Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 20.09.2018

Улан Саляновдун өлүмү боюнча иш сотто каралат

Azattyk.org 

Бүгүн 20-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту киши колдуу болгон Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишти кароону улантат. 6-сентябрга белгиленген алгачкы жараян айыпталуучу тарап сотко келбей калганына байланыштуу болбой калган. Парламенттин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси, 42 жаштагы Улан Саляновду былтыр 6-ноябрда Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы үйүнөн атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон. Читать дальше...

Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды

Azattyk.org 

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу "Эне тил жана Айтматов" деген аталышта мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялады. Бул тууралуу комиссиянын жетекчиси Назаркул Ишекеев 19-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканда билдирди. Анын айтымында, ушул күнгө чейин республика боюнча "Кыргызтесттен" жалпысынан 15 миңден ашуун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер өттү. Мамлекет башчысы билим берүү тармагында, анын ичинде мектепке... Читать дальше...

Унаа салыгын төлөбөгөндөр боюнча рейд жүрөт

Azattyk.org 

Мамлекеттик салык кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери менен биргеликте унаа салыгын төлөбөгөндөргө каршы атайын рейд өткөрөт. Аталган мекемеден кабарлашкандай, тийиштүү төлөмдү төкпөгөндөр негизги салыктан сырткары 2 миң сом айыппул төлөөгө милдеттендирилет. Унаага салык төлөө мөөнөтү 4-сентябрда аяктары буга чейин бир канча ирет эскертилген. Салык наркы унаанын түрүнө, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө, колдонулган мөөнөтүнө жараша эсептелет. Читать дальше...

Башар Асад Израилдин айыптоолорун четке какты

Azattyk.org 

Сириянын президенти Башар Асад орусиялык Ил-20 учагынын кулашы үчүн Израилди айыптады. Бул тууралуу мамлекеттик САНА агенттиги жазды. “Бул кайгылуу окуя өз максатына жетүү үчүн бардык ыплас жол-жоболорду колдонгон, биздин аймакта кастык аракеттерин ишке ашырган Израил агрессиясынын натыйжасы”, - деп жазылат Асаддын Орусия президенти Владимир Путинге жолдогон телеграммасында. 18-сентябрда орусиялык Ил-20 учагы атып түшүрүлгөн. Андан 15 аскер набыт болгон. Орусиянын Коргоо министрлиги бул окуяга Израилди айыптап... Читать дальше...

Орусияда калктын саны жарым жылда дээрлик 100 миң кишиге кыскарды

Azattyk.org 

Орусиянын калкынын саны 2018-жылдын январь-июль айларында 91 миң 900 кишиге кыскарган. Бул тууралуу Росстаттын “Орусиянын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө” журналында айтылат. Ошол эле маалда миграциялык өсүштү эске албаганда, калктын саны 170 миң 500 кишиге азайган. Мындан тышкары 2018-жылдын жети айында төрөлүүнүн көрсөткүчү начарлап кеткен. Статистика кызматы экинчи жарым жылдыкта да ушундай динамика сакталса, соңку тогуз жылдан бери биринчи жолу калктын саны кемирин белгиледи.

Бишкек: Шаардык кеңеш коалиция түзүп, төрага шайлоо үчүн кезексиз жыйын курат

Azattyk.org 

Бүгүн 20-сентябрда Бишкек шаардык кеңеши коалиция түзүп, төрага шайлоо үчүн кезексиз жыйынга чогулат. Жаңы коалиция төрт фракциядан куралып, “Кыргызстан” оппозицияда калмай болду. Бул тууралуу шаардык кеңештин депутаты, “Республика – Ата-Журт” фракциясынын мүчөсү Канатбек Мүсүрканов “Азаттыкка” кабарлады. - Алдын ала сүйлөшүү болду. Бүгүн ошону расмий жарыялайбыз. КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” коалицияга кирет. “Кыргызстан” "биз оппозицияда калабыз" деп өз талаптарын койду. Читать дальше...

БУУнун комитети Жакупова менен Айыптын арызын кароого алды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча комитети “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова менен Zanoza.kg сайтынын негиздөөчүсү Нарын Айыптын арызын кароого алды. Бул маалыматты “Азаттык” радиосуна укук коргоочу Чолпон Жакупова өзү ырастады. Анын айтымында, арыз 2017-жылы экс-президент Алмазбек Атамбаевдин пайдасына чыгарылган сот чечимдери тууралуу. Жакупова жана Айып БУУнун комитетине Кыргызстанда өз укуктарын коргоонун башка куралы калбай калганын айтып ушул жылдын апрелинде кайрылышкан. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *