Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Май
2019

Новости за 28.05.2019

Өкмөт башчы Матраимовдун маселесин көтөрдү

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Бакир Таиров менен жолуккан учурда Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун мүлкүн текшерүү маселесин козгоду. Ал текшерүү ишин тездетип, коомчулукка объективдүү жана толук маалымат берүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.  27-майда Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик... Читать дальше...

Бурулай зомбулуктун элеси

Azattyk.org 

Бишкекте 27-майда кыз ала качуунун, зордук-зомбулуктун курмандыктарын укук коргоочулар эскеришти. Бул иш-чара бир жыл мурун ала качуунун айынан күлгүндөй курагында каза тапкан Бурулай Турдаалы кызына арналды. Эскерүүгө катышкандар окуядан коомчулук сабак албай, ала качуу дагы эле токтобой жатканын белгилешти. Бир жыл өткөнүнө карабай Бурулайдын өлүмүнө укуктук баа толук бериле элек.

Президент: Аскер кызматкерлерин үй менен камсыз кылуу уланат

Azattyk.org 

Акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кызматчылары үчүн 267 батирлүү тогуз турак жай курулду. Анын ичинен Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлерине 96 батирлүү төрт үй берилди. Президент Сооронбай Жээнбековдун айтымында, аскер кызматкерлерин турак жай менен камсыз кылуу улантылып жатат жана ал өлкө башчынын көзөмөлүндө. "Ушул жылы Куралдуу күчтөрдүн аскер кызматчылары үчүн 379 батирлүү алты үйдүн курулушу жүрүп жатат. Анын ичинде Мамлекеттик чек ара кызматынын... Читать дальше...

Отунбаева: Экс-президенттик деген бул моюндагы түшпөс жүк жана жоопкерчилик

Azattyk.org 

Экс-президент Роза Отунбаева жергиликтүү Elgezit.kg басылмасына кенен маек куруп, экс-президенттик макам жөнүндө айтып берген. Отунбаева өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу үчүн сөзсүз эле жогорку кызматтын кереги жок экенин белгилеген. Ал экс-президенттик макамы менен өлкөдө социалдык тармакта иштеп жатканына токтолгон.  “Менин түшүнүгүм боюнча, жумушта болосуңбу же кетесиңби, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн аракет кыла бериш керек, ага тоскоолдук жок. Сөзсүз эле кызматка барып, машина минип, кабинетке отуруунун кереги жок. Читать дальше...

"Жайлоо өнүгүү борборлору” боюнча республикалык конференция башталды

Azattyk.org 

Ысык-Көлдөгү "Кыргыз деңизи" пансионатында жайлоо бала бакчалары, жайыт комитеттеринин кызматкерлеринин катышуусу менен иш-чара башталды. Анын ачылышында сөз сүйлөгөн экс-президент Роза Отунбаева жакырчылык көйгөйлөрүнө токтолду. Жайлоо бала бакчалары 2014-жылдан тарта уюштурулуп келет. Өлкөдө жүздөй бала бакча бар, 9100 бала тартылып, 3500 ата-эне 824 педагог жана уюштуруучу жайкысын иштеген. (BCh)

Зеленский Донбасска иш-сапар менен барды

Azattyk.org 

Украинанын жаңыдан кызматына киришкен президенти Владимир Зеленский 27-майда өлкө чыгышындагы Луганск облусуна алгачкы иш сапары менен барды. Ал армиянын Луганск жана Счастье кыштактарындагы позицияларын көргөнүн президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Зеленский аскерлер менен тамак-аштын сапаты, алардын социалдык абалы, турак-жай жана техника маселелери тууралуу сүйлөштү.  Зеленский негизинен Лугансктагы байкоо жана блиндаж пункттарын кыдырып, каршы тараптын позициясынан 400 метр алыстыкта жүрдү. Читать дальше...

Музей жана ат майдандагы коррупция боюнча сот башталат

Azattyk.org 

Бишкектеги Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Иш бүгүн, 28-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштайт. Бул тууралуу Жогорку соттон ырасташты.  Улуттук тарых музейи менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам  айыпталып жатышат. Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира... Читать дальше...

Маалыматтык технологиялар комитетине Догоевдин талапкерлиги каралат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бүгүн, 28-майда Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин жетекчиси кызматына Дастан Догоевдин талапкерлигин карайт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Догоевди бул орунга премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн. Мекеменин буга чейинки төрагасы Бакыт Шаршембиев 21-майда кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Дастан Догоев буга дейре Мамлекеттик каттоо кызматын башкарган. Читать дальше...



Экс-президенттердин укугу чектелди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан социал-демократиялык партиясындагы (КСДП) төрагалык ишин токтотуп, партиянын мүчөлүгүнөн убактылуу кеткенин жарыялады.

Сот аткаруу ишиндеги тажрыйбалар талкууланат

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 28-майда "Данакер талкуу" деп аталган иш-чара өтөт. Анда сот тармагындагы Молдова менен Украинанын тажрыйбасы, Кыргызстандагы абал ортого салынат.   Эл аралык Юридикалык өнүгүү уюму уюштурган талкууга жергиликтүү жана эл аралык эксперттер катышат.  "Данакер талкуу" – Кыргызстандагы мыйзамдуулук маселесин талкуулаган көз карандысыз аянтча.  (NT)

Казакстан Кытайдын ички ишине кийлигише албай турганын билдирди

Azattyk.org 

"Азаттыктын" казак кызматы жазып чыккандай, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Шинжаңдагы «тарбиялоо лагерлеринде» канча казак бар экенин билбей турганын жарыялады.  Мекеменин билдирүүсүндө, Нур-Султандын Кытайдагы казактар боюнча маселеге кийлигишүүгө укугу жок. Алар "кытай жарандары болуп саналат".   Ошондой эле маалыматта Кытайдагы казактардын тарыхый мекенине киришине көбүнчө алардын «Кытайдын миграциялык мыйзамдарын бузганы себеп катары көрсөтүлгөн. "Миграциялык режим бузулбаган учурда... Читать дальше...

Москва шаардык соту украиналык моряктарды камакта калтырды

Azattyk.org 

Москва шаардык соту 27-майда Орусияда камакта отурган украиналык моряктардын аппеляциялык арызын карап, аны четке какты. Аларды июлдун аягына чейин камакта калтыруу тууралуу Лефортово райондук сотунун чечими өзгөртүлгөн жок. Москвадагы тергөө абактарында отурган 24 моряк "Орусиянын чек арасын бузган" деп айыпталып жатышат. Моряктар 2018-жылдын 25-ноябрында Керч кысыгында Украина менен Орусиянын кемелеринин ортосундагы жаңжалда кармалган. Эгер сот күнөөлүү деп тапса, алар Орусиянын мыйзамдарына ылайык алты жылга чейин кесилиши мүмкүн. Читать дальше...

"Кыргызстан" фракциясынан Айнура Аскарова депутаттык мандат алды

Azattyk.org 

Парламенттеги «Кыргызстан» фракциясынан Айтмамат Назаровдун депутаттык мандаты Айнура Аскаровага берилди. Күбөлүк жана төш белгини ага  27-майда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырды.  23-майда Айтмамат Назаров «Улуттук энергохолдинг» компаниясына жетекчи болуп дайындалгандыктан мандатын тапшырган. Аскарова "Кыргызстан" фракциясындагы жалгыз аял-депутат болуп калды.  Ал буга чейин КТРКнын Байкоочу кеңешинин катарында болгон. «Замандаш» журналында, "Эркин Тоо"  гезитинде эмгектенген. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *