Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 08.05.2019

Тыңчылыкка айыпталган Пол Уилан саясаттын курмандыгы болгонун билдирди

Azattyk.org 

АКШнын жараны Пол Уилан камакка алынышын “АКШнын Орусияга киргизген санкциялары үчүн орус бийлигинин жообу катары баалай турганын” туугандарына жазган катында айтты. Уилан жазган каттан үзүндүлөрдү “Foreign Policy” журналы жарыялады. Биринчи катта Пол Уилан “BorgWarner” компаниясынан колдоо көрсөтүүнү суранган. Аталган компанияда Уилан коопсуздук боюнча директор болуп иштечү. “Мунун баары 100% жумушка байланыштуу болду. “BorgWarner” компаниясына колдоо сурап кайрылгыла. Санкциялар үчүн өч алуу болду”, деп кайрылган Уилан адвокаттарына. Читать дальше...

Атамбаевдин жансакчысына дагы бир иш козголду

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жеке жансакчысы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. Чогултулган материалдар Жазык кодексинин 323-беренесинин («Мыйзамсыз баюу») негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине 7-майда каттоого алынды. Башкы прокуратура кийинки убакта Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын... Читать дальше...

Түркияда акысыз дарыланчу кыргызстандыктардын квотасы 150гө көбөйдү

Azattyk.org 

Түркияда акысыз дарылган кыргызстандык бейтаптардын квотасы 150гө көбөйтүлдү. 2014-жылы Кыргызстан менен Түркиянын өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык жыл сайын Кыргызстандан 100 бейтап Түркияга келип акысыз дарыланып кетет. Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Түркиядагы расмий сапарында бул 100 кишилик квотаны 150 кишиге көбөйтүү боюнча протоколго кол коюлду. Ошондой эле квота менен келген кыргызстандык бейтапка Түркиядагы тиешелүү оорукана «дарылоо мөөнөтү 90 күндөн... Читать дальше...

Жети-Өгүздө Улуу Жеңиш күнүнө карата эстелик орнотулду

Azattyk.org 

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айылында жергиликтүү тургундардын жана бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен Экинчи дүйнөлүк согушта каза болгондордун элесине арналган эстелик орнотулду. Эстеликтин ачылышына өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктук өкүлү Акылбек Осмоналиев жана жергиликтүү тургундар катышты. Согуштан курман болгондор эскерилип, жаңы ачылган эстеликке гүл коюлду. Ысык-Көл облусу боюнча согушка катышкан 26 ардагер калды. Жалпы Кыргызстанда 1941-1945-жылдары... Читать дальше...

Түркияга эмгек визасы 30 долларга чейин арзандады

Azattyk.org 

Түркияга эмгек визасын алган кыргызстандыктардын төлөмү арзандатылды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков 7-майда түрк кызматташы менен сүйлөшкөндөн кийин басма сөз жыйынында билдирди. 15-майдан баштап эмгек визасы боюнча консулдук жыйымдардын наркы 283 доллардан 30 долларга чейин төмөндөтүлөрү кабарланды. Түркияга кыргызстандык жарандардын эмгек визасын ачыш үчүн консулдук төлөмдөр 2019-жылдын 23-февралына чейин 240 доллар болсо, кийин 283 долларга чейин кымбаттаган. Читать дальше...

Пакистан: жардырууда он киши мүрт кетти

Azattyk.org 

Пакистандын чыгышындагы Лахор шаарындагы суфилердин ыйык деп эсептелген Дата Дарбар жайына жакын жердеги көзөмөл-өткөрмө бекетинде болгон жардырууда он чакты киши каза болду. Полиция башчысынын орун басары Ашфак Хан курман болгондордун арасында беш офицер бар экенин билдирди. 25 адам жараат алышты, алардын айрымдарынын абалы оор. Премьер-министр Имран Хан Орозо айы башталаары менен болгон бул жардырууну сынга алды. Суфилерди Пакистанда диний азчылык катары саноого болбойт, бирок алар дайыма кол салууга кабылып келишет. Читать дальше...

Кабулда Башкы прокуратуранын жанында чоң жардыруу болду

Azattyk.org 

Ооганстандын Кабул шаарында Башкы прокуратуранын жанында чоң жардыруу болду. Бул жерде согуштан жапа чеккендерге жардам берген эл аралык топтордун кеңселери да орун алган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нусрат Рахими Кабулдун бул аймагында атышуулар да болгонун айтты. Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү тогуз адам жараат алганын “Твиттердеги” барагына жазды. Азырынча бул жардыруу үчүн эч ким өзүнө жоопкерчилик ала элек. Мусулмандардын ыйык Рамазан айында ооган өкмөтү «Талибан»... Читать дальше...

Шайлоого даярдык каникулду узартты

Azattyk.org 

Казакстандагы жогорку окуу жайлардын студенттери сынак тапшыруу мөөнөтү узартылганын айтып, муну 9-июнга белгиленген президенттик шайлоого байланыштырып жатышат.



9-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

9-майда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29; Таласта түнкүсүн 6…11, күндүз 24…29; Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20; Баткенде түнкүсүн 9…14, күндүз 27…32; Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32; Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 1…6 градус болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12°... Читать дальше...

Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү пансионаттар боюнча арызы карала баштады

Azattyk.org 

Эл аралык арбитраждык сот Өзбекстандын Ысык-Көлдөгү төрт пансионаты боюнча Кыргызстанга карата доо арызынын маңызы боюнча териштире баштады. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, “бул сыяктуу доо арыздарды кароодо көп учурда башында маселенин өзү эмес, ошол талашты кароого арбитраждык трибуналдын юрисдикциясынын бар же жогу каралат. Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында биринчи этабы аяктап, жыйынтыгы боюнча арбитраждык трибунал бул маселенин маңызын кароого юрисдикциясы бар экени тууралуу чечим... Читать дальше...

Иран өзөктүк келишим боюнча айрым милдеттенмелерин аткарууну токтотту

Azattyk.org 

Тегеран бул чечими тууралуу Орусиянын, Улуу Британиянын, Кытайдын, Евробиримдиктин, Франциянын жана Германиянын элчилерине кабар берди. Бул тууралуу Иран президентинин билдирүүсүндө айтылат. Президент Хасан Роухани Тегеран байытылган уранды сатууну токтото турганын билдирди.  60 күндөн кийин бийлик келишимдин дагы бир катар пункттарынан баш тартышы мүмкүн. Роухани Ирандын мунай жана банк секторун АКШнын санкцияларынан коргош үчүн келишимдин калган катышуучуларына ушундай мөөнөт бергенин айтты.... Читать дальше...

АКШ: мектептеги атышууда өспүрүм каза тапты

Azattyk.org 

АКШнын Колорадо штатында мектептеги атышуу бир өспүрүмдүн өмүрүн алды. Жети окуучу жарадар болгону кабарланды. 7-майда кечинде Хайлендс-Ранч шаарчасында жайгашкан илимий-техникалык мектепте эки киши окуучуларга ок аткан. Кылмышкерлер кармалды. Экөө тең бир кезде ушул мектепте окуганы маалым болду. Хайлендс-Ранч 20 жыл мурда АКШ тарыхында эң кандуу калаба болгон Колумбайн мектебинен 10 чакырым алыс жайгашкан. Анда жогорку класстын эки окуучусу мектептегилерге ок атып, 13 адам, анын ичинде бир мугалим каза тапкан. Читать дальше...

Токтогон эненин эрдиги

Azattyk.org 

1941-жылы Ленинград шаарын фашисттик Германиянын аскерлери курчоого алып, шаардагы балдар эвакуацияланган. Алардын айрымдары Кыргызстанга да алып келинген.

Тажикстандагы "троллдор фабрикасы"

Azattyk.org 

Тажикстанда Билим берүү жана илим министрлигинде иштеген бир нече кызматкер "троллдор фабрикасына" катышы бардыгын билдиришти. Алар Интернетте жалган аккаунттарды түзүп, бийликти жактаган, оппозицияны жамандаган комментарийлерди калтырып жүрүшкөн. Мекеме бул айтылгандарды четке кагууда.

Евробиримдик Бишкекте Борбор Азия менен кызматташтыгын талкуулайт

Azattyk.org 

Ушул жылдын жайында Бишкекте Европа биримдиги жана Борбор Азия мамлекеттеринин кызматташтыгын талкуулаган жыйын өтөт. Бул тууралуу бүгүн 8-майда Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлү Эдуард Ауэр билдирди. Анын айтымында, жыйынга Борбор Азия республикаларынын башкы дипломаттары жана уюмдун тышкы иштер боюнча жогорку комиссары Федерика Могерини катышат. Мындай форматтагы жыйын кезеги менен жыл сайын Брюсселде же аймактагы өлкөлөрдүн биринде өткөрүлүп турат. Федерика Могерини Кыргызстандын жетекчилиги менен да жолугушууларды өткөрүп... Читать дальше...

Финпол: Жалил Атамбаевдин иши боюнча иликтөө жүрүп жатат

Azattyk.org 

Жалил Атамбаевдин иши боюнча иликтөө жүрүп жатат.  Бул тууралуу "Азаттыкка" Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) басма сөз катчысы Анастасия Пискур кабарлады. Анын айтуусунда учурда иликтөө тобу сотко чейинки териштирүү жүргүзүүдө. «Азаттыктын» кабарчысынын «Ош: салыктан буйтаган "ишкерлер"» аттуу видеоиликтөөсүнөн соң, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) текшерүү ишин баштаган. Көрсөтүүдө айтылган... Читать дальше...

Көкбөрү: «Алкан-Ата» биринчи лигада 3-орун алды (видео)

Azattyk.org 

Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көкбөрү боюнча республикалык турнирде биринчи лигада 3-орунду Таластын «Алкан-Ата» командасы алды. Бүгүн, 8-майда 3-орун үчүн болгон беттеште таластыктар Нарын облусунун «Ат-Башы» командасын 3:0 эсебинде жеңди. Көкбөрү (1-лига), 3-орун үчүн беттеш. "Алкан-Ата" (Талас) - "Ат-Башы" (Нарын) 3:0 Бир нече мүнөттөн кийин жогорку лигада ойногон Бишкектин «Көк-Жал» жана Таластын «Бакубат» командалары 5-6-орун үчүн ойношот. Саат 15:30да жогорку... Читать дальше...

Кальяндын тамекисине акциз киргизүү сунушталууда  

Azattyk.org 

Кыргызстанда кальянга колдонулуучу тамекиге акциз киргизүү сунушталууда.   Жогорку Кеӊеште бүгүн “Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Анын максаты – мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн ысытылган тамеки менен курамында баңгизат камтылган суюктуктарга акциздик алымдарды киргизүү. Мыйзам долбоорунун автору депутат Азамат Арапбаевдин пикиринде, “андан көрө электрондук тамекини көбөйтүү керек, себеби адамдын ден соолугуна тийгизген зыяны аз”. Читать дальше...

АКШ vs Кытай: Арктика үчүн атаандаштык

Azattyk.org 

Кытай Арктикадагы атаандаштык тууралуу АКШнын билдирүүсүн четке какты. Бир күн мурда Кошмо Штаттардын башкы дипломаты Финляндиядагы саммиттин алдында айткан сөзүндө Бээжин менен Москва мунайга жана газга бай бул аймакта таасирин күчөтүүгө аракет кылып жатканын билдирген.

Беш облуста жергиликтүү депутаттарды шайлоого акыркы даярдыктар көрүлүүдө

Azattyk.org 

Беш облуста жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого акыркы даярдыктар көрүлүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 54 783 шайлоо бюллетенин аймактарга өткөрүлүп берилди. Анын 742си орус, калганы кыргыз тилинде. Бюллетендер Баткен (13721), Нарын (1825), Ош (22 821), Талас (8409) жана Чүй (8 007) облустарынын аймактык шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилди. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2019-жылдын 19-майына дайындалган. Читать дальше...

Браконьерлик кылган жарандын менчик жери мамлекетке өттү

Azattyk.org 

Жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузган жарандын менчик жери мамлекетке өткөрүлүп берилди. Мындай чечимди Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз райондук соту 6-май күнү чыгарды. Айлана-чөйрөнү жана токой чарбасын коргоо агенттигинин маалымдаганы боюнча, Жети-Өгүз райондук соту былтыр сентябрда жергиликтүү жаранга мыйзамсыз браконьерлик кылганы үчүн жүз миң сом айыппул салган. Бирок айыппул өз мөөнөтүндө төлөнбөгөндүктөн, ага тиешелүү 225 чарчы метр аянты бар жер тилкеси камакка алынган. Айлана-чөйрөнү... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *