Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 22.05.2019

Бишкек ЖЭБи боюнча сотто жабырлануучулар көрсөтмө берип жатышат

Azattyk.org 

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сотто жабырлануучу, «Электр станциялары» ишканасынын өкүлү Урматбек Камбаров көрсөтмө берди. Ал адвокаттардын «ЖЭБди жаңылоо боюнча баа жогорулатылганын качан билдиңер эле?» деген суроосуна: «Тергөөнүн материалдарынан билдик» деп жооп берди.  Урматбек Камбаров долбоордун баасы жогорулатылган деп эсептей турганын билдирди. Адвокаттар ага: «Эгер тергөө болбосо кайдан билмексиңер?» деген суроо берип, жооп ала алышкан жок.  Бүгүн, 22-майда Бишкек... Читать дальше...

Баткендин Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Azattyk.org 

Баткен районунун Кара-Бак айылында кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Тажик чек арачылары асманга эки ирет ок атканын жергиликтүү тургундар «Азаттыкка» билдиришти. Ушул тапта чек арада 100дөй адам чогулуп турат.  Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул маалыматты ырастады. Анын айтымында, бүгүн, 22-май күнү Кара-Бак айылынын Эски-Мазар аймагында тажик чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок атышкан.  - Бүгүн, 22-майда аталган мазарга 21-майда жакынын көмгөн жарандар келип... Читать дальше...

Дональд Трамп Ирландиянын өкмөт башчысы менен жолугушат

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп жана жубайы Мелани Британиядагы жана Франциядагы сапары маалында Ирландияга да барышат. Трамп Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкардын чакыруусун кабыл алды. Трамп Ирландиянын Дунбег айылындагы гольф үчүн талаага ээлик кылат. Лео Варадкар менен Трамп Шеннон аба майданынын жанынан жолугушат. 3-5-июнь күндөрү Британиядагы мамлекеттик сапары маалында Трамп жана жубайы ханыша Елизаветанын коногу болушат. Ошондой эле Трамп Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен да жолугушат. Читать дальше...

АКШ: Асаддын күчтөрү жаңы химиялык чабуул койду

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаменти Идлиб провинциясында 19-майда хлор колдонуп коюлган чабуулдун артында Сириянын куралдуу күчтөрү турат деген маалыматты иликтей баштады. Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Морган Ортагус «эгерде Башар Асаддын режими химиялык курал колдонсо, анда АКШ жана биздин өнөктөштөрүбүз ыкчам жана адекваттуу жооп кайтарат» деп билдирди. Мамдепартаменттин өкүлү «Дамасктын негизги өнөктөшү болгон Орусия башкаларды химиялык чабуулга күнөөкөр кылууга аракеттенип жатат» деп, Москваны... Читать дальше...

Ошто көп кабаттуу үйдүн курулушу мыйзамсыз деп табылды

Azattyk.org 

Ош шаарындагы Масалиев проспектинде курулуп жаткан көп кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Азаттыккка» билдирди. Анын айтымында, үйдү куруп жаткан «Евростиль» компаниясынын уруксаты болгон эмес, иш сотто каралган. - Бул курулуш компаниясы боюнча Мамэкотехинспекциянын Ош шаардык аймак аралык башкармалыгы сотко кайрылган, - деди мэриянын өкүлү. - Шаардык сот курулуштун мыйзамсыздыгын аныктап, аны токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Читать дальше...

Украина: Зеленский жетекчилерди дайындай баштады

Azattyk.org 

20-майда кызматына киришкен Украинанын президенти Владимир Зеленский Башкы штабдын жетекчиси кылып Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Руслан Хомчакты дайындады. Тиешелүү буйрук Украина президентинин сайтында жарыяланды. 51 жаштагы Хомчак Москвадагы аскер окуу жайын бүтүргөн, Донбасстагы куралдуу чатакка катышкан, 2014-жылы өзүнүн аскердик бөлүгүн Иловайсктагы кагылышуулардан чыгарып кеткен. Хомчак армиянын генералы Виктор Муженконун ордуна келди. 21-майда Зеленский дагы бир катар кызматтык дайындоолор тууралуу буйрукка кол койду. Читать дальше...



Аба ырайы: Жаандан кийин сел жүрүшү ыктымал

Azattyk.org 

23-майда Кыргызстанда туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо жаан карга айланат. Кээ бир тоолуу райондордо жана тоо этектеринде мөндүр жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөрлөгөн жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы төмөндөйт. Читать дальше...

ЖЭБ соту: Адвокат кеңири зал сурады

Azattyk.org 

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүдө айыпталуучулардын адвокаты Нурбек Токтакунов соттон ишти кенен залда кароону суранды. Токтакунов залда айрым адвокаттардын иштеши үчүн шарт жок болуп жатканын, столу жок стулда гана отурушканын айтты. Адвокаттын өтүнүчүнө мамлекеттик айыптоочулар каршы чыгышты. Алар адвокаттар үчүн коюлган стол менен отургучтар жетиштүү экенин айтып, жылышып, кесиптешин батырып алууну сунуш кылышты.  Судья  Нурбек Токтакуновдун... Читать дальше...

Нарын: сууга аккан кыз табыла элек

Azattyk.org 

Нарын районунун Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна агып кеткен алты жаштагы кыз беш күндөн бери табыла элек. Издөө иштерине Өзгөчө кырдаал министрлигинин адистеринен тышкары айыл эли түп көтөрүлө чыгышты. Бул окуя шар аккан суунун жээгинде жайгашкан айылда коопсуздук маселеси чабал экенин эске салды.

Айлана-чөйрө агенттиги: Ысык-Көлдө суу булганган эмес

Azattyk.org 

Өкмөткө караштуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги Ысык-Көлдө сууга мониторинг жүргүздү. Мекеменин маалыматына караганда, көлдүн ар кайсы жерлеринен суунун сапатын аныктоо боюнча химиялык анализдер алынды. Анын жыйынтыгында, суунун сапаты бардык эрежелерге жооп берет деп табылды.   Негизинен Бостери айылындагы «Алтын кум», «Кыргызское взморье», «Аврора» санаторийлеринен, Григорьевка, Түп, Барскоон, Тамга, Кажы-Сай, Тоң,  Кош-Көл, Тамчы жана башка айылдарда жалпы 20 жерден суунун үлгүлөрү текшерилди. Читать дальше...

Токмок: Төрөт үйүндөгү окуя териштирилүүдө

Azattyk.org 

Чүй облустук милициясына былтыр 24-декабрда Токмок шаарынын тургуну кайрылып, аймактык оорукананын төрөт бөлүмүнүн кызматкерлерине каршы арыз жазган. Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 152-беренеси («Медицина кызматкерлеринин өз милдетин аткарбай коюшу») боюнча иш козголуп, сотко чейинки иликтөө иштери башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган. Чүй облустук милициясы «Азаттыкка» кабарлагандай, азырынча экспертизалардын корутундусу даяр боло элек. Бирок милиция дарыгерлерге карата кандай чара көрүлгөнүн маалымдаган жок. Читать дальше...

Жарандык коом УКМКга нааразы

Azattyk.org 

Бир нече укук коргоо уюмдары жана ондогон жарандык активисттер Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин (УКМК) реформалоо боюнча кол топтошууда.

Орусия: Ооганстандын түндүк провинцияларында 5 миңдей ИШИМ согушкери бар

Ca-irnews.com (kg) 

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын директору Ооганстандын түндүк провинцияларында кайрадан ИШИМ террордук уюмунун согушкерлери топтолуп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди.

ЖЭБди модернизациялоодогу коррупция боюнча сот жүрүп жатат

Azattyk.org 

Бишкектин Свердлов райондук сотунда жүрүп жаткан жараянга соттолуучулардын туугандары киргизилген жок. Эшик тоскон милиция кызматкерлери отурумга тизме менен гана киргизип жатышты.  Соттук териштирүү учурунда айыпталуучулардын бири, «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев айрым документтер жок экенин билдирди. Анын айтымында, Бишкек Жылуулук электр борборун модернизация кылган ТВЕА ишканасы менен түзүлгөн келишим, 2018-жылкы электр станцияларынын үч тараптуу келишимдери... Читать дальше...

Кыргыз-өзбек чек арасынан цемент ташыган машинелер өткөрүлө баштады

Azattyk.org 

Ош облусунда кыргыз-өзбек чек арасындагы «Достук» бекетинен бүгүн, 22-майдан тартып оор жүк ташуучу автоунаалар өткөрүлө баштады. Бул тууралуу жеринен «Азаттыктын» кабарчысы билдирди. Анын айтымында, документтери туура жана так айдоочулар чек арадан өтүп жатышат. Аталган бекетте он күндөн бери цемент ташыган 100дөн ашуун оор жүк ташуучу машине Өзбекстанга өтпөй, топтолуп калган. Ташкент мунун себебин түшүндүргөн эмес. Айдоочулар  чектөө тууралуу маалымат ала албай жатышканын айтышкан. Мамлекеттик... Читать дальше...

Төрт өмүрдү жалмаган күмөндүү кырсык

Azattyk.org 

Бишкек -Торугарт жолунда 9-майда төрт адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына себепкер тарап аныкталбай жатат. Укук коргоо органдары кырсыкта эки машиненин тең айдоочулары каза болгонун ыкчам кабарлаган. Бирок жакындары каза тапкан Кемин районун тургундары бул маалыматты четке кагып, экинчи автоунаанын айдоочусу тирүү экенин жана айыпты өлгөн адамга жүктөп, жазасыз калуу аракетин көрүп жатканын билдирүудө.

Кожобеков: Окубай калган балдар кесиптик билим алууга укуктуу

Azattyk.org 

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин өкүлү Кудайберди Кожобеков парламентте сүйлөп жатып билдирди. Анын айтымында, өз учурунда 9-класстан кийин окуусун уланта албай калган бардык адамдар кесиптик билим алышат. Ал үчүн колунда 9-классты бүтүргөнү тууралуу документи болууга тийиш. Кожобековдун маалыматы боюнча, учурда ашпозчулук, ширетүүчүлүк жана тигүүчүлүк кесипке окугандар көбөйгөн. - Учурда бул кесиптерге талап көп болуп жаткандыктан, окууга кызыккандар да көбөйдү, - деди ал. - Эки жыл мурда... Читать дальше...

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия ишин баштады (видео)

Azattyk.org 

«КТ Мобайл» боюнча депутаттык комиссия ишин баштады. Бул тууралуу 22-майдагы парламент жыйынында депутат Мирлан Бакиров маалымдады. Депутат «комиссиянын корутундусун күтпөй эле ички иштер органдары «Мегакомдун» жетекчиси Акылбек Жамангуловдун ишин текшерүүгө киришкени туура эмес» деген оюн билдирди.  Дагы бир депутат Жанарбек Акаев «коррупциялык схеманы ачыкка чыгарганы үчүн Жамангулов куугунтукка кабылбашы керек» деди. Жогорку Кеңеште «Альфа-Телеком» мамлекеттик компаниясынын эсебинен «КТ Мобайл» компаниясына 345 млн. Читать дальше...

Мэй Брекзит боюнча жаңы референдум өткөрүш үчүн добуш берүүгө макул болду

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Брекзит боюнча экинчи референдум өткөрүү маселесин палатага добуш берүүгө алып чыгууга макул экенин жарыялады. Анын шейшемби күнү билдиргенине караганда, кабинети Европа Биримдигинен чыгуу боюнча жаңы макулдашууну алып чыгып, белгилүү бир компромисске барууга даяр. Референдум жөнүндө жобого ылайык Европа Биримдиги менен макулдашууга парламенттин долбоору кошулат. Премьер-министр биримдиктен чыгууга каршы болгондорду бир убакта референдум жана макулдашууда... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *