Кыргызстанда доллар жыл башынан бери 1,4% кымбаттады
Улуттук банктын расмий сайтындагы маалыматка ылайык, ушул тапта бир АКШ долларынын баасы 69,85 сомду түзөт. 2018-жылдын башынан тартып доллардын курсу 1,4 пайызга көтөрүлгөн. Айрым эксперттер мындай көрүнүштү орус рублинин куну кетиши менен түшүндүрүп, аны Орусияга каршы даярдалып жаткан кошумча санкциялар менен байланыштырууда. Учурда акча алмаштыруу пункттарда бир доллар 69,95 сомдон сатылып жатат.