Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2018

Новости за 30.06.2018

Президент кадр саясатын аныктады

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик кызматка тааныш-билиш аркылуу орношууга чекит коюп, кесипкөй, тажрыйбалуу кадрлардын келишине шарт түзүүнү талап кылды.

"ColorFest" жаштардын көңүлүн көтөрдү

Azattyk.org 

Бишкектеги "Ата-Түрк" сейил багында 300гө жакын адамдын катышуусунда "ColorFest" боёк фестивалы өтүүдө. Фестиваль "Боёктор кетет, көз ирмемдер калат" деген ураан менен башталды. Боёк фестивалы 2016-жылы Ысык-Көлдө, 2017-жылы Токмокто өткөн.

Фарид Ниязов Самудиновдун айткандарына жооп кайтарды

Azattyk.org 

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын мурдагы орун басары Фарид Ниязов жарандык активист Ренат Самудиновдун кайрылуусуна комментарий берип, "качкын макамын алууну көздөп сүйлөгөн сөзү өз абийиринин иши экенин" билдирди. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы маалымдады.  Партиянын жаштар канатынын мурдагы лидери Ренат Самудинов 29-июнда видеокайрылуу жасап, азыр АКШнын Чикаго шаарында экенин, ал жакта жубайы Элнура Молдокадырова менен мыйзамдуу жашап жүргөнүн айткан. Читать дальше...

Мыктыбек Туташев: Манас Ниязов "Бойканы" көгөрүп отуруп саттырып алган

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Алдыдагы Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандын көк бөрүчүлөрүнүн даярдыгы жана "Достук" командасынын кантип түптөлгөнүнө, аттардын баасы менен улакчылардын бир жылдык кирешесине кызыгып жүрсөңүз, төмөнкү маек сиз үчүн.

Анна Германдын Таластагы балалыгы

Azattyk.org 

Легендарлуу поляк ырчысы жана композитор Анна Германдын балалыгынын бир үзүмү Таласта калганын көпчүлүк биле бербейт. Репрессия жылдары атасы камалып кеткенден кийин кичинекей Анна, апасы, таэнеси жана иниси менен кыргыз жергесине жер которуп келип, Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жашап калган. Атактуу ырчынын кыргыз жериндеги балалыгы тууралуу айылдыктар эмне билет?

Трамп Путин менен сүйлөшчү маселелерди атады

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушууда Украина, Сирия маселеси жана шайлоо темасы талкууланарын билдирди.  Трамп журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "Мен аны менен бардык нерсе жөнүндө сүйлөшөм. Украина, Сирия, шайлоо тууралуу сүйлөшөбүз. Биздин шайлоолорго башкалардын кийлигишүүсүн каалабайбыз,- деди.  Аннексияланган Крымды Орусиянын аймагы деп таануу боюнча суроого "көрөбүз" деп жооп берди. Трамп менен Путиндин жолугушуусу 16-июлда Хельсинкиде болот. Читать дальше...

Бишкекте боёк фестивалы өттү

Azattyk.org 

Бишкек шаарында 30-июнда "Боёктор кетет, көз ирмемдер калат" деген ураан менен ColorFest (Боёк фестивалы) өттү. "Ата Түрк" эс алуу багындагы иш-чарага катышкан ондогон улан-кыз бири-бирине кургак боёк сүйкөшүп, көңүл көтөрүштү.  Уюштуруучу Бегайым Бекболотова максаты - жаштарды бириктирип, дем алыш күндөрүн көңүлдүү өткөрүү экенин билдирди. Ал ушул иш-чараны Бишкекте быйыл дагы төрт жолу уюштурууну көздөп турат.  Боёк фестивалы 2016-жылы Ысык-Көлдө, 2017-жылы Токмокто өткөн.



Футбол: Швеция өкмөтү чемпионатты бойкот кылууну токтотту

Azattyk.org 

Орусияда өтүп жаткан дүйнөлүк футбол чемпионатында Швеция командасы плей-оффко чыккан соң Стокгольм таймашты бойкот кылууну токтотту.  Швециянын тышкы иштер министри Маргот Валлстрём Британияга тилектештик иретиндеги бойкот чемпионаттын ачылышына гана таандык болгонун белгиледи. Ал бойкотту токтотуу чечими Дания жана Британия менен макулдашылганын билдирди.  Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында 1-июлда Швеция менен Швейцария футболчулары күч сынашат. Команданы колдоо үчүн швед өкмөтүнөн Орусияга ким барары азырынча белгисиз. Читать дальше...

Ошто спортчу зордуктоого шектелип кармалды

Azattyk.org 

Ош шаарында ММА мушкери, 24 жаштагы жигит зордуктоого шектелип кармалды. Шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын шериги уюшма кылмыштуу топтун 23 жаштагы мүчөсү болгон. Алар 25 жаштагы аялдын арызы менен 30-июнга караган түнү колго түшүп, эки суткага камалышты.  Милициянын маалыматына караганда, шектүүлөр буга чейин эс алуучу жайлардын биринде эки кишини сабап, биринин жаагын сындырган, экинчиси жеңил жаракат алган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси... Читать дальше...

Шахрисабз дагы бир жылга ЮНЕСКОнун тизмесинде калды

Azattyk.org 

Өзбекстандагы Шахрисабз шаары дагы бир жылга, сыноо иретинде ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий мурастар тизмесинде калтырылды. Узаган аптада уюмдун атайын комиссиясынын Бахрейнде өткөн 42-сессиясында ушундай чечим кабыл алынды.  Өзбек өкмөтү бир жыл аралыгында Шахрисабз шаарынын тарыхый борборун ЮНЕСКОнун талаптарына ылайык сакташы кажет. Ал аткарылбаса, мурастар тизмесинен чыгарылат.  2014-жылы аталган калаадагы тарыхый көчөлөр бузулган. ЮНЕСКО өзбек өкмөтүнө кайрылып, бул жоготуунун ордун толтуруу боюнча сунуш киргизүүнү сураган. Читать дальше...

Ирандык футболчулар кемсинтүүдөн улам курама командадан кетет

Azattyk.org 

Ирандын мыкты деп саналган эки футболчусу курама командадан кетет. Алар Орусияда өтүп жаткан футбол чемпионатында утулуп калгандан кийин социалдык тармактарда жазылган сын-пикирлерден улам ушундай чечимге келишкен.   23 жаштагы чабуулчу Сердар Азмун билдиргендей, анын дарегине айтылган кемсинтүү мүнөзүндөгү пикирлер апасынын саламаттыгына залакасын тийгизди. "Мен энемди тандадым", - деп жазды ал "Инстаграмдагы" баракчасына. Азмун голдордун саны боюнча команданын сап башында турат. Бирок чемпионат учурунда бир канча жолку аракетине карабай... Читать дальше...

Аба ырайы: 35 градуска чейин ысык болот

Azattyk.org 

1-июлда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз 15-20 метрге жетет. Абанын темпуратурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15...20, күндүз 30...35, Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 28...33, Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 15...20, күндүз 31...36, Ысык-Көлдө түнкүсүн 10...15, күндүз 23...28, Нарын облусунда түнкүсүн 6...11... Читать дальше...

Мекенине кайткан Түштүк Кореянын футболчуларына жумуртка ыргытылды. Видео

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Түштүк Кореянын айрым тургундары футболчуларына нааразы болсо, мексикалык күйөрмандар аларга плей-офф оюндарына чыгууга мүмкүнчүлүк бергени үчүн ыраазычылыгын билдирүүдө.

Ошто блогер "Ютубга" чыгарган тасмасы үчүн милицияга чакырылды

Azattyk.org 

Ошто журналист жана блогер Адыл Акжол уулу YouTube порталына жарыялаган видеого байланыштуу милицияга суракка чакырылды. Ал 30-июнда "Азаттык" радиосуна билдиргендей, подполковник Таирбек Уларовдун өлүмүнө айыпталгандардын жакыны - Наргиза Ражабованын чындык сурап, ыйлаган учуру тартылган тасманы Интернетке чыгарганы үчүн милицияга чакырылган. Видео Интернетке 7-июнда жарыяланган болчу.  Акжол уулу милицияга чакырылып, тергөөчү Сүйүн Канаев ага орой мамиле жасап, коркутканын айтты. Ош шаардык... Читать дальше...

“Сен кеткен тал түбүнөн канат таптым”

Azattyk.org 

Медетбек Сейталиев поэзия менен прозаны эриш-аркак ала жүргөн, сезим дүйнөсүнүн драмалуу учурларын көркөм иликтөөгө ык койгон жазуучу эле. Сүрөткер пенде баласынын ашыктык сезиминин ар кыл өңүттөрүн окуялар аркылуу сүрөттөөнү жактырып, чырмалышкан конфликттин чечилишин кызыктуу тапчу.

Ренат Самудинов: жубайым менен АКШда мыйзамдуу жашап жүрөбүз

Azattyk.org 

Жарандык активист Ренат Самудинов жана жубайы, журналист Элнура Молдокадырова менен АКШнын Чикаго шаарында экенин, расмий түрдө башпаанек алып, легалдуу жашай башташканын билдирди. Бул тууралуу видеокайрылууну алар 29-июнда Интернетке жарыялашты.  Самудинов Калифорния штатында мигранттарды кармаган атайын жайда сегиз ай болушканын белгилейт.  Былтыр Ренат Самудинов менен Элнура Молдокадырова Мексиканын чек арасы аркылуу АКШга кирип жатканда кармалганы кабарланган. Алардын башпаанек сураган өтүнүчүн АКШнын миграциялык соту карап жаткан эле. Читать дальше...

Согуштагы тажик балдары үйүнө жеткирилет

Azattyk.org 

Эл аралык уюмдар Cирия менен Ирактагы качкындар лагерлеринде жашап жаткан балдарды өз мекенине кайтаруу ишин башташты. Ушул тапта согуш жүрүп жаткан жерден келген балдар жакындарынын үй-бүлөлөрүндө жашап атышат.

Израил менен Иордания сириялык качкындарды кабыл албайт

Azattyk.org 

Израил жана Иордания сириялык качкындарды кабыл албай турганын жарыялашты. "Reuters" агенттиги аскердик серепчилерге таянып билдиргендей, калабадан улам Сириядан качкан 120 миңден ашуун адам Израил жана Иорданияга чектеш аймактарда турушат. Президент Башар Асаддын армиясы өлкө түштүгүндөгү Дараа аймагында жикчилдерге каршы күрөшүүдө. БУУ байкоочулары жана маалымат каражаттары ондогон жайкын тургундар мүрт кеткенин билдиришти. Кырдаал тынч эмес болгондуктан, аймакка азык-түлүк жана зарыл каражаттарды алып кирүүдө түйшүк жаралды. Читать дальше...

Президент сергек жашоону даңазалоого чакырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда сергек жашоону даңазалаган маданиятты калыптандырууга чакырды. Бул тууралуу саламаттык сактоо кызматкерлеринин жана ардагерлеринин кесиптик күнүнө карата жолдогон куттуктоосунда айтылат.  - Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы модернизациялоого, материалдык-техникалык ресурстарын жакшыртууга муктаж. Өлкөбүздүн бардык региондорунда, айрыкча айыл жерлеринде саламаттык сактоону өркүндөтүп, өнүктүрүүгө тийишпиз. Медицина тармагындагы артыкчылыктуу багыттарды... Читать дальше...

"Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалына кырктан ашуун тасма сунушталды

Azattyk.org 

“Бир дүйнө - Кыргызстан - 2018” даректүү тасмалар фестивалына фильмдерди кабыл алуу 20-июнда токтоп, тандоо жараяны башталды. Жумушчу топ июль айында тасмаларды иргеп, фестивалга катышууга жолдомо берет.  Уюштуруучу - “Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, быйыл чет элдик жана жергиликтүү кырктан ашуун фильм сунушталды. Кабыл алуу 25-апрелде башталган.  "Бир дүйнө - Кыргызстан -2018" даректүү фильмдер фестивалынын талабына ылайык, тасманын убактысы бир сааттан ашпашы керек. Читать дальше...

Бурулайдын иши: экспертиза күмөн жаратты

Azattyk.org 

Ала качуудан кийин милициянын имаратында киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын ата-энеси анын сөөгүн эксгумациялоону талап кылууда. Алар мындай кадамга экспертизанын жыйынтыгына макул болбогондон улам барганы турушат. Милиция болсо сөөктү кайра текшерүү маселеси каралып жатканын билдирүүдө.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *