Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейге убактылуу директор болуп мугалим Элнура Музаева дайындалды. Жетекчини жамаатка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева апта соңунда тааныштырды. 24-апрелде бул мектептин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектеп фондуна чогултулган акчанын эсебин талап кылып Жогорку Кеңештин алдына пикетке чыгышкан. Министрдин маалыматына караганда, Айтматов атындагы лицей миң окуучуга ылайыкташкан. Бирок азыр анда 4500 бала билим алат. Читать дальше...
Йеменде өкмөткө каршы хусит козголоңчулары 11-майда Кызыл деңиз боюндагы үч порттон, арасында өлкөнүн азык-түлүк соодасында маанилүү роль ойногон Ходейда портунан чыгып кете баштады. Портторду Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) көзөмөлүнө өткөрүү - тынчтык планынын пункттарынын бири. Мындай келишимге былтыр жаатташкан тараптар Стокгольмдо кол коюшкан. Бирок аны ишке ашыруу көпкө созулуп, келишимдин аткарылбай жатышына тараптар бири бирин күнөөлөп келишкен. Стокгольм макулдашуусуна ылайык, эки тарап тең күчтөрүн тыйышы зарыл. Читать дальше...
Ооганстандын баш калаасы Кабулда ишемби күнү эртең менен тележурналист Мена Мангал киши колдуу болду. Ички иштер министрлигинин өкүлүнүн айтымында, ага базарга жакын жерде кол салышкан. Мотоцикл айдаган эки киши Мангалды атып кетишкенин күбөлөр «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ооган кызматына билдиришти. Алгач бирөө асманга ок атып, элди тараткан, артынан журналистти эки ирет аткан. Ал кезде Мангал жумушка барыш үчүн машине күтүп турган. Полиция кылмышкерлерди таба элек. Мена Мангал Ооганстандын... Читать дальше...
Беларус президенти Александр Лукашенко Орусиядан келген кирдеген мунайдын айынан мамлекет миллиондогон долларга зыян көргөнүн айтты. Ишембиде Минскиде сүйлөгөн Лукашенко: «Биз тийиштүү пайданы алган жокпуз, валюта кирешеси, транзит - биз эбегейсиз акча жоготтук»,- деди. Ал кирдеген мунайдын зыянын адистер эсептеп чыгышы керек экенин белгилеп, орус тарап зыяндын ордун толтурарына үмүт артарын кошумчалады. Орусиядан Беларуска тазаланбаган мунай келгени тууралуу алгач «Белнефтехим» компаниясы 19-апрелде маалымдаган. Читать дальше...
Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев «Өлбөс полк» жүрүшүнө Иосиф Сталиндин чоң портретин көтөрүп чыккандарды сындагандарга жооп берди. Бул тууралуу пикирин ал 11-майда «Фейсбуктагы» баракчасына жазып, Сталин Экинчи дүйнөлүк согушта башкы командачы болгонун, анын сүрөтүн жүрүшкө көтөрүп чыгуу кадыресе көрүнүш экенин белгиледи. «Убада берем, келечекте, Жеңиштин юбилейлик датасында советтик улуу колбашчылардын портреттерди мындан да көп болот. Иосиф Сталиндики дагы...» - деди Масалиев. 9-майда... Читать дальше...