Манас бар жерде Абыке-Көбөш болот
Таланттар дайым эле келе бербейт. Алар деле бардык адамдар сыяктуу талантсыздар менен чогуу келип-кетет.
Таланттар дайым эле келе бербейт. Алар деле бардык адамдар сыяктуу талантсыздар менен чогуу келип-кетет.
Кыргызстанда жай мезгилинде мектеп жашына чейинки бөбөктөр үчүн 50 боз үйдө жайгаштырылган өнүктүрүү борборлору иштей баштады. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Чүй облусунун Аламүдүн районундагы социалдык жайларды кыдырып жүргөндө белгилүү болду. Боз үйлөр мектептердин, бала бакчалардын жана китепканалардын короолорунда уюшулган. Аларда балдар үчүн бекер секциялар жана ийримдер камтылган долбоорлор иштеп жатат. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ырастагандай, бул борборлордо балдар 3-5 саат бою оюндарды ойноп... Читать дальше...
Дүйнөлүк футбол федерациясы (ФИФА) үңкүрдө калып 20 чакты күндөн кийин куткарылган таиланддык жаш футболчуларды дүйнө чемпионатынын финалын көрүү үчүн Орусияга чакырды. Бирок дарыгерлер алсырап турган балдар үчүн мындай узак саякатка чыгуу али эрте деп эсептешет. Тхам Луанг үңкүрүндөгү 12 баланын акыркылары жана машыктыруучусу 10-июлда аман-эсен куткарылды. 23-июнда үңкүргө кирген бойдон чыкпай калган футболчуларды кууш, кыйма-чийме, суу толгон жолдор аркылуу алып чыгуу ишине бүт дүйнө көз салып турду. Читать дальше...
Брюсселде НАТОнун эки күндүк саммити башталды. Бийик жолугушууну утурлай АКШнын президенти Дональд Трамп адаттагыдай эле альянстын европалык мүчөлөрүн финансылык милдеттенмелерин аткара албай жатканы үчүн сындаса, Брюссел өз кезегинде Вашингтонго анын Европадан артык өнөктөшү жок экенин эскертти. Трамп НАТОнун европалык мүчөлөрүнүн эң ирилерин 11-июлда Брюсселдеги саммиттин расмий эмес башталышында да сындап өттү. Маселен, Евробиримдиктин эң ири олкөсү Германия Орусия менен газ куурлары боюнча “миллиарддаган доллардык” келишимдерге барып... Читать дальше...
Азербайжандын Гянжа шаарында 10-июлдагы каршылык акциясына чыккандар менен кагылышууда эки полиция кызматкери мерт болду. Алар Гянжа шаардык жана Низами райондук башкармалыктарынын жетекчилеринин орун басарлары болуп чыкты. Бул тууралуу өлкөнүн күч түзүмдөрү билдиришти. Өлтүрүүгө шектүү катары жергиликтүү эки тургунга издөө салынып, сүрөттөрү жарыяланды. Андан тышкары шаардын башкы аянтына нааразылыкка чыккандардан 40 киши кармалды. Ички иштер министрлиги “150-200 кишиден турган радикалдуу диний... Читать дальше...
Орусияда күчүнө кирген жаңы мыйзамга ылайык мигранттар эми жашаган жеринде гана каттоого тура алат.
Демейде бул же тигил инсандын өмүр баянын, жасаган иштерин эскерип отуруп анын тарыхтагы орду тууралуу ой жүгүртөбүз. А бирок тарыхта калыштын миң бир эки жолу, түрлүү оош-кыйыштары болот эмеспи.
Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеевдин баласы Санжар Нариман уулунун атына катталган үйдү сот аткаруучулардын конфискация кылышы чыр менен коштолду. Түлеевдин туугандары бул үй мурас экенин айтып, аны алууга келген Мамлекеттик мүлк фондунун кызматкерлери менен сот аткаруучуларга каяша айтышты. Тараптар бир сыйра жөөлөшө кетишти. Нариман Түлеевдин иниси Нарынбек Түлеев бул үйдү бийлик алганга акысы жок деп эсептейт: - Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2013-жылы Санжар Нариман уулунун... Читать дальше...
Пакистанда шайлоо алдындагы митинг учурунда жанкечтинин жардыруусунан өлгөндөрдүн саны 20 кишиге жетти. Дагы 65 киши жарадар болду. 10-июлда Пешаварда Авами Улуттук партиясынын жактоочулары чогулган жерде болгон кол салуудан жергиликтүү парламентке талапкер болгон Харун Ахмед Билур да курман болду. Пакистандагы талибдер шаршембиде тараткан билдирүүсүндө бул жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышты. Согушкерлер буга чейин да "Талибан" жана башка экстремисттик уюмдарга каршы болгон дүйнөбий партияны бутага алып келишкен. Читать дальше...
Ирандын Күрдистан провинциясында чайыр ташыган танкер менен жүргүнчү салган автобус сүзүшө кетип, кеминде 11 киши каза тапты. Ирандын мамлекеттик телеканалы кырсык 10-июлда кечинде Санандаж шаарында болгонун кабарлады. Күрттөрдүн бозгундагы тобу "Твиттерге" "окуя болгон жерден тартылган" деген видеону жайгаштырды. Алар өз булактарына таянып 20-30 киши өлгөнүн жазышты. Расмий маалымат боюнча танкердин тормозу иштебей калып, автовокзалдын жанындагы автобусту барып сүзгөндө эки унааны тең өрт чалган.
Соцтармактар аркылуу майып адамдарга дем берип келген Гүлзана Жаркынбаева Орусияга дарыланганы кетти. Ал Интернетте майып кыздарды тарткан фотосессиялары менен белгилүү.
Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн ачылган атайын эсепке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 95,9 млн. сом салды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Атайын кызмат кайтарылган каражаттар кайсы фактылар боюнча жана кимдерден өндүрүлгөнүн ачыкка чыгарган жок. Жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын ачылган эсепке Башкы прокуратура буга чейин 39 млн. сом төккөн. Президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууну буюрган. Читать дальше...
Башкы прокуратура экс-премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакуновдун айыптоолоруна жооп берип, бул иш боюнча Мамлекеттик эксперттик кызматтын жетекчилерине иш козгогонун кабарлады. Мекеменин маалымат кызматкери Наргиза Кубатованын “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча, Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияны иликтеш үчүн соттук-курулуш-техникалык комплекстүү экспертиза дайындалган. Ал эксперттик топко эксперттик кызматтын жетекчилиги таасир этип, алар документтерди... Читать дальше...
Жогорку Кеңештин VI чакырылышы 4-сессиясын жыйынтыктап, учурда эки айлык эс алууда. Эл өкүлдөрү 1-сентябрда ишке чыгат. Депутаттар жыл ичинде эмне кылды? Кандай мыйзам, токтомдорду кабыл алды? Бул суроолорго инфографиканын жардамы менен жооп табууга аракет кылдык.
НАТОнун Брюсселде 11-июлда баштала турган саммитинин алдында кескин билдирүүлөр айтылды. Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск АКШ президенти Дональд Трамптын Евробиримдиктин коргонуу чыгымдары боюнча айткандарын сындады. Президент Трамп НАТОнун чыгымдарынын басымдуу бөлүгүн Кошмо Штаттар көтөрүп жатканын белгилеп, уюмдун Европадагы мүчөлөрүнөн коргонуу чыгымдарын көбөйтүүнү талап кылууда.
Астанада өткөн "Burabay summer fest" I Эл аралык жаш таланттардын фестивалына Кыргызстандан барган 31 окуучу катышып, байгелүү орундар менен кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди. Фестивалда Орусиядан, Кыргызстандан, Азербайжандан, Казакстандан, Түркиядан, Кытайдан барган жаш таланттар өз өнөрүн тартуулашкан. Министрлик билдиргендей көптөгөн атаандаштар арасынан Кыргызстандын музыкалык окуу жайларынан барган окуучулар гала-концертте алдыңкы байгелерге ээ болгон. Читать дальше...
Кыргызстанда жыл сайын 13 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 1400гө жакын кызда кош бойлуулук катталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Бул көрсөткүч эң аз дегенде миңди түзөт. Боюна бүткөн кыздардын 85% төрөйт, калган 15% боюнан алдырат. Статистикалык маалыматтар Саламаттыкты сактоо министрлиги менен БУУнун Калкты жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) үй-бүлөнү пландоого арналган иликтөөсүндө аныкталган. (ErN)
Бул жолу "Эже-сиңдилер" баарлашуусунда эл көзүнө көрүнгөн аялдарга болгон коомчулуктун басымы тууралуу кеп козгодук. Студияда конокто стэндапер Назгүл Аилчинова, радио алып баруучу Алина Баженова, теле алып баруучу Нурзат Токтосунова болмокчу.
Ысык-Көлдө кырсыктаган тик учактагы альпинисттердин бирине операция жасалды.
Жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын ачылган эсепке Башкы прокуратура бир жуманын ичинде 39 млн. сом түшүрдү. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады. Прокуратура бул каражаттар кайсы мыйзам бузуудан өндүрүлгөн каражаттар экенин ачык билдирген жок. Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп ачууну президент Сооронбай Жээнбеков 16-майда тапшырган. Андан кийин Башкы прокуратуранын, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финполиция)... Читать дальше...
Жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын ачылган эсепке Башкы прокуратура бир аптанын ичинде 39 млн. сом түшүрдү. Бул тууралуу башкы көзөмөл мекемесинин маалымат кызматы кабарлады. Прокуратура бул каражаттар кайсы мыйзам бузуулардан өндүрүлгөн каражаттар экенин ачык билдирген жок. Коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп ачууну президент Сооронбай Жээнбеков 16-майда тапшырган. Андан кийин Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш... Читать дальше...
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол автожол” өткөрмө бекетине бараткан жолдо тоок жана өрдөк этин аткезчилик жол менен ташып бараткан “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү башкармалыгынан кабарлашты. Анда алынган 312 коробкада жазылган этикеткага караганда тоок эти Кытай Эл республикасынан ташылып келаткан. Товар Кыргызстандан үчүнчү өлкөгө өтүүгө багытталган. Эттин эч кандай уруксат кагазы болгон эмес. Товардын жалпы наркы 700 миң сом деп бааланды. Читать дальше...
Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол автожол” өткөрмө бекетине бараткан жолдо тоок жана өрдөк этин аткезчилик жол менен ташып бараткан “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү автоунаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады. Анда алынган 312 коробкада жазылган этикеткага караганда тоок эти Кытай Эл Республикасынан ташылып келаткан. Товар Кыргызстандан үчүнчү өлкөгө өтүүгө багытталган. Эттин эч кандай уруксат кагазы болгон эмес. Товардын жалпы наркы 700 миң сомго бааланды. Читать дальше...
Футболчу "Реалдын" тарыхынта эң мыкты бомбардир аталган.
«Сорос – Кыргызстан» фонду өзүнүн 25 жылдык мааракесине карата Kyrgyz American фонду менен бирге классикалык жана фольклордук жаш музыка аткаруучуларга сынак жарыялады. Аталган фонд билдиргендей, сынакта үч жеңүүчү тандалып, аларга 10 000 сомдон акчалай сыйлык берилет. Ошондой эле 2019-жылдын жазында АКШнын Нью-Йорк жана Вашингтон шаарларында өтүүчү "Eurasia Festival" искусство фестивалына катышууга жолдомо да каралган. "Eurasia Festival Emerginig Artists" – дүйнө жүзүндөгү жаш музыканттардын... Читать дальше...