Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Ноябрь
2018

Новости за 27.11.2018

Түркияда Сорос фонду өз ишин токтотот

Azattyk.org 

Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Соростун "Ачык коом" фонду Түркиядагы ишмердигин президент Режеп Тайып Эрдогандын катуу сынынан кийин токтотот. Немистердин "Deutsche Welle" агенттиги эл аралык кайрымдуулук фондунун өкүлдөрүнүн билдирүүсү чыкканын маалымдады. Буга чейин түрк лидери америкалык филантропту өлкөлөр ортосунда “ажырым отун жагууда” деп айыптаган. Эрдогандын пикиринде, Сорос 2016-жылы Түркияда ишке ашпай калган төңкөрүштүн артында тургандарды каржылаган. Ошондой эле түрк лидери... Читать дальше...

Тоң: айрым тургундар Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө каршы чыгышты

Azattyk.org 

Тоңдун Көк-Мойнок айылынын айрым тургундары Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө каршы болушууда. Өткөн жумада Көк-Мойнок айылында кенди иштетүү боюнча коомдук угуу болуп, анда айылдын айрым тургундары кенди иштетүүгө каршы экенин билдиришкен. Бул тууралуу “Азаттыкка” Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамкүл Кыдыралиева кабарлады:  - Бул жерде баары эмес, бирин-серин адамдар каршы чыгып атышат. Ага туура эмес маалымат келгендиги себеп болуп атат. "Уран казылса зыян" деп эле ошого каршы чыгып атышат. Читать дальше...

Эл аралык уюм Алепподо химиялык чабуул жөнүндө маалыматты иликтейт

Azattyk.org 

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюм Сириянын Алеппо шаарында химиялык чабуул болгон-болбогонун иликтейт. 100дөй киши газга ууланган деп шек менен ооруканага түшкөн. Эл аралык уюм Сирияга өз эксперттерин жиберүүгө камынып жатканын анын башкы директору Фернандо Ариас билдирди. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму белгилегендей, ооруканага түшкөн бейтаптар хлор менен ууландырылган болушу мүмкүн. 24-ноябрда Сирия өкмөтү козголоңчуларды "карапайым элге химиялык курал менен сокку урду" деп айыптаган. Читать дальше...

Ошто "Сары кол чатыр" аллеясы ачылды

Azattyk.org 

Ош шаарында кыз-келиндерге зомбулук кылбоого чакырган "Сары кол чатыр" аллеясы ачылды. 27-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багында атайын ажыратылган жерге сары түстөгү кол чатырлар илинди.  Бул аллея кыз-келиндерге зомбулук көрсөтүүнү токтотууга арналат. Аны мэрия өкмөттүк эмес уюмдар менен кошо уюштурууда. Саамалык аялдардын укугун коргоо максатында жыл сайын ноябрда өткөрүлчү 16 күндүк өнөктүктүн алкагында жүргүзүлүп жатат. "Дүйнөнү кызгылт-сары кылып, аял-мигранттардын укуктарын... Читать дальше...

Жалал-Абад: мэрия Бакиев менен Батыровдун мүлкүн өзүнө каттата элек

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарынын мэриясы 2010-жылы мурунку президент Курманбек Бакиевдин жакындарына таандык экендиги сөз болуп жүргөн базарды жана Кадыржан Батыровго тиешелүү көп кабаттуу үйдү өзүнө каттата албай жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” мэриянын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысы Болот Жусупбеков билдирди. Башкы прокуратура 2010-жылы бул мүлктү камакка алуу чарасын бекитип, Сузак райондук сотунун чечими чыккан. Кийин ал мамлекеттин карамагына алынган. 2016-жылдын сентябрь айында... Читать дальше...

Украина: Керчте кармалган моряктар - атайын кызматтын офицерлери

Azattyk.org 

25-ноябрда Керч кысыгында кармалган кемелерде Украинанын Коопсуздук кызматынын аскердик контрчалгын офицерлери болгон. Бул тууралуу Украинанын коопсуздук кызматынын жетекчиси Василий Грицак билдирди.    Грицактын айтканына караганда, офицерлер Украинанын мыйзамдарына ылайык, өлкөнүн аскер-деңиз бөлүктөрүндө контрчалгын тапшырмаларын аткарып жүрүшкөн. Мурдараак Украинанын Аскер-деңиз күчтөрүнүн башчысы Игорь Воронченко кармалгандар Коопсуздук кызматынын офицерлери экенин билдирген. Орусиянын... Читать дальше...

Жалал-Абад: зомбулукка кабылган 57 эркек кишиге коргоо ордери берилди

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусунда быйыл жыл башынан бери үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 1020дан ашуун факты катталып, жабырлануучуларга карата миңдей коргоо ордери берилди. Алардын 57си үй-бүлөдө аялдардан запкы көргөн эркектерге тиешелүү. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын улук тескөөчүсү Улукбек Хашимов “Зомбулукка каршы 16 күндүк акциянын” алкагында уюштурулган конференция учурунда билдирди. Хашимовдун айтымында, быйыл жыл башында кабыл алынган «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо... Читать дальше...

Кыргызстанда чылым азайса насыбай күчөдү

Azattyk.org 

Адистер Кыргызстанда чылымды таштагандар азайганы менен насыбай чегүүгө өткөн өспүрүмдөр менен аялдар барган сайын көбөйүп баратканын айтышууда. Ал арада Жогорку Кеңештин депутаттары чылым жана насыбай чегүүнү чектөө боюнча мыйзамга толуктоолорду сунуш кылып жатышат.



Мамлекеттик сатып алуунун эрежесин кайра карап чыгуу сунушталды

Azattyk.org 

Бишкекте 27-ноябрда тоо-кен тармагын талкуулаган жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев мамлекеттик сатып алуу боюнча эрежени кайра карап чыгууну сунуш кылды.  - Бүгүнкү күндө мамлекеттик сатып алуу кыйынчылык жаратып жатат, - деди ал. - Ошол эле учурда сапатсыз буюмдарды сатып алып жатабыз. Бул пикириме баары кошулат. Бул мыйзамды тезинен алмаштырыш керек. Жогорку Кеңеште да көтөргөм бул маселени. Мамлекеттик сатып алуунун эрежеси качан кабыл алынды эле? Интернет жок кезде кабыл алынган. Читать дальше...

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге иш козгоодон баш тартты

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтылганын “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттык” радиосуна билдирди:  - "Кылмыш ишин козгоодон баш тарттык" деп айтышты. Бирок Сегизбаев 6 миллион элдин алдында жасалма документти пайдаланган. Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренесинде “жасалма документти жасоо, пайдалануу” деп жазылып турат. Читать дальше...

ТИМ Кытайдагы кыргыздардын камалышы боюча маалыматтарды текшерүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз улутундагы Кытай жарандарынын камалышы боюнча маалыматтарды текшерүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда министр Чыңгыз Айдарбеков парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Комитет бул маселени жабык карады. Депутат Таабылды Тиллаевдин "Азаттыкка" айтканы боюнча, Айдарбеков азырынча маалымат тактала элек экендигин билдирген. - Кытай жабык мамлекет. Алар биздин туугандар болгон менен Кытайдын жарандары.... Читать дальше...

Күйөөсүнүн камчысынан качкан аялдар

Azattyk.org 

Кыз-келиндер кабылган зордук-зомбулукка каршы күрөш боюнча 16 күндүк өнөктүк башталды. Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, дүйнөдө ар бир үчүнчү аял зордук-зомбулуктан жапа чегет. Мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттерде бул жагынан абал кандай?

Жабер Ансари Казакстанга барды

Ca-irnews.com (kg) 

Ирандын тышкы иштер министринин саясий иштер боюнча жардамчысы Хоссейн Жабер Ансари Сирия боюнча эл аралык сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Казакстандын борбор шаары Астанага барды.

ЖК комитети экс-президенттин кол тийбестиги боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана парламенттин регламенти боюнча комитети экс-президенттин кол тийбестигине байланыштуу мыйзам долбоорун жактырды. Ага ылайык, экс-президент Конституцияда белгиленген бир катар артыкчылыктар менен жеңилдиктерден ажыратылат. Аны депутаттар Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев иштеп чыккан.  - Эң негизгиси - биз 12-беренени жокко чыгарып жатабыз. 2011-жылы өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңешке 12-беренени... Читать дальше...

Мурадил Жумадилде уулу "Кыргызалтындын" жетекчисинин орун басары болду

Azattyk.org 

"Кыргызалтындын" жетекчисинин орун басары болуп Мурадил Жумадилде уулу дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун басма сөз өкүлү Толкун Камчыбекова кабарлады: - Мурадил Жумадилде уулу экономика, каржы жана инвестициялар боюнча орун басар болуп дайындалды. Аны бул кызматка Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет сунуш кылып, директорлор кеңеши тиешелүү чечим чыгарды. Бул кызматты мурун Бектур Сагынов аркалап келген. Читать дальше...

Автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяны текшерилүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн Мамлекеттик экологиялык техникалык инспекция Бишкек шаарындагы автоунаалардан чыккан түтүндүн зыяндуулугун аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө. Мекеменин адистери көпчүлүк учурда тийиштүү нормадан ашыкча уулуу зат бөлүп чыгарып жаткан машинелер эскиргенин же алардын техникалык абалы начар экенин белгилейт. Инспекторлор жүргүзүп жаткан рейддин жыйынтыгында абаны булгап жаткан автоунаалардын айдоочуларына айыппул салынып, эскертүү берилди. Автоунаадан чыккан түтүндүн зыяндуулугу атайын жабдык менен текшерилет. Читать дальше...

Кыргызстан он өлкөнүн жарандарына визасыз режим киргизет

Azattyk.org 

Кыргызстан дагы он өлкөнүн жарандарына визасыз каттоо режимин киргизет. Буга байланыштуу мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети карап, жактырды. Өкмөт Румыния, Болгария, Кипр, Аргентина, Чили, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино жана Оман өлкөлөрүнө карата виза режимин жоюуну сунуш кылып жатат. Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулунун “Азаттыкка”  билдиргени боюнча, визасыз режимдин мөөнөтү 2020-жылдан 2030-жылга чейин узартылмай болду. Учурда Кыргызстан менен 45 мамлекеттин ортосунда визасыз режим бар. Читать дальше...

Аймактык гезиттин араң жан абалы

Azattyk.org 

Ноябрь айында жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо борборунан басылып чыккан үч гезит ишин токтотту. Мунун себебин адистер көпчүлүк Интернетке өтүп, гезиттин окурмандары азайып калганы менен түшүндүрүп жатышат. Мындай кырдаалда алыскы аймактык гезиттердин абалы кандай болуп жатат? “Азаттык” Ак-Талаа районунун “Айыл турмушу” гезитинин редакциясынан кабар алды.

Бекназаров КСДПнын мүчөлөрүн Атамбаевди же Жээнбековду тандоого үндөдү

Azattyk.org 

Саясатчы, 24-ноябрда өткөн “Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең” аттуу курултайдын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров басма сөз жыйынын өткөрүп жатып, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) депутаттары же экс-президент Алмазбек Атамбаевдин, же азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун тарабында болушу керек деген оюн билдирди. - КСДП 20-ноябрга чейин "курултайга катышабыз" деп келген. Анан эле курултайда Каптагаев сүйлөй тургандыгын угуп, "келбейбиз" деп койду. Мен ошон үчүн КСДПнын айрым мүчөлөрүнө кайрылат элем... Читать дальше...

Башкы прокуратура Өмүрзаков тууралуу маалыматты четке какты

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Улук Өмүрзаковдун Баткен облустук прокуратурасына которулганы тууралуу маалыматты четке какты. Мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватованын “Азаттыкка” айтканы боюнча, бул маселе прокуратуранын карамагында. Буга чейин Өмүрзаков Баткен облусунун прокурорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалганын облустук прокуратуранын өкүлдөрү “Азаттыкка” ырасташкан эле. Ош облустук прокуратурасында бөлүм башчы болуп иштеген Улук Өмүрзаков Баткен облустук прокуратурасына которулганы 26-ноябрда белгилүү болгон. Читать дальше...

Дүйшебаев: Курултай - бийликтин тапшырмасы эмес

Azattyk.org 

24-ноябрда өткөн курултай бийликтин колдоосу менен уюштурулган эмес. Бул тууралуу бүгүн басма сөз жыйынында курултайдын уюштуруучуларынын бири Кеңешбек Дүйшөбаев билдирди:  - Азыркы учурда "бул курултайды өткөрүүгө бийлик кол кабыш кылды, бул бийликтин тапшырмасы" деген сөздөр чындыкка туура келбейт. Биз курултайды өткөрүүгө 170 миң сом коротобуз деп пландап, азыр андан 15 миң сомдой артып калды. Биз курултайдын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышына толугу менен киришебиз.  Өткөн... Читать дальше...

Дүйшебаев: Курултай бийликтин тапшырмасы эмес

Azattyk.org 

Өткөн ишемби, 24-ноябрда өткөн курултай бийликтин колдоосу менен уюштурулган жок. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйын берип жатып, курултайдын уюштуруучуларынын бири Кеңешбек Дүйшебаев билдирди. - Азыркы учурда бул курултайды өткөрүүгө бийлик кол кабыш кылды, бул бийликтин "заказы" деген сөздөр чындыкка туура келбейт. Биз курултайды өткөрүүгө 170 миң сом коротобуз деп пландап, азыр андан 15 миң сомдой артып калды. Биз курултайдын жыйынтыгында кабыл алынган чечимдердин аткарылышына толугу менен киришебиз... Читать дальше...

Кыргызстанда доллардын баасы жыл башынан бери 1,4% өстү

Azattyk.org 

Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта бир АКШ долларынын баасы 69,85 сомду түзөт. 2018-жылдын башынан тартып доллардын курсу 1,4 пайызга өскөн. Айрым эксперттер мындай көрүнүштү орус рублинин алсыздашы менен түшүндүрүп, аны Орусияга каршы даярдалып жаткан кошумча санкциялар менен байланыштырууда. Учурда акча алмаштыруу пункттарда бир АКШ доллары 69,95 сомдон сатылууда.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *