапония Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери ага жардам колун сунуп келет. ЮНИСЕФ менен Улуттар уюмунун буга чейинки... Читать дальше...



Веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн 64 кыз-келин катталды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы быйыл жыл башынан бери Интернет аркылуу интим кызмат көрсөткөн 64 кыз-келинди каттоого алды. Шаар милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, алар веб-камера аркылуу кардарга жылаңач денесин көрсөтүп акча табышат. Милициянын маалыматында мындай иш менен алектенгендер тобокел топтордун катарына киргендиктен, каттоого алынышы зарыл экени айтылат. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде интимдик кызмат уюштургандарга каршы чаралар жазылган. Ал эми денеси аркылуу акча тапкандарга каршы мыйзам жок. Читать дальше...

Веб-камера аркылуу интимдик кызмат көрсөткөн 64 кыз-келин каттоого алынды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы быйыл жыл башынан бери интернет аркылуу интим кызмат көрсөткөн 64 кыз-келинди каттоого алды. Калаа милициясынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, алар веб камера аркылуу кардарга жылаңач денесин көрсөтүп акча табышат. Милициянын маалыматында мындай иш менен алектенгендер тобокел топтордун катарына киргендиктен, каттоого алынышы кажет деп айтылат. Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинде интим кызмат уюштургандарга каршы чаралар жазылган. Ал эми денеси аркылуу акча тапкандарга каршы мыйзам жок. Читать дальше...

ӨКМдин Чүйдөгү кызматкерлери да айлыкты көтөрүүнү талап кылышты

Azattyk.org 

Айлык акыны көтөрүү талабын бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облустук башкармалыгынын кызматкерлери да коюшту. Атын атагысы келбеген кызматкерлердин маалыматы боюнча, облустун бардык аймактарынан өкүлдөр министрликке келип, нааразылыгын билдиришти.  5-мартта эмгек акыны көтөрүү талабын Бишкек шаарындагы өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын кызматкерлери коюп, иш түйшүктүү экенине карабай, маяна аздыгына, зыяндуулук жана сыр сактоо үчүн кошумча берилчү акыларга да ээ болбой жатканына нааразы болушкан. Читать дальше...

Ташкенттен учкан "Өзбекстан аба жолдорунун" учагы кайра конду

Azattyk.org 

"Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясынын Ташкенттен Навоиге учкан "Боинг-757" учагы тиешелүү бийиктикке көтөрүлбөстөн кайра конууга мажбур болду. Бул тууралуу 6-мартта аталган каттамдын жүргүнчүлөрүнүн бири билдирди. Анын айтуусунда, кайра конууга Навои тараптан келүүчү жүктүн жок экени себеп болгон: - Аэропорттун диспетчери учак учуп кеткенден кийин тигил тараптан кайра ала келүүгө жүк жок экенин аныктаган. Мындан улам тиешелүү бийиктикке көтөрүлө элек учакты кайра кондурушту. Жүргүнчүлөрдү эч нерсе түшүндүрбөстөн учактан түшүрүштү. Читать дальше...

Астана экстремизмге каршы күрөшүүгө 270 миллиард теңге бөлөт

Azattyk.org 

Казакстан бийлиги экстремизм жана терроризмге каршы күрөш үчүн беш жылдын ичинде 270 миллиарддан ашык (840 миллион доллар) теңге бөлүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу 6-мартта Улуттук коопсуздук кызматынын төрага орун басары Нургали Билисбеков өкмөт жыйынында диний экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү чаралары тууралуу 2018-2022-жылдар үчүн даярдалган мамлекеттик программанын долбоорун тааныштырып жатып билдирди. Анын айтымында, программада жалпысынан 80 иш-чараны аткаруу каралган. Аларды... Читать дальше...

Путин: Орусияда чет элдик чалгын кызматтарынын 400 тыңчысы аныкталды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 6-февралда ФСБнын жылдык коллегиясында сөз сүйлөп, мекемеден чет өлкөлүк чалгын кызматтарынын саясий, коргонуу жана экономикалык мүнөздөгү маалыматтарды алуу аракеттерин жокко чыгарууну талап кылды. Мамлекет башчы акыркы жылдары чет өлкөлүк тыңчылардын активдүүлүгү өсүп жатканын белгиледи. Президенттин айтымында, учурда Орусия агенттик жана техникалык чалгындын заманбап ыкмаларын пайдаланууда. Путин өткөн жылы эле Орусияда иштеп жүргөн чет элдик чалгын кызматтарынын... Читать дальше...

Молдо Нияздын бала окуткан үжүрөсү музейге айланат

Azattyk.org 

Бир убакта Молдо Нияз балдарды үжүрө шартында окуткан үңкүрдү Кызыл-Булак айылындагы жазмакердин атын алып жүргөн орто мектептин окуучулары тазалашты. Аталган мектептин мугалими Гүлола Нажиеванын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, учурда үңкүрдүн ичи толук тазаланып, ага баруучу жол ачылды. Үңкүрдүн ичине мурунку убагындагыдай очок орнотуп, эшик-дубал коюп, музейге айландыруу аракети көрүлүүдө.  Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын бири, ойчул, жазма акын Молдо Нияз мектеп катары колдонуп, жергиликтүү... Читать дальше...

Бишкектеги коопсуздук маселеси талкууланат

Azattyk.org 

Талкууну "Реформа жана натыйжа үчүн" деп аталган жарандык бирикме уюштурууда. Аталган бирикменин өкүлү Айсулуу Аман кызынын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, тегерек үстөлдө Бишкек шаарынын жашоочулары тарабынан кооптуу деп эсептелген маселелер, аларды чечүүнүн жолдору жөнүндө сөз болот: - Биздин биримдик өткөн жылы шаардыктардын арасында сурамжылоо жүргүзүп, шаардагы кооптуу маселелерди аныктаган. Тургундардын көпчүлүгү уурулуктун күч алышына, кылмыштуулуктун өсүшүнө, өспүрүм балдардын тескери жолго түшкөнү көбөйүп жатканына... Читать дальше...

Чаткалда "компания өкүлдөрү сабады" деген аял милицияга доомат койду

Azattyk.org 

Райондун Чакмак-Суу айылынын тургуну Умугүлсүн Мансурбекова аймакта кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү аны жумушунан негизсиз бошотуп, ур-тепкиге алганын айтып милицияга кайрылган. Ал "райондук ички иштер бөлүмү окуяны териштирбей жаап салды" деп доомат койду. Анын айтымында, былтыр жаз айларында кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Кичи-Чаарат” компаниясына караштуу аткаруучу фирманын жетекчиси аны жумуштан кетирип, ур-тепкиге алган. Бул туурасында ал Чаткал райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып... Читать дальше...

Чаткалда компания өкүлдөрү сабады деген аял милицияга доомат койду

Azattyk.org 

Райондун Чакмак-Суу айылынын тургуну Умугүлсүн Мансурбекова аймакта кен иштеткен компаниянын өкүлдөрү жумушунан негизсиз бошотуп, аны ур-тепкиге алды деп милицияга кайрылган. Бирок райондук ички иштер бөлүмү окуяны териштирбей жаап салды деп доомат койду. Анын айтымында, былтыр жаз айларында кен казуу иштерин жүргүзүп жаткан “Кичи-Чаарат” компаниясынын алдындагы аткаруучу фирманын жетекчиси аны жумуштан кетирип, ур-тепкиге алган. Бул багытта ал Чаткал раондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылып... Читать дальше...

Түндүк Корея АКШ менен "ачык сүйлөшүүгө барууга даяр"

Azattyk.org 

Расмий Сеул Пхеньян эгер АКШ менен Корей жарым аралын өзөктүк куралдан тазалоо боюнча сүйлөшүүлөр уюштурула турган болсо, өзөктүк курал жана ракеталарды сыноону токтотууга макул болгонун да маалымдоодо. Ак үй азырынча бул билдирүүлөр боюнча расмий пикирин билдире элек деп жазды "Америка авазы".  Түштүк Корея президентинин кеңешчиси Чон Ый Ён шейшембиде маалымдагандай, Түндүк Корея АКШ менен денуклеаризация жана Пхеньян менен Вашингтондун мамилесин калыптандыруу маселелери боюнча "ачык" сүйлөшүүгө барууга даяр экенин билдирген. Читать дальше...

Казакстанда абакта жаткан депутат медициналык бөлүккө которулду

Azattyk.org 

Бул тууралуу Казакстандын акыйкатчысы Аскар Шакиров Кыргызстандын омбудсмени Кубат Оторбаевдин катына жазган жообунда билдиргенин аталган мекеменин басма сөз катчысы Элмира Мадиева "Азаттык" радиосуна маалымдады: - Казакстандын акыйкатчысы жиберген маалымат боюнча, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу саламаттыгына байланыштуу тергөө абагынын медициналык бөлүгүнө которулган. Ал эми дагы эки жараныбыз Чыңгыз Абакиров менен Уланбек Мурадиловдун абалдары жакшы деп айтылган.  Акыйкатчы... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *