Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 08.06.2019

Карылар үйүндө табышкан түгөйлөр

Azattyk.org 

Акыркы жылдары карылар үйүнө байланган тагдырлар көбөйүп бара жатат. Анткен менен бул жерде бири-бирине жөлөк болчу түгөйүн таап, өмүргө башкача карай баштаган адамдар да барын эске сала кетели.

Атамбаев бийликке сес көрсөттү

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) коррупцияга каршы митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун дарегине бир топ дооматтарды айтты. Ал бийлик коррупция менен күрөштү шылтоо кылып саясий атаандаштарын куугунтукка алып жатканын билдирди.

Аргынбаев: Атамбаевдин бийликти сындаганга моралдык укугу жок

Azattyk.org 

"Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийликти сындаганга моралдык укугу жок". Мындай пикирин Саясий туткундарды коргоо комитетинин төрагасы Сапар Аргынбаев “Азаттыкка” билдирип, оппоненттерге куугунтук Атамбаевдин бийлигиндеги иштердин уландысы экенин айтты.  8-июнда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкекте митинг уюштурган. Коррупцияга каршы күрөштү тандалма жүргүзүп жатат деп, бийликке кине коюлган тынч жыйында Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине кескин сын айтты. Читать дальше...



Атамбаев Жээнбековду айыптады

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) коррупцияга каршы митингинде экс-президент Алмазбек Атамбаев кайрадан Сооронбай Жээнбековду айыптады. Ал бийлик коррупция менен күрөштү шылтоолоп, саясий атаандаштарын куугунтукка алып жатканын билдирди. Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши, мурдагы бажычы Райымбек Матраимов тууралуу да сөз козгоду. Бирок коомчулукта ушул эле маселелерде экс-президенттин өзүнө да сын таккандар болду.

Си Цзинпиндин китеби кыргыз тилинде басылды

Azattyk.org 

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китеби кыргызча басылып, 8-июнда Бишкекте бет ачары болду.  Бетачарга катышкан президент Сооронбай Жээнбеков "Си Цзинпиндин китеби - дүйнөдөгү окурмандар үчүн Кытайдын мамлекеттик саясатын тереңирээк түшүнүүгө болгон көпүрө", - деди.  Жээнбеков Кытайды Кыргызстандын жакын досу экенин айтып, бир жумадан кийин Си Цзинпин мамлекеттик сапар менен келерин кошумчалады.  Бет ачар аземине экс-президент Роза Отунбаева, мурдагы... Читать дальше...

Москвада полиция кызматкери өзбек жаранын атып салды

Azattyk.org 

Москвада полиция кызматкери кылмышка шек саналып кармалган өзбекстандык жаранды сурак учурунда атып алды. РБК агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматына таянып,  билдиргендей, маркум тартип сакчысынын табелдик куралын алып, терезеден качып кетүүгө аракет жасаган. Окуя 7-июнга караган түнү болгон. Шектүү мас абалында жол эрежесин бузганы үчүн кармалганы айтылууда.  Анын тек-жайы такталып, Өзбекстанда издөө салынган адам экени расмий кабарланды. Kun.uz сайты Өзбекстандын Орусиядагы элчилиги кабарды тастыктаганын... Читать дальше...

Балдардын коопсуздугу эстен чыкты...

Azattyk.org 

Жыл башынан бери бир нече бала сууга агып кетти. Жакында эле дааратканага түшүп кеткен баланын видеосу социалдык тармактарга тарады. Ага-ини муздаткычтын ичине камалып чарчап калды.

Поезд коюп кеткен адамдын тек-жайы такталбай жатат

Azattyk.org 

Чүйдүн Сокулук районунда поезд коюп кетип каза тапкан эркек кишинин тек-жайы такталбай жатат. Кырсыктан улам маркумдун бети-башы таанылгыс абалга жеткен.  Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 6-июнга караган түнү болгон. Иликтөө иштери уланууда.  Сөөк Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун өлүкканасына жеткирилген.  Маркум орто бойлуу, болжол менен 40-45 жашта. Үстүндө ак футболка, көк жынсы шым, көк кроссовка, ак байпак жана күрөң куру болгон.  Сурап-билүү үчүн телефон... Читать дальше...

NASA космоско саякат уюштурат

Azattyk.org 

АКШнын космос агенттиги (NASA) каалоочулар үчүн Эл аралык космос станциясына коммерциялык саякат уюштурат. Бул тууралуу 7-июнда расмий кабарланды.  Туристтин Эл аралык космос станциясындагы бир күндүк саякатка жана ал жерде коммуналдык кызматтарды колдонууга бир адам 35 миң АКШ долларын төлөшү керек. Ал эми станцияга барып-келүүгө өзүнчө акы алынат.  Туристтерди космоско Илон Масктын "SpaceX" компаниясы жеткириши мүмкүн экени айтылууда.

ТОП-14. Төрага, муфтий, депутаттар эмне менен машыгат? Залдагы тер төккөн сүрөттөр

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Спорт — ден соолуктун булагы. Мындай пикирди карманган кыргыз саясатчылары да арбын экендиги маалым болду. Айрымдары спорт менен ден соолукту чыңдоо үчүн машыкса, кээси мелдештерге катышып, жашында чемпион болуптур.

Францияда кыз-келиндердин дүйнөлүк футбол таймашы башталды

Azattyk.org 

Францияда аялдар арасында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталды. 7-июнда старт алган беттештер 7-июлга чейин уланат. Таймашка 179 өлкөнүн командалары ат салышып, негизги оюнга 24ү иргелип чыккан.  Төрт жыл мурда чемпиондукту АКШнын курама командасы жеңип алган. "БУУ-аялдар" уюму FIFA менен алгач ирет кызматташуу меморандумуна жетишти.  Ага 7-июнда дүйнөлүк футбол федерациясынын президенти Жанни Инфантино менен БУУнун аялдардын укугу жана мүмкүнчүлүгү, гендерлик теңчилик боюнча уюмунун... Читать дальше...

Амир-Темирдеги ийгиликтин сыры

Azattyk.org 

Ош шаарындагы 60 миңден ашуун калкы бар Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгында кыргыз жана өзбек жаштарынан бириккен кызматкерлер эмгектенет. Башкармалыктын башчысы Хамидулло Исмаилов жана анын орун басары Нургазы Каримов башкаруунун бул ыкмасын өлкөнүн жаңы идеологиясы деп эсептешет. Алар ушул жол аркылуу эки элдин бири-бирине ишеними артат деп ишенишет.

Аба ырайы: 9-июнда жаан-чачын болот

Azattyk.org 

9-июнда түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшөт. Күндүз Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын болот. Чүйдүн тоо этектеринде катуу жаан-чачын, тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17... Читать дальше...

Хожент түрмөсүнүн мурдагы жетекчиси төрт жылга камалды

Azattyk.org 

Тажикстандын Хожент түрмөсүндөгү тополоңдон улам колониянын мурдагы башчысы Файзулло Сафарзод төрт жылга кесилди. Жаза мөөнөтүн Дүйшөмбүдөгү атайын режимдеги түрмөдө өтөй турганын "Азаттыктын" тажик кызматы түрдүү булактарга таянып жазды. Сафарзод кызмат абалынан кыянат пайдаланган жана шалаакылыкка жол койгон деп айыпталды. Прокуратура аны алты жылга камоону сураган болчу. Аны менен кошо абакта иштеген жети адам эки жарым жылга шарттуу кесилишти. Сот чечими майдын этегинде чыккан.  Файзулло... Читать дальше...

Сауд Аравиядагы эң жаш саясий туткун өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

Ca-irnews.com (kg) 

Сауд Аравиядагы 18 жаштагы эң жаш саясий туткун Муртадже Курейрис өлкөнүн чыгышындагы шииттер отурукташкан Аль-Авамия аймагында нааразычылык акциясына катышкандыгы үчүн өлүм жазасына кесилиши мүмкүн.

КСДПнын митингинде бийликке эскертүү жасаган резолюция кабыл алынды

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкек шаарында бүгүн, 8-июнда коррупцияга каршы өткөргөн митинги аяктады. Эки саатка созулган тынч митингде резолюцияда саясий куугунтукту, жемкорлукка каршы тандалма күрөштү токтотуу талап кылынды. Аны партиясынын саясий кеңешинин төрайымы Асел Кодуранова окуп берди: "Эгерде жакынкы айларда өлкө президенти жана анын айланаcындагылар Кыргызстандын элинин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тагдыры үчүн коркунучтуу саясий оюндарды токтотпосо, биз Сооронбай... Читать дальше...

Атамбаев: Салянова Батукаевдин ишинде негизсиз күнөөлөнүп жатат

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу камоолор Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовдун тегерегиндеги кеп-сөздөрдөн элди алагды кылуу максатында уюштурулуп жатканын айтты. 8-июнда Бишкектеги Кыргызстан социал-демократиялык партиясы жемкорлукка каршы уюштурган митингде сүйлөгөн сөзүндө Аида Салянованын камалышы да негизсиз экенин билдирди: "Атамбаев президент кезинде Батукаевди боштондукка чыгаруу үчүн акча сураган, дегенге ким ишенет? Атамбаев бирөөдөн акча сураган эмес... Читать дальше...

Санкт-Петербург форумунда санариптештирүү маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Санкт-Петербургда өтүп жаткан эл аралык экономикалык форумга Кыргызстандан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баш болгон кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү катышты. Кыргыз делегациясынын курамында президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев, Орусиядагы элчи Аликбек Жекшенкулов бар. Мындан сырткары, форумдун уюштуруу комитетинин чакыруусу менен экс-премьер-министр Темир Сариев катышууда.   Сариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, форумдун жүрүшүндө дүйнөлүк экономиканын санариптешүү жана жасалма интеллектти өнүктүрүүгө басым жасалып... Читать дальше...

Атамбаев: "Сооронбай, кет" деп чыгабыз

Azattyk.org 

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Кыргызстанда бийликтин өзүмбилемдиги токтобосо, "Сооронбай, кет!",- деп чыгарын эскертти. Мындай пикирин 8-июнда Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) Бишкекте уюштурган митингде сүйлөп жатып айтты. "Азыркы зөөкүрдүк, өзумбилемдик токтобосо, "Сооронбай, кет!" - деп чыгабыз. "Айланаңдагы кишилерди чогултуп, Кыргызстандан чыгарып кеткен акчаң менен кошо жогол" деп талап коебуз", - деди Атамбаев. Бирок кайсыл акча жөнүндө сөз болгонун тактаган жок.  Азырынча... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *