Түркмөнстан: шайлоочулардын 90% көбү добуш берди
Өлкөнүн бийлиги жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо жарандардын 91,7% добуш берүүгө катышканын жарыялады. «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашгабаддагы өз булактарына таянып, шайлоо күнү элдин жигердүүлүгү анча сезилбегенин, 10-15 мүнөттө бирден киши добуш берип жатканын көрүшкөнүн жазды. Мыйзам чыгаруучу эң жогорку орган Межлисте 125 орун бар. Ага үч партия - Демократиялык, Агрардык жана Ишкерлер менен өндүрүшчүлөрдүн партиялары катышты. Алардан жалпы 168 талапкер чыкса, жарандар тобу 116 талапкер көрсөткөн. Читать дальше...