Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 19.03.2019

Чымкентте 45 адам белгисиз газга ууланып ооруканага түштү

Azattyk.org 

Чымкентте 45 адам белгисиз газга ууланып, ооруканага түштү. Алардын кырк бири мектеп окуучулары. Дүйшөмбүдө кечки саат бештер чамасында бир эле маалда 38 окуучу газга ууланып ооруканага түшкөнү белгилүү болду. Андан соң бир нече мугалим да уулануунун белгилери менен ооруканага жаткырылган. Бейтаптардын көбү облустук ооруканадан медициналык жардам алгандан кийин үйүнө чыгып кеткенин билдиришти. Буга чейин мектепке жакын жайгашкан станциядан газ абага чыгып кеткени айтылып, бирок бул версия ырасталган эмес. Читать дальше...

Сот «Супер-Инфонун» жактоочуларынын арызын канааттандырды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Супер-Инфо» гезитинин жактоочуларынын арызын канааттандырып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) аталган гезитти салыктык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу токтомун жокко чыгарды. Гезиттин жетекчиси Шаиста Шатманова райондук соттун чечими тууралуу «Азаттыкка» буларды билдирди: «2019-жылдын 26-февралында Финполиция «Супер-Инфо 2016-жылдан ушуга чейинки убакыт боюнча салыктык текшерүүдөн өтсүн» деп токтом чыгарган. Читать дальше...

Токтоболотов: Якутияда кыргызстандыктарды сабоо расмий тастыкталган эмес

Azattyk.org 

Якутияда кыргызстандыктарды уруп-сабоо боюнча маалыматтар расмий тастыкталган эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов билдирди: «Зордуктоо үчүн айыпталып кыргызстандыктар кармалгандан бери социалдык тармакта таркаган уруп-сабоо же киши өлтүрүү боюнча маалыматтар расмий тастыктала элек. Расмий органдар жабыр тарткандардан кайрылуу түшпөгөнүн билдиришти». Учурда социалдык тармактарда «Якутиядагы кыргызстандыктарды ур-токмокко алып, аларды кодулаган» видеотасмалар тарап жатат. Читать дальше...

БУУ Израилди палестиндиктерге каршы өлтүрүүчү куралдарды колдонууну токтотууга чакырды

Ca-irnews.com (kg) 

БУУнун аскердик кылмыштарды текшерүү боюнча комиссиясынын башчысы Израилди Газа сектору менен болгон чек арадагы демонстрацияга чыккан палестиндиктерге каршы снайперлерди колдонууну токтотууга чакырды.

«Талибан» 58 ооган жоокерин туткунга алганы кабарланды

Azattyk.org 

Ооганстандын Коргоо министрлиги «Талибан» кыймылы 58 ооган жоокерин кармап кеткенин билдирди. Өлкөнүн Түркмөнстан менен чектешкен Багдис провинциясындагы өкмөттүк күчтөр эки жума мурда талибдердин чабуулуна кабылган. Бала Мургаб районундагы бир нече күнгө созулган салгылашуулардан кийин 58 жоокер Түркмөнстандын аймагына өтө качканын жана ушунча сандагы жоокер туткунга түшкөнүн Коргоо министрлиги «Твиттердеги» баракчасына жазды. Мекеме «Түркмөнстанга өтө качкандар» кайтып келишкенин, ал эми согушкерлердин... Читать дальше...

Кыргыз делегациясы Якутиянын жергиликтүү бийлиги менен жолукту

Azattyk.org 

Якутиядагы окуяга байланыштуу Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчисинин орун басары Самат Токтоболотов баш болгон кыргыз делегациясы Якутиянын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушту. Ага Саха Республикасынын администрациясынын жетекчиси Борисов башында турган жетекчилер катышты. Анда Якутияда кыргызстандык жаран аралашкан окуя жана учурдагы кырдаал талкууланды. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Саха Республикасынын жергиликтүү бийлиги мыйзамсыз жүргөн... Читать дальше...



Бишкекте баскетбол боюнча эл аралык мелдеш башталды

Azattyk.org 

Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда «Тамекисиз спорт» урааны алдында баскетбол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда мелдешке Кыргызстандан, Казакстандан жана Өзбекстандан алты команда катышып жатат.  Мелдешке катышкан командалардын төртөө Бишкек шаарынан: «Гиннес 29», «Мой телефон», «Тулпар СКИФ» жана «Политехник» командалары. Өзбекстандын Ташкент шаарынан СКА МО РУ жана Казакстандын Жамбыл облусунун командасы катышып жатат. Читать дальше...

Айдарбеков Казакстандын элчисин кабыл алды

Azattyk.org 

19-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Жолугушууда тараптар быйыл жогорку жана бийик деңгээлдерде, анын ичинде эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелери тарабынан боло турган эки тараптуу сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу маселелерин талкуулашты. Алдыдагы көп тараптуу эл аралык иш-чаралар жана форумдар боюнча пикир алмашылды. Кездешүүдө суу жана энергетика чөйрөсүндө кызматташуу... Читать дальше...

Медиа: Утрехттеги кол салууга байланыштуу үч киши кармалды

Azattyk.org 

Нидерланд бийлиги Утрехт шаарында кол салуудан кийин үч киши кармалганын билдирди. 18-мартта шаардын борборундагы трамвайда ок атылып, андан үч киши каза таап, беш адам жараат алганы маалымдалган. Полиция кол салууга шектүү 18-мартта камакка алынганын билдирди.   Нидерланддын медиасы кол салууга байланыштуу дагы эки киши кармалганын жазып чыкты. Бирок алардын от атууга тиешеси барбы же жокпу азырынча айтыла элек. Утрехт шаарында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Өлкө бийлиги окуянын "терроризмге... Читать дальше...

КТРКнын жаңы директору кызматына киришти

Azattyk.org 

Коомдук телерадио корпорациясынын жаңы жетекчиси болуп шайланган Жайнак Үсөн уулу бүгүн, 19-мартта кызматына киришти. Бул тууралуу КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Жыпар Жекшеев билдирди. Каналдын мурдагы директору Илим Карыпбековдун мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Жайнак Үсөн уулу 6-мартта каналдын жаңы жетекчиси болуп шайланган. Ага Байкоочу кеңештин 15 мүчөсүнүн 13ү добуш берген. КТРКнын башкы директору аталган кеңеш тарабынан төрт жылга шайланат. Коомдук биринчи каналдын курамында учурда алты телеканал... Читать дальше...

Кыргызстанга ЭВФтин аткаруучу директору келди

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) аткаруучу директору Пол Индербинен Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады. Мекеме билдиргендей, Индербинен Кыргызстан менен ЭВФтин мындан кийинки кызматташтыгы тууралуу талкууларга катышат. Ал бул күндөрү өкмөттүн жана Улуттук банктын өкүлдөрү менен кездешип жатат. Пол Индербинен аталган фонддун Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Польша, Сербия, Швейцария, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирген тобуна төрагалык кылат. Мурдараак... Читать дальше...

Караколдо ичкиликтин айынан эки адам каза тапты

Azattyk.org 

Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов өткөн аптада облуста киши өлтүрүү боюнча удаа эки факты катталганын билдирди.   15-март күнү Караколдун көчөлөрүнүн биринде аял кишинин сөөгү табылган. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу аял ур-токмоктун айынан өлгөнүн аныктаган. Бул факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча  тергөө иштери башталган. Анын өлүмүнө шектүү катары Ак-Суу жана Тоң районунун тургундары, эки аял кармалган. Алар берген... Читать дальше...

Мигранттар: Якутиядагы кылмыштын кесепети

Azattyk.org 

17-мартта Якутияда кыргызстандык мигрант катышкан кылмыш чет жакта жүргөн эмгек көчмөндөрүнүн жоопкерчилиги, жүрүм-туруму боюнча маселени кайрадан козгоду. 18-мартта Якутск шаарында мигранттарга каршы нааразылык акциялары уюштурулду.

Разаков чек ара чырында жабыркагандардан кабар алды

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткен облустук ооруканасына барып, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жабыркагандардан кабар алып, материалдык жардам тапшырды. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлагандай, чек арадагы чырдын кесепетинен Баткен районунун төрт жашоочусу жабыркаган. Дарыгерлер алардын абалы канааттандырарлык экенин айтышты. Кыргыз-тажик чек арасындагы 13-14-марттагы чатактан тажик тараптан эки адам өлүп, бир нече киши жарадар болгону кабарланды. Эки өлкөнүн... Читать дальше...

«ЖМКны колдоо борбору» нуска боюнча «Супер-Инфону» колдоп чыкты

Azattyk.org 

Бишкектеги «ЖМКны колдоо борборунун» жетекчиси Алмаз Курманкалиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) «Супер-Инфо» гезитин текшерүүсүн негизсиз деп эсептеп, арызда көрсөтүлгөн маалымат эски экенин бышыктады. Бул тууралуу Курманкалиев «Супер-Инфо» гезити боюнча өткөн Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди. «​Сайттагы маалымат Шаиста Шатманова айтып өткөндөй эски экенин расмий түрдө айта алам. Биз 5-февралда бул тууралуу 76 барактан турган түшүндүрмөнү Финполицияга жибергенбиз. Читать дальше...

Ак үй «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун үч кызматын жабууну сунуш кылды

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы 2020-жылга сунуш кылган мамлекеттик бюджеттин долбоорунда Глобалдык медиа агенттигинин каражатын 22% кыскартуу жана «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун үч кызматын жабуу каралган.  Бул тууралуу маалымат АКШнын Глобалдык медиалар агенттигинин сайтында 18-мартта жарыяланды. Ага ылайык, «Эркин Европа/ Азаттык» радиосунун бюджетин 2019-жылкы 124 млн. доллардан келерки каржы жылы 87 млн. долларга түшүрүү сунушталган. Чыгашаларды азайтуу максатындагы кескин чаралардын ичинде эл аралык радионун грузин... Читать дальше...

Ташиев: Кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколдорду ачыкка чыгарыш керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев Баткендеги кырдаал менен таанышып чыккандан кийин Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал анда «кыргыз-тажик чек арасы боюнча соңку протоколдор тууралуу коомчулук билиши керек, ачык айтылышы керек» экенин айтты.  «Протоколдор сыр болбошу керек. Мындай документтер жабык болгон үчүн ушундай жаңжалдар чыгып жатат. Тажик тарапка тымызын өтүп кеткен жерлер бар. Мурда кыргыз тарап ээн-эркин өтүп жүргөн жерлерде азыр тажик жарандары жыш үй салып алган», - деди Ташиев басма сөз жыйынында. Читать дальше...

Кекилик-чилге жем ташыган тоолуктар

Azattyk.org 

Нарын районунун егерлери Теңир-Тоо аймагында канаттууларды коргоо жана алардын санын көбөйтүү максатында кыш бою бир тоннадай жем чачып чыгышты. Жаратылышты коргоочулар райондогу 680 миң гектар жерди байырлаган канаттуулар, айрыкча соңку кезде кескин азайып бараткан кекилик, чил, кыргоол сыяктуу канаттууларды камкордукка алышат.

Өзбек-казак чек ара чечими элди капа кылды

Azattyk.org 

Борбор Азия өлкөлөрүндө чек ара маселеси отуз жылдык эгемен убакта так чечилип бүтпөдү. Чечилсе да элди нааразы кылган жагдайлар аликүнчө жөнгө салына элек. Анын бир мисалы Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда да бар.

Тергөөчү жерине ээ боло албай жатат

Azattyk.org 

Прокуратура тармагында 20 жылдан ашык эмгектенип пенсияга чыккан Жээнбек Олжотоев он жылдан бери мыйзамдуу бөлүнгөн жерине ээ боло албай жатат.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *