Ысык-Атада унаа жолду сел каптады
Чүй облусунун Ысык-Ата районунда унаа жолду сел каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, саат 02:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Красная-Речка айылын "Ысык-Ата" курорту менен байланыштырып туруучу унаа жолунун 40 чакырымында эки жеринен шагыл аралашкан сел жүргөн. Окуя болгон жерде азыр 1 фронталдык жүктөгүч, 1 грейдер тазалоо иштерин жүргүзүп жатат, унаа жол бир тарапка ачык.