Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 28.07.2018

Беларус: Даниил Урицкий деген — Данияр Үсөновбу?

Пресс.kg 

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош кишинин сүрөттөрүн 27-июлда Беларустун интернет басылмалары жарыялады. Алардын биринин кабарчысы Даниил Урицкийдин ысымына жазылган беларус паспортун көргөзгөн бул сырдуу ишкер киши менен сүйлөшүүгө да үлгүргөн. Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош адамдын сүрөттөрү Беларустун “TUT.BY” интернет басылмасында 27-июлда жарыяланды. Фото сүрөттөр “Беларус улуттук биотехнология корпорациясы”... Читать дальше...

Жапониянын үнү бульварда жаңырды

Azattyk.org 

28-июлда жапон элинин маданиятын тартуулаган иш-чара өттү. "Музыкалык Эркиндик" деп аталган иш-чарага шаардыктар, ордо калаанын коноктору катышты. Көрөрмандар жапон аспаптарында да ойноп көрүштү.

Ярошевич: Долбоорго Кыргызстандын мурдагы бийлиги кызыкдар окшойт

Azattyk.org 

“Белпан” маалымат агенттигинин журналисти Александр Ярошевич менен маекте 27-июлда жарыяланган окуя талданды. Жума күнү Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, издөөдөгү Данияр Үсөновго коёндой окшош Даниил Урицкий аттуу кишинин сүрөттөрүн Беларустун интернет басылмалары жарыялаган болчу.

Ошто Өзбекстан курган мектеп быйыл ачылат

Azattyk.org 

Ош шаарында Өзбекстан куруп жаткан мектеп быйыл жаңы окуу жылында ачылат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев мектептин курулуш иштери менен таанышып жаткан маалда белгилүү болду. 630 орундуу мектеп калаадагы Алишер Навои атындагы №18 мектеп-гимназиясынын эски имаратынын ордуна түшүп жатат. Курулуш иштерин өзбекстандык “Трест-12” жана “Бунёд Гранд Сервис” компаниялары жүргүзүүдө. Долбоордун жалпы аянты 3 851 чарчы метрди түзөт. Учурда жаңы курулуп жаткан үч кабаттуу мектептин окуу корпусунун дубалы толук тургузулуп... Читать дальше...

Каталониянын мурдагы лидери: эгемендик алмайынча күрөш уланат

Azattyk.org 

Каталониянын мурдагы лидери Карлес Пучдемон Бельгияга кайтып келгенден кийин каталон жергесинин Испаниядан бөлүнүшү үчүн күрөштү улантарын билдирди. Бул тууралуу “Associated Press” маалымат агенттиги кабарлады. Агенттик белгилегендей, кайткандан кийин Пучдемон Брюсселде Испаниядан атайын келген Каталониянын учурдагы өкмөт башчысы Ким Торре менен жолугушуу өткөргөн. Пучдемон 26-мартта Финляндиядан Бельгияга бараткан жеринен Германия аймагына кирип баратканда кармалган. Ошондон бери Пучдемон Германияда үй камагында жаткан. Читать дальше...



Ысык-Көлдө 11 киши тамакка ууланды

Azattyk.org 

Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Тулпар" пансионатынын ичинде, боз үйлөрдүн биринде эс алып жаткан 11 киши тамакка ууланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" район акими Данир Иманалиев билдирди. Жабыркагандардын экөө Ысык-Көл райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, калганы инфекциялык бөлүмгө жаткырылды. Район жетекчиси алардын абалын дарыгерлер канааттандырарлык деп баалап жатканын ырастады.  Уулангандар 45-50 жаштагы курбалдаштар экени, чогуу Чүй облусунун Кемин районунан келгени кабарланды. Читать дальше...

Боронов ЖЭБдеги химблокту кышка чейин бүтүрүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 28-июлда энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында Бишкек шаарынын жылуулук электр борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан кабарлашты. Анда “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ишканасынын жетекчиси Азамат Абдыкадыров ЖЭбде жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштеринин жана капиталдык курулуштун жүрүшү тууралуу маалымдады. Ал жумуштар график менен жүрүп жатканын билдирди.  Кубатбек Боронов сууну химиялык туздан арылтуучу жаңы... Читать дальше...

Аба ырайы: 36 градус ысык болот

Azattyk.org 

29-июлда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Өрөөндөрдө жамгыр жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет. Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32, Таласта түнкүсүн 9...14, күндүз 26...31, Ошто, Жалал-Абадда 14...19, күндүз 30...35, Баткенде түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36, Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 22...27, Нарында түнкүсүн 6...11... Читать дальше...

Дзюдочу Нурсултан Сталбек уулу Ысык-Көлдө сууга чөгүп кетти

Azattyk.org 

Чолпон-Ата шаарында дзюдо боюнча спорттун чебери Нурсултан Сталбек уулу сууга чөгүп каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Дзюдо боюнча федерациясынан кабарлашты. Мекеме “Фейсбуктагы” баракчасында бүгүн маркумдун жакындарына көңүл айткан билдирүү жарыялады. Окуя 27-июлда болгону кабарланды. Алдын ала маалыматтар боюнча спортчу пирстен сууга секирип, буту тырышып, сууга чөгүп кеткен. Куткаруучулар аны суудан алып чыгып, жардам көрсөткөнү менен, өмүрүн сактай алышкан эмес. 24 жаштагы Нурсултан Сталбек уулу Чүй облусунда төрөлгөн. Читать дальше...

Кызыл-Кыяда акын Туяк Эрназар уулуна эстелик тургузулду

Azattyk.org 

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында ырчы, ойчул акын Туяк Эрназар уулуна эстелик тургузулду. Бул тууралуу "Төөлөс ынтымагы" фондунун жетекчиси Абдикарим Турдуев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында монументти курууга эки миллион сомго жакын акча жумшалган. Аны аталган фонд каржылаган, Кызыл-Кыя шаардык мэриясы жардам көрсөткөн. Эстеликтин ачылышына бүгүн облустагы активдер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана акындын урпактары катышты. Заманчыл акын, жамакчы, комузчу Туяк Эрназар уулу 1856-жылы азыркы Кадамжай районунун Пум айылында туулган. Читать дальше...

Кыргызстан Данияр Үсөнов боюнча Беларуска нота жөнөттү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун Даниил Урицкий деген ысым менен чыгып, Беларус мамлекетинин расмий бийлик өкүлдөрү менен чогуу коомдук иш-чараларга катышып жүргөнү боюнча Беларуска нота жөнөттү. Бул тууралуу тышкы иштер мекемеси кабарлады. Нота 28-июлда Беларустун Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Сергей Ивановго тапшырылды. Нотада кыргыз тарап "Кыргызстанда өмүр бою абакка кесилген Данияр Үсөновдун Беларус Республикасынын аймагында... Читать дальше...

Бир беттешиме 6 миң доллар төлөп беришти. Кыргыз мушкерлеринин ММАдеги жолу

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Кыргызстанда акыркы жылдары аралаш мушташ (ММА) спортуна кызыккандар көбөйүүдө. Муну байма-бай беттеш өткөргөн мушкерлер менен мелдешке агылган көрүүчүлөрдүн саны айгинелеп турат.

Орусияда пенсиялык реформага каршы митингдер өтүп жатат

Azattyk.org 

Орусиянын бир катар шаарларында өкмөттүн пенсиялык реформаларына каршы миңдеген адамдар катышкан митингдер өтүп жатат. Айрым калаалардагы акциялардын алды өтүп бүттү. Митингдердин көбүн Коммунисттик партиянын жергиликтүү бөлүмдөрү уюштурууда. Аларга ошондой эле оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапкерлери, "Открытая Россия", "Левый фронт" жана "Яблоко" партияларынын да өкүлдөрү катышууда. Нааразылыкка чыккандар өкмөттүн жана президенттин кызматтан кетишин талап кылып жатышат.  14-июнда пенсия... Читать дальше...

Ооганстандын Жалалабад шаарында бир нече жарылуу болду

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарында бир нече жарылуу болуп, медайымдар эмгек практикасынан өтүп жаткан жатаканадан атышуулардын үнү угулуп жатканын провинция жетекчилигинин басма сөз катчысы Аттауллах Хогияни билдирди. Бир нече студент жатаканадан эвакуцияланды. Жарылуу Жалалабаддагы 3-полиция участогунан катталды. Азырынча курмандыктардын саны тактала элек. (BCh)

Ооганстандын Желалабад шаарында бир нече жарылуу болду

Azattyk.org 

Ооганстандын чыгышындагы Желалабад шаарында бир нече жарылуу болуп, медайымдар эмгек практикасынан өтүп жаткан жатаканадан атышуулардын үнү угулуп жатканын провинция жетекчилигинин басма сөз катчысы Аттауллах Хогияни билдирди. Бир нече студент жатаканадан эвакуцияланды. Жарылуу Желалабаддагы 3-полиция участогунан катталды. Азырынча курмандыктардын саны тактала элек. (BCh)

Кыргызстанда төрөгөн аялдардын 10 пайызы жыл айланбай кош бойлуу болот

Azattyk.org 

Кыргызстанда орто эсеп менен жылына 160 миң аял төрөсө, алардын 10 пайыздан ашууну үй-бүлөнү туура пландабагандыктан улам бир жылга жетпей боюна бүтүп, кайра төрөрүн Саламаттык сактоо министрлигинин башкы акушер-гинекологу Раиса Асылбашева “Азаттыкка” билдирди. Ал кош бойлуулукту пландабагандыктан улам энелердин өлүмү боюнча өлкө Борбор Азияда биринчи орунда турарын да кошумчалады. Ош облусундагы райондордо өтүп жаткан “Тукум улоочулук саламаттык укугу” тууралуу мыйзамды талкуулаган жыйында сөз... Читать дальше...

Арменияда мурдагы президент Роберт Кочарян камакка алынды

Azattyk.org 

Армениянын соту мурдагы президент Роберт Кочарянды тергөө бүткүчө эки айга камакка алды. Ал конституциялык түзүлүштү бузууга аракет кылган деп шектелүүдө. Бул берене боюнча айыпталган киши 15 жылга чейин эркинен ажыратылат. Өлкөнүн экинчи президенти Роберт Кочарян 26-июлда кармалган. Армениянын Атайын тергөө кызматы сурактан кийин Кочарянга 2008-жылдын 1-мартындагы окуяларга байланыштуу "башка адамдар менен күн мурунтан келишүү аркылуу конституциялык түзүлүштү кулатуу" деген айып койгон. 2008-жылдын... Читать дальше...

Карыя багбандын кыялы

Azattyk.org 

70 жаштагы Умарали Жаркынбаев Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Шоро-Башат айылында жашайт. Карыя үлүшкө тийген жерине картошка, помидор, жүрөгү айдап, багбанчылык менен алектенет. Буга чейин багбан күнөскана салып, кышкысын да жашылча-жемиштерди өстүрүп, айылдаштарына, ошондой эле Өзгөн районуна жайылтууну кыялданып келген. Акыры ал кыялы ишке ашып, кубанычы койнуна батпай турган чагы.

Айдын 100 жыл ичинде эң узак тутулушу

Azattyk.org 

28-июлга караган түнү кыргызстандыктар тутулган айды көрө алышты. Бул жолку айдын тутулушу - акыркы жүз жыл ичинде эң узакка созулганы болуп калды.

Алты айда чек арадан 31 кг баңгизат алынды

Azattyk.org 

2018-жылдын башынан бери Кыргызстандын чек арасына кире бериште жана чыга бериште 31 килограмм баңгизат алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады. Анда айтылгандай, мунун көпчүлүгү кара куурай жана апийим. Жылдын алгачкы жарымында чек арачылар ошондой эле тилкеден мыйзамсыз өтүп жаткан 13 курал жана 174 даана ок-дарыны кармаган. Отчеттук мөөнөттө товарларды чек арадан мыйзамсыз ташып өтүү боюнча жалпысынан 61 миң 668 факт аныкталган. Бул операциялар ИИМдин чек арадагы кызматкерлери менен чогуу жүргүзүлгөн. Читать дальше...

Чет элдик студенттер даттанган окуу жайдын лицензиясы чакыртып алынат

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университеттин медициналык багыттагы лицензиясын кайра чакыртып алат. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Кудайберди Кожобеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, мындай чечим окуу жайы министрлик койгон талаптарды аткарбаганы үчүн жана чет элдик студенттерге байланыштуу чыр-чатактардан кийин көрүлгөнү турат. - Бул окуу жайынын шарттарын, жагдайларын карап көрүп, талапка жооп бербегендиктен медициналык... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *