Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 27.04.2019

АКШ, Орусия жана Кытай Ооганстанды талкуулашты

Azattyk.org 

АКШ, Орусия жана Кытай Ооганстандагы чет элдик аскерлер ырааттуу түрдө жана жоопкерчилик менен чыгарылышы керек деп эсептешет. Мындай чечим Москвада үч мамлекеттин өкүлдөрү катышкан жыйындын соңунда кабыл алынды. Билдирүүдө талибдер кыймылы өзүнө “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү жана “Ал-Каида” террордук тобу менен байланышты үзүү милдеттенмесин алганы, көзөмөлүндөгү райондорду башка өлкөгө коркунуч жаратуу үчүн колдонбоо убадасын бергени айтылат. Талибдер буга чейин ооган президенти Ашраф Ганини Батыштын адамы деп атап... Читать дальше...

Бишкекте "МедиаТоптоо-2019" форуму өтүп жатат

Azattyk.org 

Бишкекте "МедиаТоптоо-2019" индустриалдык форуму башталды. Ага экс-президент Роза Отунбаева, жергиликтүү маалымат каражаттарынын жетекчилери, чет өлкөлөрдөн жана аймактардан келген журналисттер, медиа адистери катышууда. Быйыл экинчи жыл уюштурулуп жаткан форумда спикерлер санарип медиа жана телеберүү жаатындагы негизги багыттар, максаттуу аудиторияны түшүнүп-билүү боюнча презентацияларды даярдашкан. Иш-чараны "Интерньюс Кыргызстан" уюштурду. Анын жетекчиси Элина Каракулова былтыркы жылы "Азаттыктын"... Читать дальше...

Балдардын дүйнө таанымын ойготолу

Azattyk.org 

Жуманын эс алуу күндөрүн балдарыңыз менен пайдалуу жана кызыктуу өткөргүңүз келеби? Бишкекте жашасаңыз бул мүмкүнчүлүк колуңузда. Анткени борбор калаада коомдук жана коммерциялык уюмдардан тарта жарандык активисттерге чейин балдарга арналган түрдүү көргөзмө, мастер-класстарды жума сайын өткөрүп турушат. "Азаттык +" бул жолу балдардын жөндөмүн өрчүткөн иш-чаралар тууралуу айтып берет.

Тинтүү учурунда абактан үч темир сейф табылды

Azattyk.org 

№1 түзөтүү колониясында колго жасалган үч темир сейф табылды. Бул тууралуу бүгүн 27-апрелде “Азаттык” радиосуна Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Сабатарованын айтымында, план боюнча 26-апрелде аталган колонияда жазасын өтөп жаткандарды жана алар жашаган жайларды текшерип, тинтүү иштери жүрдү. Натыйжада үч темир сейфтен тышкары 48 бычак, үч WI-FI роутер, ичкилик чыгаруучу бир аппарат, 76 уюк телефон жана 340 грамм кара куурай табылды. Абактан качып чыгуу үчүн казылган жолдор табылган жок. Читать дальше...

"Ак илбирс-2019" улуттук кино сыйлыгы тапшырылды

Azattyk.org 

Бишкекте "Ак илбирс-2019" улуттук кино сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Түрдүү жанрдагы фильмдерди Кинематографисттер бирикмеси февраль айында бир ай бою кабыл алып, көрүп чыккан. Жеңүүчүлөр 26-апрелде сыйланды. Режиссер Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы сегиз статуэтка, Руслан Акундун "Көк-бөрүсү" эки жана Бакыт Осмонкановдун "Такебай" фильми бир статуэтка алды. Жыл сайын берилчү "Ак илбирс" сыйлыгы 2012-жылы уюшулган. Анын демилгечилери - Кыргызстандын Кинематографисттер союзу, «Айтыш» коомдук фонду... Читать дальше...



Эмдөөдөн шек санаган энелер

Azattyk.org 

"Эже-сиңдилер" берүүсүндө эмдөөдөн баш тартуунун себептери жана бул наристенин саламаттыгына кандай таасир этери тууралуу адистер менен чогуу баарлаштык. Эмдөөгө колдонулган дары-дармектердин курамы тууралуу да бул берүүдөн биле аласыз.

С. Жээнбеков CJI компаниясынын төрагасы Ван Бинь менен Кыргызстандын айыл чарбасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

Ca-irnews.com (kg) 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков  26-апрелде КЭРге жумушчу визитинин алкагында Пекинде  CJI компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ван Бинь менен жолугушту.

Шри-Ланкада атышуу болгон жерден кеминде 15 адамдын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Шри-Ланканын чыгышында атышуудан кийин турак үйлөрдүн биринен кеминде 15 адамдын сөөгү табылды, алардын алтоо балдар. Бул тууралуу "Рейтер" агенттиги маалымдады. Атышуу жума күнү кечинде, баштапкы маалыматка караганда, өкмөттүк армия менен өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтун ортосунда болгон. "Ньюсферст" агенттиги ал турак үйдө жардыруу болгонун жазды. 21-апрелде Шри-Ланканын тарыхында биринчи жолу террордук чабуулдар жасалган. Коломбо, Негомбо жана Баттикалоа шаарларында жалпысынан сегиз жардыруу болуп... Читать дальше...

Орусияда каза болгон мигранттын тек-жайы аныкталды

Azattyk.org 

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында кырсыктан каза болгон кыргызстандык мигрант Ош облусунун Кара-Суу районунан экени аныкталды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 25-апрелде эски мейманкананын имаратын бузуп жаткан учурда болгон. Экскаватор кулап, ичиндеги айдоочуну басып калган. Ал 36 жаштагы кыргыз жараны экени белгилүү болду. Кырсык болгон жерге Кыргызстандын Ардактуу консулу барып, окуянын чоо-жайын иликтөөгө жардамдашып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *