Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 18.04.2019

Ливанда Ирандагы селден жабыркагандарга тилектештик көрсөтүү боюнча чоң жыйын өтөт

Ca-irnews.com (kg) 

Ливандын жардам көрсөтүүчү “Ахли Вафо”  компаниясы селден жабыркаган ирандыктар үчүн ар кайсы араб өлкөлөрүнөн жардам чогултуу максатында расмий түрдө өз ишин баштады жана бул боюнча бүгүн Бейрутта чоң жыйын өткөрөт.

АКШ: башкы прокурор Мюллердин Трамп тууралуу отчетун жарыялайт

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Юстиция министрлиги башкы прокурор Уильям Барр 18-апрелде атайын прокурор Роберт Мюллердин 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусиянын болжолдуу кийлигишүүсү тууралуу баяндамасынын редакцияланган версиясын чыгарарын жарыялады. Барр жана анын орун басары Род Розенштейт атайын басма сөз жыйынын өткөрүшөрү маалым болду. Буга чейин Мюллердин иликтөөсүн сынга алып келген АКШнын президенти Доналд Трамп Баррдан кийин басма сөз жыйынын өткөрүшү мүмкүн экенин 17-апрелде билдирди. Мюллер... Читать дальше...

Чек ара кызматы: Катта-Туз кени «Кыргызмунайгаздын» балансында турат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы «Баткен облусунун Лейлек районундагы Катта-Туз мунай кени Тажикстандын пайдалануусунда калды» деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу «Азаттыкка» чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын жетекчиси, полковник Куватбек Жеенбаев билдирди: - Катта-Туз кени 2013-жылы биздин көзөмөлгө алынып, мунай казуу иштери токтотулган. 2015-жылы өкмөттүн буйругу менен кен «Кыргызмунайгазга» өткөрүлүп берилген. Бүгүнкү күнү тажик жарандары ал жерде иш жүргүзгөн жок. Скважиналар толугу менен токтоп турат. Читать дальше...

Касымбеков: КСДПнын мүчөлөрүнүн укугу тебеленип жатат

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик реестрде партиянын лидери жана анын жайгашкан дареги өзгөртүлгөнүнө байланыштуу башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. «Медиа Форум» ишканасында уюштурулган басма сөз жыйынында партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков муну менен Юстиция мнистрлиги алардын укуктарын бузганын билдирди. «Конституцияда каралган партиянын укуктары жана 4, 35, 52 беренелерде каралган партия мүчөлөрүнүн конституциялык укуктары бузулду. Читать дальше...

Түндүк Корея жаңы куралын сынаганын жарыялады

Azattyk.org 

Түндүк Кореянын маалымат каражаттары армия «күчтүү дүрмөттүү тактикалык башкаруудагы куралын» сынаганын кабарлады. Өлкөнүн расмий жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, сыноо мамлекет башчысы Ким Чен Ындын жетекчилиги менен болгон. Кабарларда сыноонун майда-бараты тууралуу эч нерсе айтылган жок. Батыш талдоочулары сөз деңизде, жерде жана асманда колдонулуучу тактикалык курал тууралуу болуп жатышы мүмкүн деп божомолдошот. Пентагондун маалыматы боюнча ал Түндүк Кореядан ракета учурулганын аныктаган эмес. Читать дальше...

Кунарсыз үйлөрдүн курулушу күч алды

Azattyk.org 

«Бишкек башкы архитектура» муниципиалдык башкармалыгы мындан ары жаңы салынган үйлөрдүн кабыл алуу актыларына Мамлекеттик экологиялык техникалык кызмат менен кошо катышууну талап кылууда.

Азис Абакиров президенттин алдындагы эксперттик кеңештен чыкканын жарыялады

Azattyk.org 

Кыргызстандагы белгилүү IT ишкер, Кыргызстандын Програмисттер ассоциациясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Азис Абакиров президент Сооронбай Жээнбековго ачык кат жазып, ал Санариптештируү боюнча президенттин алдындагы кеңештен өз ыктыяры менен чыкканын жарыялады. Ал өз катында Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Инфоком» мекемесинин жетекчиси Талант Абдуллаевдин камалышына байланыштуу нааразылыгын билдирген.  «Талант Абдуллаев - маалымат технологиялар жаатындагы кесипкөй адис. Биометриканы киргизүү... Читать дальше...

Португалияда жол кырсыгынан 30дай саякатчы жан таслим болду

Azattyk.org 

Португалиянын Мадейра аралында туристтер бараткан автобус кырсыкка кабылып, 30дай кишинин өмүрү кыйылды. 27 адам жабыркаганы кабарланууда. Португалиянын президенти Марселу Ребелу де Соуздун айтымында, курман болгондордун баары Германиянын жарандары. Кырсык шаршемби күнү кечинде болгон. Элүүдөй туристти алып бараткан автобус жолдон чыгып кетип, турак жайдын үстүнө кулап түшкөн. Каза болгондордун дээрлик бардыгы 40-50 жаштагылар экени маалымдалды. Трагедияга байланыштуу аралдын бийлиги үч күндүк аза күтүү жарыялады. Читать дальше...



Жанарбек Акаев: «Азаттыктын» иликтөөсүнө бийлик реакция кылыш керек (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев президенттик аппаратты, күч түзүмдөрүн жана өкмөт башчыны «Азаттык» радиосунун Ош облусундагы кабарчысы Ыдырыс Исаковдун салыктан качкан ишкерлер боюнча жүргүзгөн иликтөөсүнө көңүл бурууга чакырды. Ал парламенттин 18-апрелдеги жыйынында бийлик муну көзөмөлгө алышы керек экенин айтты: «Мыйзам иштеген өлкөдө чоң журналисттик иликтөөлөргө өкмөт реакция кылышы керек. Жалил Атамбаев ишкерлердин, адамдардын акчасын бербей сыздатып жатканын журналист шурудай кылып тизмектеп берди. Читать дальше...

Пакистанда согушкерлердин автобуска кол салуусунан 14 жүргүнчү өлдү

Azattyk.org 

18-апрелде Пакистандын түштүк-батышындагы жолдо белгисиз адамдардын автобуска кол салуусунан 14 жүргүнчү мерт болду. Расмий бийликтин жана маалымат каражаттарынын кабарына караганда, согушкерлер Карачиден Гвадарга бара жаткан автобустун жүргүнчүлөрүн адегенде жерге түшүрүп, документтерин текшерген. Ошондон кийин арасынан тандап өлтүрө баштаган. Алар бул кадамга эмне үчүн барганы белгисиз.  Өлгөндөрдүн арасында жумушка бара жаткан Аскер-деңиз флотунун кызматкерлери да болгон. Пакистандын өкмөт... Читать дальше...

Кыргыз дарыгерлерин тамшанткан Кастамону

Azattyk.org 

Кыргызстандык 11 дарыгер Түркиянын ооруканаларында тажрыйба алмашып жатышат. Кыргызстандын булуң-бурчунан келген дарыгерлер түрк кесиптештери менен оор операцияларга кирип, бейтаптарды караганга жардам беришет.

Абдрахманов: Атамбаев КСДПнын мүлкүн, мөөрүн бериши керек

Azattyk.org 

«Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов Алмазбек Атамбаевди Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары саясий иш жүргүзүүнү токтотууга чакырды. Ал 18-апрелде басма сөз жыйынында 5-апрелден тартып партиянын жетекчиси алмашканын жана ал юридикалык жактарды каттоо боюнча мамлекеттик реестрде катталганын билдирди: «Атамбаевден КСДПнын бардык мүлкүн, партиянын мөөрүн жана штамптарды берүүнү талап кылам. Андан тышкары партиянын банктардагы каражатын, уставын бериш керек». Читать дальше...

Партиялардын шайлоо күрөөсүн бир млн. сомго түшүрүү сунушталды

Azattyk.org 

Кыргызстанда саясий партиялардын шайлоо күрөөсүн беш миллион сомдон бир миллион сомго түшүрүш үчүн кол топтоло баштады. Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелде «Жаратман эл» партиясынын өкүлдөрү басма сөз жыйын учурунда кабарлашты. - Шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү саясий жана коомдук капитал топтоп, парламенттик шайлоого катыша турган партияларга бирдей мүмкүнчүлүк түзөт. Бул элдин талабы. Эл жаңы адамдарды күтүп жатат. Тогуз жылдан бери биз жаңы Баш мыйзам менен жашап жатабыз, бирок эч бир реформа жүргүзүлгөн жок. Читать дальше...

Карамушкина: КСДП боюнча Юстиция министрлигине басым болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина Юстиция министрлиги Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) лидери катары Сагынбек Абдрахмановду каттап, партиянын жайгашкан дарегин өзгөрткөнүн сынга алды:  «Юстиция министрлигине басым кылып, партияны кайра каттоого алдырышты. Бул бийликтин алсыздыгы. Сагынбек Абдрахманов деген ким? Ал мамлекет үчүн эмне кылды эле? Биздин партиянын штабы расмий түрдө партиянын жаңы саясий кеңеши түзүлгөнүн жана съездде кабыл алынган чечимдерди Юстиция министрлигине жибергенбиз. Читать дальше...

Эң көп мусулманы бар өлкөдөгү шайлоо

Azattyk.org 

17-апрелде Индонезияда «дүйнөдөгү эң оор шайлоо» өттү. Анткени бир күндө 200 милиондой шайлоочу президентти жана парламент мүчөлөрүн шайлады. Экзит-поллдордун жыйынтыктары боюнча азыркы президент Жоко Видодо алдыда.

Юстиция министрлиги Абдрахмановду КСДПнын лидери катары каттады

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматтары өзгөрдү. Ага ылайык партиянын жетекчиси катары Сагынбек Абдрахманов көрсөтүлгөн жана партиянын жайгашкан жери (юридикалык дареги) катары Эркиндик 45 дареги жазылган. Министрликтин басма сөз кызматы буга байланыштуу «Азаттыкка» түшүндүрмө берди. Анда 5-апрелде Абдрахмановдон КСДПнын жетекчисин, саясий кеӊештин курамын жана саясий партиянын жайгашкан жерин алмаштыруу жөнүндө маалымдама келип түшкөнү айтылат. Читать дальше...

Маалымат жана байланыш комитети «эгемен Рунет» тууралуу комментарий берди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети 16-апрелде Орусияда кабыл алынган «эгемен Рунет» мыйзамы жана анын Кыргызстанга таасири тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. - Орусиянын «эгемен Рунет» деп аталган мыйзамы Орусиянын банк системасын санкциялардан сактап калуу  максатында кабыл алынган. Орусиядагы туруктуу Интернетти камсыздоону координациялоо милдети Роскомнадзорго ыйгарылган. Бул органдын трафикти көзөмөлдөөгө укугу бар, ал эми Кыргызстандын Маалыматтык... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *