Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 05.09.2018

Салянова: Гуревичке жолуккан эмесмин

Azattyk.org 

Экс-башкы прокурор Аида Салянова Кыргызстанда сыртынан соттолгон Евгений Гуревичтин айткан маалыматы тууралуу “Азаттыкка” маек курду. Салянованын айтымында, "Гуревичке жолукту деген прокурорлор" ал баш прокурорлукту аркалап турган кезде АКШга барган эмес.

Салянова: Бакиевдер уурдады деген акчаны кайтаруу аракетибиз кийин унутта калды

Azattyk.org 

“Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кетти” деген миллиондогон акчаны кайра Кыргызстанга кайтаруу жаатында бир топ аракет көрүлгөн, бирок анын баары кийин унутта калды. Мындай пикирин бүгүн “Азаттык” радиосуна курган маегинде мурдагы башкы прокурор Аида Салянова билдирди. - Чоң жумуш 2013-2014-жылдары болду. 2014-жылы июнь айында мен АКШга барып көп жолугушууларды өткөрдүм. Мындай деңгээлдеги жолугушуулар Башкы прокуратура тарабынан мага чейин да, менден кийин да АКШда болгон жок. Ал жолугушуулардын максаты бир эле болчу ... Читать дальше...

Швецияда Каримовага пара берген компаниянын мурдагы жетекчилери соттолууда

Azattyk.org 

Швеция соту телекоммуникация тармагындагы ири компаниянын мурдагы үч жетекчисинин коррупциялык ишин карап жатат. Бул иште Өзбекстандын биринчи президенти маркум Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнаранын да ысымы аталууда. Telia компаниясынын мурдагы аткаруучу директору Ларс Нюберг жана дагы эки киши Каримовага өзбек рыногуна чыгуу жана жергиликтүү бийликтен “коргоо” үчүн 350 миллион доллар пара беришкен деп күнөөлөнүп жатышат. Өзбекстанда компания Ucell деген бренд алдында иш алып барчу. Соттолуучуларга айып былтыр сентябрда тагылган. Читать дальше...

Эрдоган Идлибге чабуул "кыргынга" алып келерин эскертти

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Сириянын Идлиб провинциясына чабуул жасоо “кыргынга” алып келиши ыктымал деп эскертти. Бул тууралуу Эрдоган 5-сентябрда Кыргызстандагы расмий сапарынан кайтып келатып билдирди. Ушу тапта Сириянын өкмөттүк армиясы козголоңчулардын колундагы акыркы аймакты кайтарууга камданып жатышат. Президент Идлибде айгышкан салгылашуу башталса, Түркияга агылган качкындардын саны көбөйөт деп айтты. 4-сентябрда Башар Асаддын негизги өнөктөшү Орусия 22 күндүк тыныгуудан кийин чөлкөмдү бомбалоону жандандырган. Читать дальше...

АКШ Пакистан менен мамилелерди жакшыртууга үмүттөнөт

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жаңы премьер-министр Имран Хан бийликке келгенден кийин Пакистан менен мамилелерди “жандандырууга” өбөлгө түзүлөт деп ишенерин билдирди. Вашингтондун өкүлү Хан менен 5-сентябрда Исламабадда жолугушмакчы. Жаңы премьер АКШнын көп жылдардан берки сынчысы катары белгилүү. Помпеону Пакистан сапарында Биргелешкен штабдардын төрагасы генерал Жозеф Данфорд коштоп жүрөт. АКШ Пакистан бийлиги Ооганстан менен чек арада жашырынган жоочуларга каршы жетиштүү чара көрбөй жатат деп аскердик жардамды кыскарткан. Читать дальше...

Кырчынга барган Орбан жана айымдар

Azattyk.org 

3-сентябрда башталган Көчмөндөр оюндарына беш мамлекеттин президенти келди. Андан тышкары бир катар коомдук ишмерлер, биринчи айымдар да катышты. (Сүрөттөр президенттин сайтынан алдынды).

Трамп Коопсуздук кеңешинин Иран боюнча жыйынына төрагалык кылат

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп БУУнун Коопсуздук кеңешинин Иран боюнча жыйынында төрагалык кылмакчы. Жолугушуу үстүбүздөгү айда Нью-Йоркто өтөт. Бул тууралуу АКШнын Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли 4-сентябрда билдирди. Кеңештеги төрагалык эми Кошмо Штаттарга өттү. Буга чейин Вашингтон кеңеште Тегеранга каршы чараларды сүрөп, бирок ийгиликке жете алган эмес. Хейли жана Трамп Иран Сирия жана Йемендеги согушка аралашууда, терроризмди колдойт, 2015-жылкы өзөктүк келишимдин духун бузууда деп айыптап келишет. Читать дальше...



Депутат гимнди билбегени үчүн элден кечирим сурады (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Пархат Тулендыбаев элден кечирим сурап, мындан ары ката кетирбөөгө убада берди. Бүгүн парламенттин басма сөз кызматы анын атынан тараткан билдирүүдө “Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн башкы символдорунун бири болгон гимнди туура эмес аткарганым үчүн элден кечирим сурайм. Парламент депутаты катары мен үчүн бул жол берилгис көрүнүш. Мындан ары ушундай ката кетирбестен элибиз жана өлкөбүз үчүн эмгектенүүгө убада берем” деп айтылат. 4-сентябрда “Апрель” телеканалынын кабарчылары Жогорку Кеңештин депутаттарын кыдырып... Читать дальше...

Эл аралык эксперттер Эймсбериде өлгөн аял "Новичоктон" ууланганын билдиришти

Azattyk.org 

Июлда Англиянын Эймсбери шаарында ууланган Дон Стержес нервди шал кылуучу “Новичок” деген заттан каза тапкан. Мындай тыянакка Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун адистери экспертизадан кийин келишти. Ошол эле зат март айында Солсбериде мурдагы орусиялык агент Сергей Скрипал менен кызы Юлияны ууландыруу үчүн пайдаланган. Лондон СССРдин тушунда чыгарылган “Новичок” менен кол салууну Москва уюштурган деп ырастап келет. Орусия бул ишке тиешеси жоктугун айтууда. Уюмдун эксперттери эки ирет Англияга барып анализдерди алып кетишкен. Читать дальше...

АКШ Конгресси "Фейсбук" жана "Твиттердин" жетекчилерин угууларга чакырды

Azattyk.org 

"Фейсбук" жана "Твиттердин" жетекчилери АКШ Сенатында орусиялык жана башка агенттердин алдыдагы шайлоого таасир этүүнүн алдын алуу аракеттери тууралуу суроолорго жооп беришмекчи. Конгресске шайлоо 6-ноябрда өтөт. Конгрессмендер Орусия бул эки социалдык медиа компаниялары аркылуу 2016-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгүнө аралашууга аракеттенген деп сындап келишет. Буга чейин атайын прокурор Роберт Мюллер орусиялык 13 кишиге "Фейсбук" жана "Твиттерде" жалган аккаунттарды ачып, АКШдагы президенттик... Читать дальше...

Бишкек ЖЭБдеги химиялык цех 90% жабдылып бүттү

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) химиялык цехтеги жабдыктардын 90% орнотулуп бүттү. Бул тууралуу 5-сентябрда «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди. Анын айтымында, курулуш иштерин «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорунун алкагында ТВЕА компаниясы жүргүзүүдө. Химиялык цех 1-октябрга чейин курулуп бүтөрү айтылды Июль айында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов энергетика тармагын күз-кыш мезгилине даярдоонун алкагында ЖЭБге барганда... Читать дальше...

Бишкектин мектептеринде окуучунун саны нормадан эки эсе көп болууда

Azattyk.org 

Бишкектин мектептеринде балдардын саны нормадан эки эсе көп болуп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна борбор калаанын Билим берүү башкармалыгынын өкүлү Чынара Исакова билдирди. Анын айтымында, Бишкекте жыл сайын окуучулардын саны он миңдеп көбөйүп жатат: - 2015-жылы 127 миң бала болчу, 2016-жылы 137 миң, 2017-жылы 147 миң окуучу катталган. Быйыл 155 миң бала окуйт деп эсептелди. Жыл сайын Бишкекте экиден мектеп курулуп, пайдаланууга берилип жатат. Бирок борбор калаадагы мамлекеттик 97 мектептин... Читать дальше...

Орозобекова: Президент мугалимдердин үнүн угууга мезгил жетти

Azattyk.org 

Булан институту президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жолдоду. Анда “мектептеги көйгөйлөр тез арада чечилбесе, жалпы билим берүү системасы келерки 10-15 жыл ичинде кыйроо алдында турганы” айтылат. Булан институтунун директору Чолпон Орозобекова "Азаттыкка" маек куруп, негизги маселелер жана аларды чечүү аракеттери тууралуу айтып берди.

ДКО-2018: Кыргызстан-Алтай көк бөрү таймашы болбой калды

Azattyk.org 

Кыргызстандын көк бөрүчүлөрүнүн Алтай командасы менен оюну болбой калды. Буга Алтай көк бөрүчүлөрүнүн жарымы оюн талаасына чыкпай койгону себеп болду. "Азаттыктын" жеке булактарынан алынган маалыматка караганда, Алтай командасынын кээ бир оюнчулары өз өлкөсүнө кетип калган. Ушундан улам аларга техникалык утулуш жазылып, автоматтык түрдө жеңиш Кыргызстанга ыйгарылды. Алтай командасы буга чейин Монголияга 1:0 эсебинде утулган. Ушу тапта көк бөрү таймаштарынын алкагында Казакстан улакчылары Красноярск шаары менен ойноодо. Читать дальше...

Аялдар оор кырдаал учурундагы лидерлик сырларын үйрөнөт

Azattyk.org 

Бишкекте “Оош-кыйыш мезгилдеги лидерлик” темасында тренинг өтөт. Ага орусиялык журналист, саясатчы жана публицист Ирина Хакамада чакырылды. 7-сентябрга белгиленип жаткан иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, Хакамада каалоодон башка мүмкүнчүлүгү жок деле чоң ийгиликтерге жетишүүгө болорун өзүнүн мисалы аркылуу көрсөтүп берет. Өткөн жылдары Бишкекке бизнес боюнча дүйнөлүк эксперт Брайан Трэйси, лидерлик боюнча Майкл Кули, орусиялык тележылдыз Ксения Собчак келип, ийгиликке жетишүүнүн сырларын үйрөтүп кетишкен. Читать дальше...

Кырчын: Чүйдүн боз үйүндө илинген ак илбирстин териси боюнча териштирүү башталды

Azattyk.org 

Кырчын жайлоосунда Чүй облусунун боз үйүндө илинген ак илбирстин териси кайдан алынганы териштирилет. Бул тууралуу Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Мамлекеттик экотехинспекцияга маалымат берилди, себеби бул мыйзам бузуу болуп эсептелет. Ак илбирс Кызыл китепке кирген жаныбарлар түрүнүн бири. Ал өзгөчө коргоого алынган. Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. Читать дальше...

Абылгазиев: Көчмөндөр оюндары менен кошо жергебизге кут түштү

Azattyk.org 

Көчмөндөр оюндары 2018-жылдын дүйнөдөгү үч эң маанилүү окуяларынын катарына кирди жана аны менен кошо кыргыз жергесине кут түштү десе болот. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы «Номад» амфитеатрында өтүп жаткан «Көчмөндөр ааламы» этнофестивалынын ачылыш салтанатында сүйлөп жатып билдирди. Премьер-министр ар бир маданият өз алдынча кайталангыс жана уникалдуу экенин айтып, алардын жуурулушу бири-бирине жагымдуу таасирин тийгизерин, аны байытууга өз салымын кошорун белгиледи. Читать дальше...

Кулуев: Аткаминерлердин гимнди билбегени уят

Azattyk.org 

Ушул тапта интернет айдыңында кабарчылардын суроосуна жооп берип жатып, гимндин текстин билбей калган депутаттардын жоругу катуу талкууга түштү. Көпчүлүк муну мамлекетти сыйлабастык катары баалап, өлкөнүн башкы символдук ырын билбеген эл өкүлдөрүн мандатынан ажыратууну да талап кылышты.

Жемкорлордон өндүрүлгөн кезектеги сумма Бирдиктүү эсепке которулду

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарды иликтөөнүн натыйжасында өндүрүлүп алынган акчанын кезектеги топтолгон суммасы Бирдиктүү депозиттик эсепке которулду. Бул тууралуу Финансылык полиция кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, которулган сумма 7 миллион 789 миң сомду түзөт. Бүгүнкү күнгө карата Депозиттик эсепте топтолгон каражат 158 миллион 575 миңге жетти. Быйыл июнь айында өкмөт экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндөгү жазык иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан түшкөн... Читать дальше...

"Коопсуз шаар" орус компаниясына өттүбү?

Azattyk.org 

Бишкекте "Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөн аукциондо орусиялык ВЕГА радиокуруу концерни кызмат көрсөтүүнүн эң төмөнкү баасын сунуштап, алдыга чыкты.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *