Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 04.09.2018

Жогорку Кеңеш өз ишин баштады

Azattyk.org 

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин кезектеги бешинчи сессиясы ачылды. Төрага Дастан Жумабеков парламент расмий ишин баштаганын жарыялады. Бүгүндөн тартып комитеттер кийинки чоң жыйында кандай маселелер караларын аныкташат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Алтынчы чакырылыштагы азыркы парламент 28-июнда IV сессиясын аяктап, жайкы эс алууга тараган. Регламентке ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып аймактарда шайлоочулар менен жолугушаары айтылган. Азыркы парламент 2015-жылы күзүндө шайланган. Читать дальше...

Депутат экени айтылып жаткан шектүүгө издөө жарыяланды

Azattyk.org 

Токмок шаарында "бир кишини бычактады" деп шек саналып жаткан, 1988-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранга расмий издөө жарыяланды. Анын бөгөт чарасы сотто каралып, камакка алынсын деген айыбы сыртынан угузулду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. 26-август күнү Токмок шаарынын мал базарынан Ж.Т. аттуу жаран бычакталып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 27-97-беренеси ("Адамдын өмүрүнө кол салуу") менен иш козголгон. Буга чейин жергиликтүү массалык маалымат... Читать дальше...

Ирандын министри Сирияга барды

Azattyk.org 

3-сентябрда Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Дамаскка барып, президент Башар Асад менен жолукту. Жолугушуу Сирия армиясы козголоңчулардын акыркы ири таянычы деп эсептелген Идлиб провинциясына чабуулган коюуга камданып жаткан маалда болду.

“Левада”: орусиялыктардын жарымы нааразы

Azattyk.org 

Орусияда пенсия жашын көтөрүүгө каршы митингдер уланууда. Калктын нааразычылыгын президент Владимир Путиндин өткөн жумадагы телекайрылуусу да жумшарта албады.

ДКО-2018: Медалдардын саны боюнча Казакстан алдыда

Azattyk.org 

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында медалдардын эсеби боюнча Казакстан биринчи орунда. 3-сентябрдагы оюндардын жыйынтыгына караганда, Казакстан командасында 19 медал бар, анын жетөө алтын. Ал эми экинчи саптагы Кыргызстанда 18 медал бар, анын бешөө алтын. Үчүнчү орунга он эки медал менен Түркмөнстан чыкты.  Андан кийин Орусия (7 медал, 3 алтын) жана Өзбекстан (12 медал, 2 алтын) турат.  Бүгүн, 4-сентябрда спорт мелдештердин алкагында ат чабыш (80 чакырымга), аркан тартыш, казак күрөшү, таяк тартыш... Читать дальше...

Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү

Azattyk.org 

Бишкектин четинде киши колдуу болгон Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш иши сотко өттү. Алгачкы жараян 6-сентябрга белгиленди. Бул тууралуу маркумдун жубайы Лариса Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова билдирип, кылмыш ишин иликтөө үстүртөн жүргүзүлгөн деген пикирин айтты.  Ички иштер министрлиги тергөөнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат бере элек. Кылмышка шектүү катары үч жарандын аты аталууда. Алардын экөө кармалып, бирине издөө жарыяланган.  Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор... Читать дальше...

Москва: полициячынын өлүмүнө шектелип кармалган жаран күнөөсүз экенин айтууда

Azattyk.org 

Орусиянын борбору Москва шаарындагы метродо полиция кызматкеринин өлүмүнө шектүү катары кармалган теги кыргызстандык жаран өзүнүн күнөөсүз экенин айтууда. Орусиялык мамлекеттик маалымат каражаттары шектүүнүн полицияга берген сурагы тартылган видеону жарыялашты. Анда ал полиция кызматкеринин өлүмүнө тиешеси жоктугун айткан. Окуя "Курская" метросунда 3-сентябрга караган түнү болгон. Орусиянын Ички иштер министрлигинин расмий сайтындагы маалыматка караганда, башына жеген октон каза болгон 23 жаштагы... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин бешинчи сессиясы ишин баштайт

Azattyk.org 

Бүгүн парламенттин кезектеги бешинчи сессиясы ачылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Алтынчы чакырылыштагы азыркы парламент 28-июнда IV сессиясын аяктап, жайкы эс алууга тараган. Регламентке ылайык, депутаттар 1-июлдан тартып аймактарда шайлоочулар менен жолугушаары айтылган. Азыркы парламент 2015-жылы күзүндө шайланган. Анда алты фракция бар.  Бешинчи сессия 2018-жылдын сентябрынан 2019-жылдын июнуна чейин иш алып барат. (NT)

Казакстан: 52 жаран каза болгон жол кырсыгы боюнча иш сотто карала баштады

Azattyk.org 

Казакстандын Актөбө облустук соту Өзбекстандын 52 жараны каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин 3-сентябрда карай баштады.   "Азаттыктын" казак кызматы жазып чыккандай, бул иш боюнча беш киши айыпталууда. Алар автобустун үч айдоочусу жана «Азия транзит сервис» фирмасынын эки өкүлү — негиздөөчүсү жана механиги. Автобус айдоочулары Нуржан Кыргызбаев, Максат Пернебеков жана Барат Танатов 26-январдан бери Актөбөдөгү тергөө абагында отурушат. Фирма жетекчиси менен механиги эч кайда чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде бошотулган. Читать дальше...

Бүгүн Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоору боюнча кайрадан сынак өтөт

Azattyk.org 

Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин жетекчиси Бакыт Шаршембиев "Азаттыкка" билдиргендей, "Коопсуз шаар" долбоору боюнча ачык сынак саат 15.00дө болот. Шаршембиев бул ирет онлайн-аукцион "үзгүлтүккө учурабайт жана мурдагы мүчүлүштүктөр оңдолду" деп ишендирди. Долбоорду ишке ашырчу компанияны тандоо боюнча 23-августтагы онлайн-аукцион үзгүлтүккө учураган. Буга аукцион өтүп жаткан Мамлекеттик сатып алуу порталынын онлайн системасы бузулганы жүйө келтирилген. Натыйжада 27-августта кайрадан тендер жарыяланып... Читать дальше...

Жапония: тайфун коркунучунан улам 500дөн ашык аба каттамдар токтотулду

Azattyk.org 

Жапонияда "Жеби" деп аталган тайфун өлкөнүн батыш жээктерине жакындоодо. Буга байланыштуу авиакомпаниялар ички рейстерди убактылуу токтотушканын "Итар-Тасс" Эн-эйч- кей (NHK) телеканалына шилтеме берип жазды. Тайфун коркунучу өлкөнүн батышында бир нече темир жол каттамдарынын да убактылуу токтошуна алып келди. "Жеби" быйыл Тынч океанында пайда болгон 21-тропикалык катуу тайфун. Жапониянын Улуттук метеорология башкармалыгынын маалыматына караганда, учурда шамалдын ылдамдыгы секундасына 45-60 метрди түзүүдө. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *