Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июль
2018

Новости за 24.07.2018

Чүйдө жол кырсыгы беш өмүрдү жалмады

Azattyk.org 

Чүйдө жол кырсыгы беш адамдын өмүрүн жалмады. Жол коопсуздугу боюнча башкармалыктын маалыматына караганда, окуя 24-июлда эртең менен Ысык-Ата районунун Ивановка айылында болгон. «Форд Транзит» автомашинасынын айдоочусу жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, «Тойота Камрини» сүзгөн. “Форддун” айдоочусу жана “Тойотанын” айдоочусу менен ичиндеги үч жүргүнчүсү каза болушту. Эки бала ооруканада. Алдын ала териштирүү көрсөткөндөй, кырсыкка “Форддун” айдоочусу жолдо баратып уктап кеткени себеп болду.

Израил ирандык аскерлер боюнча Орусиянын демилгесин четке какты

Azattyk.org 

Израил Орусиянын Сирияда Иран колдогон кошуундар үчүн тыюу салынган демаркациялык тилке орнотуу боюнча демилгесин четке какты. Тел-Авив "Сирия аймагында Ирандын күчтөрү таптакыр болбошу керек" деп талап кылууда. Бул тууралуу израилдик маалымат каражаттары жазышты. Мындан тышкары Израил Сирияда алыска учуучу ракеталардын орнотулушуна каршы болуп, ал өлкөдө ракеталар чыгарылган бардык ишканаларды жабууну талап кылууда. Дүйшөмбү күнү Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен орус тышкы... Читать дальше...

Баткенде Уланбек Эгизбаев эскерилип, анын журналисттик мектебин ачуу сунушталды

Azattyk.org 

Баткенде "Азаттык" радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаевди эскерүү иш-чарасы өттү. Ага облус башчысынын орун басары Чынара Саттарова, мамлекеттик кызматкерлер, активисттер, кайдыгер карабаган жарандар катышты Журналисттер Эгизбаевдин жасаган иштерин эскерип, ал аз жашаса да көп нерсени жасай алса болорун далилдегенин белгилешти.  Иликтөө журналистикасын мындан ары өнүктүрүү зарылдыгы тууралуу кеп болуп, иликтөөчү кабарчылар үчүн "Уландын мектебин" ачуу жөнүндө сунуш да айтылды. Коррупциялык... Читать дальше...

Жогорку сот Сапар Исаковду камакта калтырды

Azattyk.org 

Жогорку соттун кылмыш иштери жана административдик мыйзам бузуулар боюнча соттук коллегиясы Сапар Исаковдун бөгөт чарасын карап, Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун чечимин өзгөрттү. Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлагандай, буга чейинки инстанциядагы соттор "Сапар Исаков 13-августка чейин тергөө абагында болушу зарыл" деген чечим чыгарган. Ал эми Жогорку соттун соттук коллегиясы бул датаны 5-август деп аныктады. Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоого байланыштуу... Читать дальше...

ИИМдин баштапкы жыйынтыгы: Эгизбаев киши колдуу болгону аныкталган жок

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев киши колдуу болгону баштапкы изилдөөдө аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев билдирди.  - Акыркы жыйынтык бир айдан кийин белгилүү болот. Баштапкы диагноз боюнча, ал чөгүп кеткен. Маркумдун денесинде күчтөп залал тийгизүүнүн издери жок. Ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Окуя болгон жерден алыстан тартылган видеотасма алынды... Читать дальше...

ИИМдин алдын ала жыйынтыгы: Эгизбаев киши колдуу болгону аныкталган жок

Azattyk.org 

“Азаттык” радиосунун кабарчысы Уланбек Эгизбаев киши колдуу болгону алдын ала изилдөөдө аныкталган жок. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Нурбек Абдиев билдирди: - Акыркы жыйынтык бир айдан кийин белгилүү болот. Алдын ала диагноз боюнча, ал чөгүп кеткен. Маркумдун денесинде күчтөп залал тийгизүүнүн издери жок. Ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Окуя болгон жерден алыстан тартылган видеотасма алынды, экспертиза жүрүп, күбөлөр суралып жатат. Читать дальше...

Уланбектин сөөгү жерге берилди

Azattyk.org 

"Азаттыктын" чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаевдин сөөгү туулган айылы - Кочкордун Көк-Жарына коюлду. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер да катышты. Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Милициянын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп кетти. Эгизбаев туура бир ай мурда ардагер журналисттердин колунан “Алтын калем” сыйлыгын алган. Читать дальше...

УКМК: Сириядан кайткан кыргызстандык кармалды

Azattyk.org 

“Сирия-Ирак согуш зонасынан кайтып, Кыргызстанда террордук акцияларды уюштурууну көздөгөн кыргыз жараны кармалды” деп билдирди 24-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК). Мекеменин маалымат кызматы билдиргенине караганда, кармалган адам 2016-жылы эл аралык террордук уюмдун курамында болуп, Сирияда өкмөттүк күчтөргө каршы активдүү согуштук аракеттерге катышкан. Ал эми 2017-жылы Кыргызстанда “аскердик жихад” жүргүзүү үчүн кайтып келген. Атайын кызматтын Тергөө органдары иликтөө жүргүзүүдө.



Кыргыз эли чыгаан уулу менен коштошту

Azattyk.org 

"Азаттыктын" чыгаан журналисти Уланбек Эгизбаевдин сөөгү Кочкор районунун Көк-Жар айылына коюлду. Уланбек Эгизбаев коомдогу курч маселелерди тайманбастан козгогон, Кыргызстандын коомчулугунун сүймөнчүгүнө айланган таланттуу иликтөөчү журналист болчу. Ал 22-июлда 28 жашында көз жумду.

Байыркы мумия акыркы жолу эмне жеген?

Azattyk.org 

5300 жыл мурда мумияланган, муз астында жаткан кишинин эмне тамак жегени аныкталды. Аттын бышкырганы - жаныбардын жакшы маанайынын жышаанасы. Юпитердин дагы 12 жандоочусу табылды. Кытайда кишини күлгө айлантчу лазердик мылтык жасалды.

Жанар Акаев: Улан микрофону менен Ак үйгө киргенде саясатчылар туш келди качып кетчү

Azattyk.org 

Уланбек Эгизбаев чындыктын символу болчу, ал келе жатканда саясатчылар качып турчу деп билдирди бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кочкордо маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда:  - Улан дагы жашаганда коомду тазартмак. Адилеттүү, таза коом түзүш үчүн Уландай адам керек эле. Улан микрофонун көтөрүп Ак үйгө киргенде саясатчылар залдан качып жөнөшчү. Туш келди кабинетке кирип, ага үч мүнөттүк интервью берүүдөн качып турушчу. Анткени Улан чындыктын, акыйкаттыктын, адилеттүүлүктүн символу болчу. Читать дальше...

Кочкордо Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатышты

Azattyk.org 

Кочкордо "Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Ага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева баштаган саясатчылар, укук коргоочулар, активисттер да катышты. Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Милициянын айтымында, ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп кетти. Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде... Читать дальше...

Таабалдиев: Журналисттин Интернеттеги жигердүүлүгү ага коркунуч жаратат

Azattyk.org 

Журналисттер Интернеттеги социалдык түйүндөргө өзүнүн күнүмдүк кылган иштерин, барган жерлерин жарыялашы анын жеке коопсуздугуна терс таасир этет. Бул тууралуу Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиев “Азаттык” радиосунун эфиринде сүйлөп жатып билдирди. - Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин өзгөчө иликтөө жаатында эмгектенген кесиптештерибиз социалдык медиадагы жигердүүлүгүн өтө кылдат талдашы керек экенин көрдүк, - деди Табалдиев. 22-июлда “Азаттык” радиосунун журналисти Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө көз жумду. Читать дальше...

Табалдиев: Журналисттин интернеттеги активдүүлүгү ага коркунуч жаратат

Azattyk.org 

Журналисттер интернеттеги социалдык түйүндөргө өзүнүн күнүмдүк кылган иштерин, барган жерлерин жарыялоосу анын жеке коопсуздугуна терс таасир этет. Бул тууралуу улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Табалдиев “Азаттык” радиосунун эфиринде сүлөп жатып билдирди. - Уланбек Эгизбаевдин өлүмүнөн кийин өзгөчө иликтөө жаатында эмгектенген кесиптештерибиз социалдык медиадагы активдүүлүгүн өтө кылдат талдашы керектигин көрдүк, - деди Табалдиев. 22-июлда “Азаттык” радиосунун журналистти Уланбек Эгизбаев Ысык-Көлдө көз жумду. Читать дальше...

Кургак учуктун оор формасын дарылоо ийгиликтүү болууда

Azattyk.org 

АКШнын USAID эл аралык өнүктүрүү агенттигинин жардамы менен Кыргызстанда кургак учуктун дарыга туруктуу оор формасына чалдыккан эки кишинин дарылануусу ийгиликтүү ишке ашты. Дагы бир нече оор формадагы туберкулез бейтабы бул жаңы ыкма менен дарыланууда. USAID 18 ай мурда “Кургак учукту жеңебиз!” деген ураан менен жаңы дарылоо ыкмасын Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуштаган. Мурда оор дартка чалдыккандар эки жыл бою 14 600 таблетка дары ичип, 240 даана ийне сайдырышчу. Дарылануунун узак мөөнөтүнөн улам ар бир экинчи бейтап көз жумган. Читать дальше...

Бишкекте кафе өрттөндү

Azattyk.org 

24-июлда Бишкектин Октябрь районунда “Зимняя бухта” аттуу кафе өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Кырсык тууралуу маалымат шаардык өрт өчүрүү бөлүмүнө эртең мененки саат 7:51де түшкөн. Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылып, саат 09:18де толук өчүрүлгөн. (BCh)

Тажикстан: күч кызматы баңгизат ташыйт

Azattyk.org 

Тажикстан аркылуу Борбор Азия жана Eвропага жеткен баңгизатты ташууга тажик укук коргоо органдары да аралашып келген. Коңшу өлкөнүн баңгизатка каршы башкы күрөшүү органы маалымат таратып, жыл башынан бери бир топ күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кармалганын билдирет. Учурда Тажикстанда Ооганстан менен чек арадагы көзөмөл күчөтүлдү.

Албек Ибраимовго расмий айып коюлду

Azattyk.org 

УКМК Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовго айыбын угузду. Ал "баш калаадагы жер тилкелерин саткан" деп коррупцияга байланыштуу айыпталууда. Ибраимов өзүнө карата коюлган кинелерди негизсиз деп атаган. Талдоочулар баш калаанын деталдык планы ачык болбогондуктан коррупция күчөгөнүн айтып жатышат.

Дүйшембиев Бишкек мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Azattyk.org 

Бакытбек Дүйшембиев Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп расмий дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 23-июлда кол койду. Ага ылайык, Дүйшембиев бул милдетти жаңы мэр шайланганга чейин аткарат.  Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 8-августка белгиленген. Быйыл 13-июлда Бишкек шаардык кеңеши мурдагы мэр Албек Ибраимовго ишеним көрсөтпөө тууралуу чечим кабыл алып, премьер-министр аны кызматтан алган. Ибраимов учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Читать дальше...

Элчилик: Москвадагы окуяга кыргызстандыктардын тиешеси жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада кыргызстандык жарандардын жашы жете электерди барымтага алууга аралашканын четке какты. Элчиликтин билдирүүсүндө бул окуяга катышкандар Кыргызстандын эмес, Өзбекстандын жарандары болуп чыкканы айтылат. 23-июлда орусиялык маалымат каражаттары Кыргызстандан чыккан жарандар Москвада жашы жете электерди барымтага алганын, полиция алар турган батирден туткундарды бошотконун жазып чыгышкан. Кийинчерээк «112» телеграм каналы Москвада бычак менен куралданган... Читать дальше...

"Азаттыктын" кабарчысы Уланбек Эгизбаевдин сөөгү жерге берилет

Azattyk.org 

"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев менен коштошуу зыйнаты  маркум өзү туулган Кочкор районунун Көк-Жар айылында өтүп жатат. Анын сөөгү бүгүн саат 10.00дө коюлат.  Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Ата шаарында ооруканада каза болду. Ал Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алууга барган жеринен сууга чөгүп, башка эс алуучулар тарабынан жээкке чыгарылган. Уланбек Эгизбаев соңку эки айда Улуттук тарых музейиндеги мумия баш болгон экспонаттардын чоо-жайын, Бишкекте жана анын тегерегинде өөрчүп кеткен көрүстөн сатуу бизнесин иликтеп чыккан.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *