Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 29.03.2018

Алайкуулуктар калың кар түйшүккө салганын кабарлашты

Azattyk.org 

Оштун Кара-Кулжа районундагы Алайкуу аймагына калың кар жаап, эл кыйналып жатканын жергиликтүү тургун Бакыт Бердалиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, 28-мартта жаай баштаган кардын калыңдыгы 35 см жеткен. Жарык өчүп, электр зымдары үзүлгөн. Жол жабылган.  Жагдайды билиш үчүн райондун акимине байланышууга мүмкүн болгон жок. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы аймактагы абалдын чоо-жайы жакын арада такталаарын билдирди.  Алайкуу аймагы - Кыргызстанда калың кар түшкөн жерлердин бири. Читать дальше...

Кылмышка шектелген өспүрүмдөр үчүн психологдор жетишсиз

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту, эл аралык уюмдардын колдоосу менен “Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укугун коргоо” жана “Мыйзам бузган балдардын укугу” темасында эки отчет даярдады. Ага ылайык кылмыш жообуна тартылган балдардын 30 пайыздан ашууну ата-энеси миграцияда жүргөндөр экени аныкталды. Ал эми жетим балдар үйүндө жашаган 11 миң 422 баланын беш пайызы гана тоголок жетим болуп чыккан. Ички иштер министрлигинин коомдук тартипти көзөмөлдөө бөлүмүнүн өкүлү Рашид Карабаев “Азаттык” радиосуна... Читать дальше...

Былтыр 1400гө жакын кыргызстандык жигит чет элдик кыздарга үйлөнгөн

Azattyk.org 

2017-жылы 1394 кыргызстандык жигит чет элдик кызга үйлөнүп, Кыргызстанда никесин каттаткан. Ошол эле кезде 1141 кыргызстандык кыз чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыккан. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна кабарлады. - Биздин анализге ылайык, кыргызстандык кыз-жигиттер 54 мамлекеттин жарандары менен никеге турган. Буга коңшу мамлекеттерден тартып, Жапония, Филиппин, Йордания, Сингапур, Греция, Марокко, Мексика, Хорватия, Латвия, Шри-Ланка... Читать дальше...

Оштун тургуну кытай жарандары сабаганын айтып чыкты

Azattyk.org 

Ош шаарынын тургуну Гүлзат Шамурзаева өзү иштеген заводдун ээлери, Кытай Эл Республикасынын жарандары аны сабап салганы тууралуу даттанып милицияга арыз жазды. Бул тууралуу Шамурзаеванын адвокаты Айсалкын Карабаева “Азаттык” радиосуна билдирди: - Гүлзат Шамурзаева кытай инвесторлору ачып, иштетип жаткан Оштогу тапичке чыгарган заводдо иштейт. Аны кытай жарандары “жакшы иштебей жатасың, товарды тез-тез жасабай жатасың” деп темирби же каучукбу, тапичке чыгарган калып, трафарет менен башына чааптыр. Читать дальше...

Тазабек Икрамов парламентке KG номурду кайтарууну сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентке KG сериясындагы автоунаа номурларын кайтарууну сунуштады. Муну ал эл өкүлдөрүн жер-жерлерде адамдар таанып-билиши жана башка түрдүү тоскоолдуктарга кабылбоо үчүн зарыл деп түшүндүрдү: - Машине жана башкалардын баары кетти, мейли. Бирок KG номурду кайтаруу керек болуп жатат. Эл өзү шайлаган депутаты келдиби же жокпу, билиши керек. Номурду кайтарып берсе жакшы болот эле. Аны депутат өзүнүн машинесине тагып алабы же таксиге чыкса, таксиге кадайбы, өз иши. Читать дальше...

Жээнбеков менен Атамбаевдин жолугушуусунун чоо-жайы айтыла элек

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-мартта мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жээнбековдун басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева "Азаттык" радиосуна билдирди. Стамалиева жолугушуунун чоо-жайын толук айтпады, бирок буга чейин да экөө кезигишкенин кошумчалады.  Бийликтеги Кыргызстан социал-демократтар партиясынын (КСДП) курултайы быйыл 31-мартка белгиленген. Анда партиянын төрагасы бекитилмекчи. Ошондой эле Атамбаевдин кийинки саясий кадамдары аныкталары тууралуу сөздөр айтылып келет. Читать дальше...

Лондон-Москва тиреши: эски жара козголду

Azattyk.org 

Британия менен Орусиянын тиреши күчөп, айыптоолор жаңыланууда. Орус дипломаттарын аймагынан чыгарууну чечкен өлкөлөрдүн катары калыңдап баратат. Орус тышкы иштер министрлиги айыпты Лондонго оодарып, мурда Британияда өлгөн жарандарын эске салды.

Өрт коркунучу: сактансаң сактайм...

Azattyk.org 

Алтымыштан ашык адамдын өмүрүн алган Кемероводогу өрт кыргызстандыктарды да тынчсыздандырды. Кыргызстандын базарларында, соода борборлорунда, балдар көп каттаган коомдук жайларда коопсуздук сакталганбы? “Азаттыктын” кабарчылары ушул маселеге кайрылышты.



"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директорун иштен алуу маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын директору Алмазбек Ногойбаевди убактылуу кызматтан четтетүү боюнча өкмөткө сунуш берилет. Буга аталган ишканадагы мыйзам бузуулар жана Ногойбаевдин кызмат абалынан кыянат пайдаланганы тууралуу маалыматтар себеп болууда. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев 29-мартта парламент жыйынында ушул маселени көтөрдү. Эл өкүлү өткөн жумада да "Кыргыз темир жолу” ишканасы Казакстандан 150 вагон сатып алыш үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан 8 млн. 380 миң доллар насыя алганы... Читать дальше...

Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди

Azattyk.org 

Cуу ташкындоо коркунучунан улам Жалал-Абаддын Базар-Коргон районундагы Сейдикум айыл аймагына өзгөчө кырдаал киргизилди.  28-март күнү Кара-Үңкүр дарыясы кирип, суу нугунан ашып кеткенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  Аймактагы Кызыл-Ай айылынын МТФ участкасында “Алтын-Була” пахта тазалоочу заводунун аймагын жана 100гө жакын турак-жайларды суу каптап кетүү коркунучу жаралган. Министрликтин адистери техникалар менен жана жергиликтүү 30 тургун дарыянын жээгин бекемдеп жатышат. Читать дальше...

Кызыл-Кыяда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Azattyk.org 

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Ага ылайык ИИМдин атайын тизмесинде турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: “Асан” деген каймана аттуу 25 жаштагы Ж.Ү жана Баткен шаарынын тургуну 23 жаштагы Ш.Э. Кызыл-Кыя шаарынын аймагынан кармалды. “Асандын” Ноокат районунун Салиева айылындагы жашаган үйүнөн аз өлчөмдө маңзат, аны колдонуу үчүн түтүкчөлөр жана атайын кесилип жасалган, ок атууга жарактуу ТОЗ-16 мылтыгы беш даана огу менен табылган.  ... Читать дальше...

Кадамжайда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Azattyk.org 

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Ага ылайык ИИМдин атайын тизмесинде турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү: “Асан” деген каймана аттуу 25 жаштагы Ж.Ү жана Баткен шаарынын тургуну 23 жаштагы Ш.Э. Кызыл-Кыя шаарынын аймагынан кармалды. “Асандын” Ноокат районунун Салиева айылындагы жашаган үйүнөн аз өлчөмдө маңзат, аны колдонуу үчүн түтүкчөлөр жана атайын кесилип жасалган, ок атууга жарактуу ТОЗ-16 мылтыгы беш даана огу менен табылган.  ... Читать дальше...

ЕККУ Дүйшөмбүнү журналисттерди террордук тизмеден чыгарууга чакырды

Azattyk.org 

ЕККУнун басылмалардын эркиндиги боюнча өкүлү Харлем Дезир Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Асловго кат жолдоп, терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесинен журналисттерди чыгарууга үндөдү. ЕККУнун Венадагы кеңсесинен кат 28-мартта жөнөтүлгөнүн билдиришти. Эки апта мурда Тажикстандын Улуттук банкы терроризмге тиешеси бар адамдардын тизмесин жарыялаган. Мекеменин Каржы мониторинг департаменти түзгөн тизмеге өлкөнүн 1 миң 372 жараны киргизилген. ЕККУ тизмеге 14 ЖМК кызматкеринин аты-жөнү «татыксыз» киргизилген деп эсептейт. Читать дальше...

Ашхабадда жүргүнчүлөрдүн телефону текшерилип жатат

Azattyk.org 

Ашхабад аэропортунда өлкөгө сырттан келген жүргүнчүлөрдүн кол телефондору текшерилип, өздөрү андагы маалыматтар боюнча сурак берип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына өз булактары билдиришти. «Биз Стамбулдан учуп келерибиз менен токтотушуп, кол телефондорубузду тартып алышты. Андан соң сурак үчүн атайын бөлмөгө алып барышып, телефондогу маалыматтарды үч-төрт саат текшеришти. Андагы номурлары жазылган адамдар жөнүндө сурап, кандай мамиледе экенибизге кызыгышты. Кандай чет өлкөлүк сайттарды окуйсуңар деп сурап... Читать дальше...

Трамп менен Мэй орусиялык дипломаттарды чыгарууну талкуулашты

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп жана Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Сергей Скрипалдын ууланышына жооп катары орусиялык дипломаттарды чыгаруу маселесин сүйлөштү. Алар кайсы гана өлкөдө болбосун Орусиянын тыңчылык желесинин жана химиялык чабуулунун алдын алуу маанилүү экенин белгилешти. Бул тууралуу АКШнын Ак үйү кабарлады. Британ премьери Тереза Мэй Лондонду колдоп, өлкөсүнөн 60 орусиялык дипломатты чыгарганы үчүн АКШ президенти Дональд Трампка ыраазычылык билдиргенин британ өкмөтү сайтына жазды. Читать дальше...

Facebook коопсуздукту камсыздаган жаңы функцияларды киргизди

Azattyk.org 

Жаңы функциялар колдонуучуга жеке маалыматты көзөмөлдөөгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. Эми колдонуучу достору тууралуу, эмне издегени жөнүндө маалыматты, өзү баскан "жакты" белгисин жана пикирлерин өчүрө алат. Колдонуучуларга аккаунтту башкалардын бузуп кирүүсүнөн коргогон көп мүмкүнчүлүк берилет. Шаршембиде Канадада жайгашкан "AggregatedIQ" (аггрегейтед ай-кью) аттуу фирма АКШда 2016-жылы өткөн шайлоонун алдында республикачыларды колдогондорду аныктай алчу программа түзгөн. Бул тууралуу "Cambridge... Читать дальше...

Кемероводо дайынсыз жоголгондордун тизмеси түзүлдү

Azattyk.org 

Кемероводо ыктыярчылар дайынсыз жоголгондордун тизмесин түздү. "ВКонтакте" соцтармагында жазылган маалымат боюнча, ыктыярчылар тобунун бул аракети Кемерово облусунун вице-губернатору Сергей Цивилевдин макулдугу менен жүрүп жатат.  Расмий эмес тизмеде набыт болду деп эсептелген 64 кишиден тышкары дайынсыз жоголду делген 29 кишинин аты-жөнү бар. Басымдуу бөлүгү трагедия болгондон бери үйүнө барган эмес деп билдиришти ыктыярчылар. 25-мартта Кемероводогу "Зимняя вишня" соода борборунда өрт чыгып... Читать дальше...

Майып балдардын ата-энелери парламентке кайрылышты

Azattyk.org 

Майып балдардын ата-энелери түзгөн "Жаңырык" коомдук уюму Жогорку Кеңештин депутаттарынан 29-мартта парламентте 2-окууда каралуучу жөлөк пул боюнча мыйзам долбоорун жактырып берүүнү өтүнгөн кайрылуу таратты. Кайрылуу ээлери сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, Кыргызстанда жөлөк пул чыныгы муктаждарга берилери, майыптыгы бар балдарга ай сайын төлөнө турган социалдык жөлөк пулдун өлчөмү 30% көбөйтүлөрү белгиленип, мыйзам долбоорун колдоп берүүсүн депутаттардан суранышкан.  Кайрылууга майып балалуу... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш жөлөк пул тууралуу мыйзамды карайт

Azattyk.org 

Бүгүн күн тартибине коюлган "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамдын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги сунуштап жаткан редакциясын айрым депутаттар сынга алган. Долбоор "балдарга жөлөк пул алууда бюрократиялык тепкичтер көбөйөт" деген жүйө менен 7-мартта каралган эмес. Бир жумадан кийин ал 1-окууда кабыл алынган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги аталган мыйзам долбоорунда муктаждыкка карап, "аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гана жөлөк пул берилсин" деген өзгөртүү киргизилгенин... Читать дальше...

Ферганада кыргыз-өзбек өкмөт башчылары жолугат

Azattyk.org 

29-мартта боло турган жолугушууга Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилери да катышмакчы. Анда ар тараптуу кызматташууну кеңейтүү маселеси караларын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Былтыр сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапары учурунда өкмөт аралык өз ара ымала жөнүндө меморандум кабыл алынган. Анда эки өлкөнүн чектеш облустарынын бийлик өкүлдөрүнүн кеңешин түзүү маселеси каралган. Ферганада уюштурулуп жаткан жолугушуу ошол кеңештин алгачкы жыйыны болмокчу. Читать дальше...

Акыйкатчы: Интернаттарда зомбулук тарбия катары колдонулуп келет

Azattyk.org 

Акыйкатчынын балдар укугуна арналган атайын баяндамасында интернаттарда балдар эмгегин мыйзамсыз пайдалануу, өспүрүмдөр арасындагы "чоңсунуу" көйгөйү сакталып жатканы тууралуу баяндалган.  Акыйкатчы институтунун атайын жүргүзүлгөн иликтөөлөрүнүн негизинде даярдаган атайын баяндама бүгүн коомчулукка жарыяланат. Бул тууралуу адам укугун коргоо институтунун маалымат катчысы Элмира Мадиева "Азаттык" радиосуна билдирди: - Акыйкатчынын атайын баяндамасынын негизинде бүгүн тиешелүү тараптардын катышуусунда тегерек үстөл болот. Читать дальше...

Ош шаарынын тургундары Кемерово трагедиясына көңүл айтышты

Azattyk.org 

Кемероводо өрттө набыт болгондорду эскерүү үчүн алар Орусиянын Оштогу башкы консулдугуна келип, гүл жана оюнчуктарды коюшту. Көңүл айтканы келген шаардыктарга Орусиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин ыраазычылык билдирди: - Бул күндөр биз үчүн өтө оор. Жеке мен теледен жаңылык да көрө албай калдым... Көп киши набыт болду, тилекке каршы, басымдуусу балдар... Баарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Аягында, "Грамотей" мектебинин окуучулары Кемероводо соода борборунда өрттө набыт болгон балдардын элесине арнап, асманга ак шарларды учурушту. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *