Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 26.03.2018

Миллиондорду мойсогон "караандар"

Azattyk.org 

Салык жашырууга жана жасалма кошумча нарк салыгын кайтарып берүүгө байланышкан ири коррупциялык байланыштардын бети ачылганы жарыяланды.

Кемереводо өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар бары-жоктугу такталууда

Azattyk.org 

Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда 25-мартта чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын бары-жогун Новосибирск шаарындагы вице-консулдук тактап жатат. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" билдирди.  Расмий маалымат боюнча Орусияда 640 миң кыргызстандык жаран иштейт. 25-мартта оюн-зоок, соода борборунда тутанган өрт 1,5 миң чарчы метрди каптаган. Акыркы маалымат боюнча, өрттөн набыт болгондордун саны 37 адам. Ал эми 69 адам жабыркаганы, анын ичинде 40 бала... Читать дальше...

Кемереводо өрттөн жабыркаган кыргызстандыктар бар-жогу такталууда

Azattyk.org 

Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда 25-мартта чыккан өрттөн жабыркаган кыргызстандыктардын бар-жогун Новосибирск шаарындагы вице-консулдук тактап жатат. Бул тууралуу ТИМдин өкүлү Айымкан Кулукеева "Азаттыкка" билдирди.  Расмий маалымат боюнча Орусияда 640 миң кыргызстандык жаран иштейт. 25-мартта оюн-зоок, соода борборунда тутанган өрт 1,5 миң чарчы метрди каптаган. Акыркы маалымат боюнча, өрттөн набыт болгондордун саны 37 адам. Ал эми 69 адам жабыркаганы, анын ичинде 40 бала бар экени айтылууда. Читать дальше...

Түркмөнстанда шайлоо тууралуу репортаждар ага эки жума калганда даярдалган

Azattyk.org 

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалдары өлкөдөгү парламенттик шайлоо тууралуу репортаждарды добуш берүүгө эки жума калганда  даярдай баштаган. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашогуздагы өз булактары кабарлашты. Маалыматка караганда, кийин алар "шайлоо күнү тартылган" деп көрсөтүлмөк. 25-мартта Түркмөнстанда улуттук парламенттин, ошондой эле шаардык жана облустук кеңештердин депутаттары шайланды. «Бюджетте иштегендерди чогултуп, шайлоо тилкелеринен репортаждарды тартышты. Шайлоо... Читать дальше...

Түркмөнстанда шайлоо тууралуу репортаждар добуш берүүгө эки апта калганда даярдалган

Azattyk.org 

Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалдары өлкөдөгү парламенттик шайлоо тууралуу репортаждарды добуш берүүгө эки апта калганда  даярдай баштаган. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын Дашогуздагы өз булактары кабарлашты. Маалыматка караганда, кийин алар шайлоо күнү тартылган деп көрсөтүлмөк. 25-мартта Түркмөнстанда улуттук парламенттин, ошондой эле шаардык жана облустук кеңештердин депутаттары шайланды. «Бюджетте иштегендерди чогултушуп, шайлоо тилкелеринен репортаждарды тартышты. Шайлоо... Читать дальше...

Тажик жарандары Өзбекстанга ички паспорт менен кире албай жатышат

Azattyk.org 

Тажикстандын чек арага жакын аймактарынын айрым жашоочулары Өзбекстанга ички паспорттор менен кире албай жатышат. Мурдараак эки өлкөнүн бийлик өкүлдөрү чек арадагы райондордун тургундарына ички паспорт менен беш күндүк мөөнөткө коңшу өлкөнүн аймагына кирүүгө уруксат беришкен. Өзбекстан менен чектеш Турсунзаде районунун жашоочусу Азим Муродовдун айтымында, буга чейин ал чек арадан ички паспорт менен эле өтүп келген болсо, 25-марттан бери чек арачылар аларды өткөрбөй калышкан.  Ушундай эле мүшкүлгө... Читать дальше...

Тажик жарандары Өзбекстанга ички паспорт менен кире албай жатат

Azattyk.org 

Тажикстандын чек арага жакын аймактарынын айрым жашоочулары Өзбекстанга ички паспорттор менен кире албай жатат. Мурдараак эки өлкөнүн бийликтери чек аралаш райондордун тургундарына ички паспорт менен беш күндүк мөөнөткө коңшу өлкөнүн аймагына кирүүгө уруксат берген. Өзбекстан менен чектеш Турсунзаде районунун жашоочусу Азим Муродовдун айтымында, буга чейин чек арадан ички паспорт менен эле өтүп келген болсо, 25-марттан тарта чек арачылар аларды өткөрбөй калышкан.  Ушундай эле көйгөйгө Согди облусундагы... Читать дальше...



Соцфонд баштаган мекеме жетекчиликтерин жоопко тартуу сунушталды

Azattyk.org 

Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча зарыл чаралардын жоктугунан улам, Социалдык өнүктүрүү, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим министрлигинин, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерин жоопко тартууну өкмөткө сунуш кылды.  Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашкандай, Соцфонддун жетекчилиги бул органдардын ишин ойдогудай координациялап, аларды коррупцияга каршы багытталган чараларды турмушка ашырууга багыттай алган эмес. Читать дальше...

Токмоктун мэри бекитилди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-мартта болуп өткөн мэр шайлоонун жыйынтыгы жана натыйжасы тууралуу протоколдорду бекитти. Ага ылайык, Токмок шаарына Данияр Амангелдиев мэр болуп расмий бекитилди. Эми ага тиешелүү күбөлүктү Токмок аймактык шайлоо комиссиясы тапшырат. Токмок калаа башчылыгына үч талапкер катышкан. Алардын бири, Финансы министрлигинин кызматкери Данияр Амангелдиев Токмок шаар кеңешиндеги 18 депутаттын добушун алган.  Буга чейинки мэр Жыргалбек Шамыралиев ишиндеги кемчиликтери үчүн кызматынан кеткен. Читать дальше...

Кургак учукту дарылоого арналган жыйын болот

Azattyk.org 

26-мартта Бишкекте боло турган жыйын "Кургак учук менин жашоомду кантип өзгөрттү?" деп аталат. Ага кыргыз өкмөтүнөн, Жогорку Кеңештен, эл аралык уюмдардан жана жарандык коомчулуктан өкүлдөр катышат. Жыйында Кыргызстандагы кургак учукка каршы күрөштүн абалы, коркунучтуу илдеттин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана башка маселелер тууралуу сөз болот. Иш-чара кургак учукка каршы күрөшүүгө арналган бир айлык акциянын алкагында өтүп жатат.  Былтыркы жылдын алгачкы алты айында Кыргызстанда кургак учукту жуктуруп алгандар азайганы белгилүү болгон. Читать дальше...

Ооганстандын батышында мечиттеги жардыруудан бир киши набыт болду

Azattyk.org 

Герат шаарындагы шииттердин мечитине жанкечтинин кол салуусунан бир киши өлүп, дагы сегиз адам жараат алды. Бул тууралуу ооган полициясы билдирди. Жардырууну "ИМ" тобу өзүнө алды. Экстремисттик топ мурдараак Кабулдагы шииттердин мечитине болгон кол салууну да жасаганын билдирген, анда отуз чакты киши набыт болгон. Полиция башчысынын орун басары Аминулла Аминдин сөзү боюнча, жанкечти мечитке кирүүгө аракет кылган жеринен, кароолчулар токтотуп калган. "Эки жанкечти мечитке келген кезде биздин шиит бир туугандарыбыз намаз окуп жатышкан. Читать дальше...

"Азаттыктын" орус кызматынын ардагери Руслан Гелисханов дүйнө салды

Azattyk.org 

Ал "Эркин Европа/Азаттык" радиосунда 1974-жылдан бери, алгач Мүнхенде, андан кийин Прагада иштеген. Көп жылдар бою орус кызматынын башкы продюсери болуп, 2012-жылы кызмат жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.  Руслан Гелисханов 1947-жылы Мүнхенде төрөлгөн.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *