Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн кабарына караганда, мамлекет башчы 15-апрелде Мюнхен шаарында Бавариянын канцлери жана мамлекеттик министри менен жолугат. Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков Бавариянын премьер-министри Хуберт Айвангер менен да жолугуп, Зайдел атындагы фонддо сөз сүйлөйт. Ошол эле күнү кыргыз-немис бизнес форумуна катышып, «Pellmeyer» деп аталган агрардык ишкананын иши менен таанышат. Ал күнү президент Жээнбеков Германиядагы кыргызстандыктар менен да жолугушат. Читать дальше...
Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын сентябрынан тартып мугалимдердин айлыгы көтөрүлө турганын айтты.