Шектүү 18-март күнү Араван районунун Анаров айылынын автобекетинде кармалды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, 17-март күнү Араван районунун тургуну, жеке ишкер милицияга кайрылып, бир күн мурда өзүнүн мурда соттолгонун айтып коркутуп, «түрмөгө 20 миң сом акча бересиң» деп сабаганын билдирген.
Арыздын негизинде жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө кылмышка шектүү жабырлануучудан 5000 (беш миң) сом алып жаткан учурда колго түшүрүлгөн. Кылмышка шектүү Кара-Суу районунун тургуну, 35 жаштагы жаран болуп чыкты. Читать дальше...