Оштун мэри ишин Кытай куруп жаткан бейтапкананы көрүүдөн баштады
Ош шаарынын жаңы мэри Таалайбек Сарыбашев бүгүн 28-июль күнү Ак-Тилек кичи районуна курулуп жаткан 150 орундуу оорукананын курулуш иштерин көрдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Азамат Абсаттаров “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, курулушу 2017-жылдын август айында башталган бейтапкана 99% салынып бүттү. Поликлиника быйыл август айында ишке берилгени турат. Учурда анын айланасын иретке келтирүү жана медициналык жабдыктарды орнотуу жумуштары жүрүүдө. Долбоорго Кытай мамлекети 2 миллиард сом бөлгөн. Читать дальше...