Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 29.03.2018

Өзбекстанда биринчи жолу Куран китеби өзбекче басылып чыкты

Azattyk.org 

Өзбекстанда биринчи жолу Куран китеби өзбек тилинде жарык көрдү. 28-мартта сатыкка чыккан китепти алууну каалагандар көп болгондуктан, дүкөн алдында узун кезектер пайда болду. Байкоочулардын айтымында, китеп үчүн мындай кезекке туруу эгемен Өзбекстандын тарыхында болгон эмес. «Хилол» басмаканасында чыккан Куран алып сатарлардын колуна өтүп кетпеши үчүн бир кишиге бирден эле китеп берилээри эскертилди. Китеп 31 миң сум же 270 сом турат. Буга чейин Ташкентте араб мамлекеттеринде чыгарылган Куран китептер кеңири жайылып келген. Читать дальше...

Орусия Британиядан Юлия Скрипал боюнча документтерди сурады

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитети Британиянын тиешелүү мекемелерине кайрылып, мурдагы орус чалгынчысы Сергей Скрипалдын кызы, Орусиянын жараны Юлиянын ууландырылышы боюнча кылмыш ишине укуктук жардам көрсөтүүнү сурады. Бул тууралуу комитеттин өкүлү Светлана Петренко билдирди. Анын айтымында Орусия тергөө ишине караштуу документтердин – окуя болгон жерди текшерүүнүн протоколун, Юлиянын медициналык жана башка экспертизаларынын көчүрмөсүн талап кылды. Британияда болгон бул окуя боюнча Орусияда "Киши өлтүрүү... Читать дальше...

Москвада колунан ажыраган кыздын ыйы

Azattyk.org 

Москвада кыргызстандык Наргиза Турсунбек кызы иш учурунда кырсыкка учурап, сол билегинен ажырап калган. Үч айдан бери ооруканада жаткан мигрант жумуш берүүчүдөн тиешелүү төлөмдөрдү алууга укуктук жардам сурап келет.

Турдукулов: Темирлан Ормуков реанимацияда

Azattyk.org 

Милиция бөлүмүндө ичин устара менен тилип салган активист Темирлан Ормуков Улуттук кардиология борборунда реанимацияда жатат. Бул тууралуу аны коштоп барган жарандык активист Адил Турдукулов кабарлады. Аталган борбордон жана Саламаттык сактоо министрлигинен бул маалыматты бышыктоого азырынча мүмкүн болгон жок.  29-мартта Бишкек шаардык милициясына чакырылган көзү азиз Темирлан Ормуков өзүнө карата куугунтуктоого каршылык билдириш үчүн ичин тилип салган. Милиция бөлүмүнө "Тез жардам" кызматы келип, аны ооруканага алып кеткен. Читать дальше...

"Ядрово" таштанды талаасынан кайра зыяндуу газ абага тарады

Azattyk.org 

Москванын четиндеги “Ядрово” таштанды талаасында кайрадан кооптуу газ абага тарап кетти. Күкүрттүү суутектин деңгээли ченемден 12 эсе ашканын Волоколамск районунун убактылуу жетекчиси Андрей Вихарев билдирди. Анын айтымында, акыр-чикирди кайра иштетүү системасы киргизилмейинче газ абага бөлүнүп чыга берет. Ал система болсо 15-июндан тартып ишке кирери пландалууда. Волоколамсктагы таштанды полигонуна жакын жердеги райондо өзгөчө кырдаал жарыяланган. Буга чейин Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев аны жабууга убада берген. Читать дальше...

Эквадор Ассанждын Интернетин өчүрөт

Azattyk.org 

Кито шаарынын бийлиги чуулгандуу "Викиликс" сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын Интернети өчүрүлөөрүн билдирди. Эквадордун Лондондогу элчилигинде баш калкалап жүргөн Ассанж социалдык тармактарда Каталониянын мурдагы президенти Карлес Пучдемондун Германияда кармалышын жана Батыштын орусиялык дипломаттарды чыгарышын сындаган. Эквадордун президенти Ленин Морено Ассанжды "хакер" деп атап, саясаттан оолак турууга кеңеш берген. "Викиликс" буга чейин 2016-жылы АКШнын президенттигине талапкер Хиллари... Читать дальше...

Жалал-Абадда мыйзамсыз курал алып жүргөн беш адам кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мыйзамсыз курал алып жүргөн беш кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады. Беш-Таш участкасында кармалган адамдардын жанынан 12 мм калибрлүү бир, 12 калибрлүү беш жолу октолуучу “SARSILMAZ” үлгүсүндөгү бир жана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир мылтык алынган. Ошондой эле кыркка жакын ок табылган. Алардын курал-жарактарында эч кандай уруксат кагаздары жок болуп чыккан. Кармалгандар балык уулоого жана аңчылыкка чыкканын айтышкан. Читать дальше...

Жалал-Абадда мыйзамсыз курал алып жүргөн беш киши кармалды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мыйзамсыз курал алып жүргөн беш кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады. Беш-Таш участкогунда кармалган адамдардын жанынан 12 мм калибрлүү бир, 12 калибрлүү беш жолу октолуучу “SARSILMAZ” үлгүсүндөгү бир жана ТОЗ-8 үлгүсүндөгү бир мылтык алынган. Ошондой эле кыркка жакын ок табылган. Алардын курал-жарактарында эч кандай уруксат кагаздары жок болуп чыккан.Кармалгандар балык уулоого жана аңчылыкка чыкканын айтышкан. Читать дальше...



Караңгыдан жол тапкан Назгүл

Azattyk.org 

Бишкек тургуну Назгүл Ражапаева 28 жашта. Мындан беш жыл мурда туура эмес жасалган операциянын айынан эки көзү тең көрбөй калган. Операцияга анын бөйрөк оорусу себеп болгон. Назгүл учурда эки күндүн биринде гемодиализ аппараты аркылуу канын тазалатып турат. Ушул кыйынчылыктарга карабай ал “БТА банкта” иштейт. Тапкан акчасы менен майып энесин жана карындашын багат. (Тасма орус тилинде тартылган)

Алайкуудагы калың кар тууралуу ӨКМге билдирүү түшө элек

Azattyk.org 

Алыскы Алайкуу аймагында калың кар жаап, эл кыйналып жатканы тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигине билдирүү түшө элек. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Авазбек Айтиев "Азаттыкка" билдирди. Оштун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу аймагына калың кар жаап, элди түйшүккө салганын, жолдор жабылып, жарык өчкөнүн жергиликтүү тургун Бакыт Бердалиев "Азаттыкка" кабарлаган. Анын айтымында, 28-мартта жаай баштаган кардын калыңдыгы 35 см жеткен.  Жагдайды билиш үчүн райондун акимине байланышууга мүмкүн болгон жок. Читать дальше...

Майлуу-Сууда суу кирип жаңы салынган жолго коркунуч жаралды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунда Майлуу-Суу дарыясынын деңгээли көтөрүлүп жаңы салынган ички чарбалык жолго корунуч жаратууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Суунун көбөйүшүнө 26-марттан тарта үч күн жааган нөшөр себеп болду.  Сары-Бээ аймактык башкармалыгына суу көбөйүп, элди таза суу менен камсыздаган түтүккө да зыян тийгизүү коркунучунда турат.  Нөшөрдөн улам Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын аймактарында суу ташкыны жаралышы ыктымалдыгын эскертилүүдө. Читать дальше...

Бишкекти таштандыдан муниципалдык полицияга гана сактай алат

Пресс.kg 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев: «Өкмөт тазалыкты көзөмөлдөй турган мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен муниципалдык полиция түзүүсү керек», — деген пикирин билдирди. Анын айтымында, аткаминерлер тазалыкка байланыштуу ишембиликтерди, акциялар өткөрүлүп жатса дагы Кыргызстан таштандыга батып бара жатат. Ишембиликтер формалдуу түрдө гана отчёттуулук үчүн уюштурулат. Тазалыкты сактоо үчүн таасирдүү механизм – бул муниципалдык полиция түзүү. Депутат аталган […]

Аба ырайы: 30-мартта күн жылыйт

Azattyk.org 

Марттын этегине чейин Кыргызстандагы тоолуу жолдорго кар көчкү түшүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. 30-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Тоолуу жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 5-10 метрге жетет.  Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27, Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 22...27, Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 22...27... Читать дальше...

Орусия Вашингтонду "спортчуларга виза бербей жатат" деп айыптады

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтонду "орусиялык балбандарды мелдешке катыштырбай коюуга аракет кылып жатат" деп айыптады. 28-марттагы билдирүүдө АКШнын Москвадагы элчилиги Күрөш боюнча дүйнө кубогунун алдында Орусиянын командасын виза берүү үчүн интервьюдан өткөрбөй койгону айтылат. Турнир 5-9-апрель күндөрү Айова штатында өткмөкчү. Тышкы саясий мекеменин басма сөз катчысы Мария Захарова виза берүүдөн баш тартуу Орусияга каршы “ачык жана түздөн-түз дискриминацияны” көргөзөөрүн айтты. Анын маалыматы боюнча... Читать дальше...

Милиция: Ормуков ичин тилип жиберди

Azattyk.org 

Көзү азиз активист Темирлан Ормуков Бишкек шаардык милиция бөлүмүнө келген учурда өзүнүн ичин тилип жиберген. Учурда ал ооруканага жеткирилди. Активист ага чейин өзүнө козголгон кылмыш ишин басым, бийликтин куугунтугу катары сыпаттап жүргөн.

Дин: бүгүнкү медресе жана эртеңки коом

Azattyk.org 

Кыргызстанда 23 медресеге окуу шарттары талапка жооп бербегени үчүн эскертүү берилди. Дин комиссиясы шарттар оңдолбосо алардын ишмердүүлүгү таптакыр токтотуларын айтууда. Мурдараак ушундай жүйө менен он чакты медресе толук жабылган. Диний билим берүүчү жайлардын баарына лицензия берүү маселеси да күн тартибинде турат.

Милиция Ормуков ичин устара менен кескенин ырастады

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын жетекчисинин орун басары Сапарбек Аманкулов активист Темирлан Ормуковду ооруканага алып кеткенден кийин, милиция бөлүмүнүн алдында журналисттерге түшүндүрмө берди. - Ормуковдун үстүнөн жалган көрсөтмө берүү фактысы менен биз тараптан кылмыш иши козголуп, сотко жөнөтүлгөн. Соттук отурумдарга келбей койгону үчүн биз аны тергөөгө чакырганбыз. Ошонун негизинде азыр келип, сүйлөшүп жаткан учурда "ажатканага барып келейин" деп, ошол жерде өзүнүн... Читать дальше...

Малала Юсуфзай Пакистанга барды

Azattyk.org 

Нобел тынчтык сыйлыгынын эң жаш лауреаты Малала Юсуфзай алты жыл мурда болгон талиптердин кол салуусунан кийин алгачкы жолу мекенине кайтып барды. Кыздардын мектепте билим алуусу үчүн күрөшкөн активист Пакистанда төрт күн болуп, премьер-министр Шахид Хакан Аббаси менен жолугушары күтүлүп жатат. Аны 2012-жылдын декабрь айында Сват өрөөнүндө мектепке бараткан автобуста отурган жеринен талиптер башка атып кеткен. Куралчан эки адам автобусту токтотуп, алардын бирөө Малаланы көздөй жакын аралыктан ок аткан. Читать дальше...

Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон экинчи кылмыш иши боюнча үн катты

Azattyk.org 

"Республика - Ата-Журт" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон экинчи кылмыш иши боюнча билдирүү таратып, коюлган айыптар “ойдон чыгарылганын” айтты. Тараткан билдирүүсүндө ал эч качан бийликти басып алууну көздөбөгөнү айтылат. “Менин, менин партиялаштарым же тарапташтарымдын бийликти басып алуу же мыйзамсыз иштерди жасоого эч качан ниеттери болгон эмес, болбойт дагы! Шайлоо кампаниясын мен таза өткөрдүм, менин ак ниетимди бардык жарандар көрдү. Бийликти басып алуу такыр маанисиз! Элим өзү күбө болгондой... Читать дальше...

Жамгырдан улам Ошто үйлөрдү суу каптады

Azattyk.org 

Ош шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Айтиев көчөсүндөгү №3, Зайнабединова көчөсүндөгү №17, Курманжан Датка көчөсүндөгү №244 көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериштерин жана 8 турак үйдүн короолорун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Баштапкы маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок. Жеринде кырдаалды жөнгө салыш үчүн ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан ыкчам топ, Ош шаардык куткаруу кызматынан 15 куткаруучу тартылып, мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп, тазалап беришти. Читать дальше...

Эки Кореянын президенттери 27-апрелде жолугушат

Azattyk.org 

Эки Кореянын президенттери 27-апрелде чек ара аймагындагы айылда жолугушат. Мындай кабарды Түштүк Кореянын "Yonhap" маалымат агенттиги жергиликтүү расмий адамдарга шилтеме берүү менен таратты. Бул – 1950-53-жылдардагы согуштан кийинки үчүнчү, жогорку деңгээлдеги кездешүү болмокчу. Саммит Пхеньяндын өзөктүк программасынан улам пайда болгон тирешүүнү жөнгө салуудагы олуттуу дипломатиялык кадам катары каралууда. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен Түштүк Кореянын президенти Мун Чже Индин жолугушуусу... Читать дальше...

Активист Темирлан Ормуков милиция бөлүмүндө ичин тилип жиберди

Azattyk.org 

"Сөз эркиндигин коргоо комитетинин" төрагасы Адил Турдукулов активист Темирлан Ормуков Бишкек шаардык милиция башкармалыгында кармалып турган жеринин өзүнүн ичин тилип жибергенин билдирди. Ормуков өзү да "Азаттыкка" телефондон бул боюнча кыскача маалымат берип, аны куугунтуктоого каршылык билдириш үчүн ичине бычак сайып алганын айтты.  Турдукулов "Фейсбук" баракчасында түз көрсөтүп жаткан видеодо милиция бөлүмүнө "Тез жардам" кызматынын автоунаасы келгени, Ормуковду ооруканага алып кетип жатканы көрүнүп турат. Читать дальше...

Скрипаль кызы экөө аман калаарына үмүт аз

Azattyk.org 

Сергей Скрипаль менен кызы Юлия жакшы болуп жашап кетиши өтө күмөн. Бул тууралуу орусиялык мурдагы тыңчынын карындашы Би-Би-Сиге билдирди. Виктория Скрипалдын айтымында, алар тирүү калат деген божомол 1 пайызды гана түзөт, комадан чыкса да өмүрүнүн аягына чейин майып болуп калышат. "Улгайган энесине ууландыруу окуясы жөнүндө айтылган эмес", - деди Виктория. Мурдагы тыңчыга кол салууну териштирген полиция кечээ жаңы маалымат таратты. Ага ылайык, Скрипалдар нерв системасын шал кылуучу затка адегенде үйүндө кабылган. Читать дальше...

"Коррупция менен күрөш ачык болушу керек"

Azattyk.org 

Бийликтин коррупцияга каршы күрөшү, анын натыйжасы тууралуу "Коррупцияга каршы күрөш боюнча ишкерлер кеңешинин" төрайымы Нурипа Муканова “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Ферганада кыргыз-өзбек өкмөт башчылары катышкан жыйын өтүп жатат

Azattyk.org 

Фергана шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилери эки өлкөнүн премьер-министрлери баштаган жыйынга чогулду. 29-марттагы бир күндүк жолугушууда ар тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселеси каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Былтыр сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келгенде өкмөт аралык өз ара ымала жөнүндө меморандум кабыл алынган. Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн чектеш облустардын бийлик өкүлдөрүнүн кеңешин түзүү маселеси каралган. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *