Акжол Махмудов Германиядагы операциядан кийин Кыргызстанга келди. Сүрөт
Балбан чет мамлекетте операция болуп, бир айдан бери ден соолугун чыңдап жаткан.
Балбан чет мамлекетте операция болуп, бир айдан бери ден соолугун чыңдап жаткан.
Тактикалык ракета ишемби күнү таңга маал Вонсан районундагы полигондо сыналганын Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги маалымдады. Министрлик сыноо боюнча маалыматтар чогултулуп жатканын да кабарлады. Апрель айынын ортосунда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын "күчтүү дүрмөттүү тактикалык башкаруудагы куралын" сыноого катышкан. Америкалык эксперттер бул сыноолорду Корей жарым аралын денуклеризациялоо боюнча натыйжасыз сүйлөшүүлөрдүн фонунда Пхеньян тараптан Вашингтонго басым катары баалашууда. ... Читать дальше...
Кырсык 3-май күнү саат 11:30 чамасында болгон. Ош-Гүлчө жолунун Таш-Короо айылынын аймагында "Матиз" автоунаасы менен "Хонда Одиссей" автоунаасы кагылышып, "Матиздеги" 82 жаштагы жана 67 жаштагы эки жүргүнчү мерт болду. Айдоочусу жана "Хонда" автоунаасындагы үч адам ооруканага жеткирилген. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки иликтөөлөр жүргүзүлүүдө. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча, учурда кырсыктын чоо-жайын териштирүү үчүн... Читать дальше...
Орусиянын “Рустех” компаниясы Түркияга Sukhoi -57 учактарын сатууга даяр.
“Түркмөн авиалиниялары” компаниясынын учактары Ашхабад-Франкфурт, Ашхабад-Лондон жана Ашхабад-Бирмингем багыттары боюнча уча баштайт. Каттамдар 1-июндан тарта башталат. Быйыл 4-апрелде Авиациялык коопсуздук боюнча европалык агенттик (EASA) “Түркмөн аба жолдоруна” Европа Биримдигине мүчө өлкөлөргө учууга тыюу салган. Түркмөн авикомпаниясынын каттамдары эмне себептен токтотулганы так айтылган эмес. Түркмөн тарап эл аралык коопсуздук талаптарын сактоону тастыкташы керек экени маалымдалган.... Читать дальше...
Анжиян облусунун Пахтаабад райондук соту беш жаштагы кызды зордуктаган 31 жаштагы кишини 19 жылга түрмөгө кести. Ал “Атайлап киши өлтүрүү” жана “Зордуктоо” беренелери боюнча айыптуу деп табылды. Сот жараяны учурунда белгилүү болгондой, беш жаштагы кыз соттолгон кишинин үйүнө анын баласы менен ойноо үчүн келген. Үйдө эч ким жок болгондуктан, ал кызды зордуктап, тумчуктуруп өлтүргөн. Кылмыш изин жашыруу үчүн кыздын сөөгүн капка салып, үйдүн ичиндеги жертөлөнүн ичине көмгөн. 28-январь күнү кечинде ата-энеси кызды таппай калган... Читать дальше...
Түркиянын коопсуздук күчтөрү кечээ, 3-майда 2016-жылдагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүш аракетине катыштыгы барлар менен байланышта болгон деген айып менен 24 кишини камакка алды.