Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2019

Новости за 10.06.2019

Алматы: акын Зайитов бошотулгандан кийин чогулгандар тарады

Azattyk.org 

10-июнда саат 23:00 чамасында төкмө акын Ринат Зайитов Алматы шаардык полиция департаментинин алдына чогулгандар менен жолугуп, аларды таркап кетүүгө чакырды. "Тарагыла, мен үйдөн келдим. Баарыңар үчүн жанымды берүүгө даярмын. Муунум бошоп, көзүмө жаш келип турат. Сиздер менен биргемин. Кармалгандардын баары чыкты. Бардыгы жакшы. Эч ким эч жерде калган жок", - деген акындын сөздөрүнөн кийин топтолгондор акырындан тарай башташты. Департамент алдына чогулгандардын айрымдары: "Казакстан бир кадам алдыга жылды. Читать дальше...

Малидеги кол салуудан жүзгө жакын адам набыт болду

Azattyk.org 

Малинин борбордук бөлүгүндөгү негизинен догон этностук тобу отурукташкан кыштакка жасалган чабуулдан жүзгө чукул адам набыт болду. Айыл дээрлик жер менен жексен болгонун Малинин коопсуздук кызматынын атын атабаган өкүлү билдирди. Анын айтымында кол салгандар жергиликтүүлөрдү аткылап, үйлөрүн өрттөп жиберишкен. Бул аймакта негизинен аң улоо менен алектенип, теңирчиликти карманган догондор жана фульбе-мусулмандарынын ортосунда кагылышуулар көп катталат. Ушул жылдын март айында Фулани айылынын 100дөй тургуну өлтүрүлгөн. Читать дальше...

NBSPLV — Cold Waves

Пресс.kg 

500 просмотров всего, 500 просмотров сегодня

Алматыда акын Ринат Зайитов баш болгон адамдарды полиция кармап кетти

Azattyk.org 

10-июнда Алматыда жүздөн ашуун адам акын Ринат Зайитовду издеп барып, шаардык полиция департаментинин алдына топтолду. Алар "Зайитовду бошотмоюнча таркабай турганын" айтышууда. Ырчы Нурлан Албан "бул нааразылык акциясы көтөрүлүш эмес, кармалган бир тууганыбызды сурай турган, издей турган адамдар бар экенин көрсөтүү" - деп чогулгандардын себебин түшүндүрдү. Алар менен Алматы шаардык полиция департаментинин жетекчи орун басары Избасар Бектуров жолугушту. - Ичип алган жаштар ар кандай кылмышка барбасын деп турабыз. Читать дальше...

Пакистандын мурдагы президенти камалды

Azattyk.org 

Пакистандын мурдагы президенти Асиф Али Зардари коррупцияга айыпталып, камакка алынды. Аны 10-июнда резиденциясында Коррупцияга каршы агенттик кармаганы белгилүү болду. Зардари менен кошо анын карындашы Фарьял Талпур да айыпталып жатат. Тергөөнүн версиясына караганда мурдагы президент карындашы экөө бир миллион долларга жакын акчаны жеке банк эсептерине которуп кетишкен. Зардари менен Талпур мындай айыпты четке кагып жатышат. Имран Хан өкмөт башчылыкка киришкенден бери коррупцияга айыпталып бир нече саясатчы камалган. Читать дальше...

Токаев: соцтармактар блоктолгонун билген эмесмин

Azattyk.org 

9-июнда өткөн шайлоодо добуштардын 70 пайыздайын алган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев дүйшөмбүдө Акордодо өткөн басма сөз жыйынында шайлоо күнү социалдык тармактардын блоктолгону тууралуу "кабары болбогонун" билдирди. "Мен соцтармактардын активдүү колдонуучусумун. "Твиттердеги" баракчамды өзүм көзөмөлдөйм. Ачыгын айтканда, социалдык тармактар блоктолгону жөнүндө такыр кабарым жок болчу. Бирок, албетте укук коргоо органдарына тиешелүү тапшырмалар берилет". 9-июнда казакстандыктар... Читать дальше...

Сырт келбетке сын такпайлы

Azattyk.org 

Сырт келбетиңизге байланыштуу дискриминацияга же шылдыңга кабылган учурлар болду беле? Эмнеге кыздар дене түзүлүшүнө карата басымга көп кабылат? "Эже-сиңдилер" телеберүүсүндө бул жолу боди-позитив, сырт келбетине карап сын тагуу тууралуу баарлаштык.

Укук коргоочу Оюб Титиев мөөнөтүнөн мурда бошотулду

Azattyk.org 

Чеченстандын Шали шаардык соту дүйшөмбүдө укук коргоочу Оюб Титиевди мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу чечимин кабыл алды. Чечим он күндүн кийин күчүнө кирет. "Мемориал" укук коргоо уюмунун Чеченстандагы бөлүмүнүн 61 жаштагы башчысы Титиев 2018-жылдын башында автоунаасында баңгизат табылганына байланыштуу камалган. Титиев өзү жана укук коргоочулар баңгизат анын машинесине атайлап ташталганын айтып чыгышкан. Быйыл мартта Шали шаардык соту Титиевди баңгизатты мыйзамсыз сактаганы үчүн айыптуу деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Читать дальше...



Атамбаевдин «чамынган» тактикасы

Azattyk.org 

Айрым саясат талдоочулар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн ишембиде митингде сүйлөгөн сөзүн «коргонуу үчүн чабуул коюу тактикасы» катары мүнөздөштү.

Москвада журналисттер баш көтөрдү

Azattyk.org 

Орусияда иликтөөчү журналист Иван Голуновдун баңгизат сатууга байланыштуу айып менен кармалышы журналисттик коомчулукту козгоду.

Чет элдик жарандарды карактаган кылмыштуу топ кармалды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Ата райондук ИИБ менен бирге үч эркек менен бир кыздан турган, чет элдиктерди карактаган кылмыштуу топту кармашты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады. 2019-жылдын май айынан баштап азыркы күнгө чейин Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында Пакистандын жана Индиянын жарандарына карата каракчылык кылып, тоногон бир нече фактылар катталган. Кармалгандардын баары мурда «Ээнбаштык» же «Уурулук» беренелери менен соттолгону белгилүү. Читать дальше...

Айтматов тууралуу жаңы китеп

Azattyk.org 

“Данисте” телеберүүсүнүн бул жолку чыгарылышына кирген баяндар: дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу “Азаттыктын” жаңы китеби акысыз таратылат. Айылдагы үйүн киномузейге айланткан режиссёр Актан Арым Кубат. Карылар жана майыптар үйүндө өмүргө жөлөк болчу түгөй таап, бирге түтүн булаткандар. Музыка менен актёрлукту бирдей багындырган оштук артист Илхом Ахмад.

Өкмөт башчы Туйгунаалы Абдраимовду кызматынан бошотту

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Туйгунаалы Абдраимовду өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматынан бошотту. Тиешелүү буйрукка Абылгазиев бүгүн, 10-июнда кол койду. Буга чейин, 5-июнда Туйгунаалы Абдраимов Сокулук районунун Орок айылында чыккан чырды чагылдырууга барган журналисттердин биринин турпатын келеке кылганы тууралуу видео тараган. Андагы губернатордун жоругу социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштап, ал журналисттер тарабынан катуу сынга кабылган. 6-июнда... Читать дальше...

Молдовада эки өкмөт эки башка жыйын өткөрдү

Azattyk.org 

Саясий кризис курчуп жаткан Молдовада дүйшөмбүдө эки өкмөт өз алдынча жыйындарды өткөрүштү. Конституциялык сот убактылуу президент катары дайындаган Павел Филиптин өкмөтү жана парламенттеги коалициялык көпчүлүк шайлаган премьер-министр Майя Сандунун өкмөтү бири-биринин мыйзамдуулугун таанышпайт.  Сандунун өкмөтү орусиячыл социалисттер менен Евробиримдикке ыктаган АСUM партиясынын коалициясы тарабынан түзүлгөн. Саясий оппоненттер ишкер Владимир Плахотнюктун Демократиялык партиясына каршы туруш үчүн 8-июнда биригишкен. Читать дальше...

Кыргызстанда тоо веломарафону өтөт

Azattyk.org 

Кыргызстанда аралыгы 1700 чакырымды камтыган тоо веломарафону өтөт. Бул тууралуу «Silk Road Mountain Race» компаниясынын башкы директору Нелсон Тристин «Азаттыкка» билдирди. Тоо веломарафону 17-августта Бишкекке жакын жерде башталып, 31-августта Чолпон-Атада жыйынтыкталат. Веложарыштын катышуучулары Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарын аралап өтүшөт. - Бул жылы баары болуп 27 өлкөдөн 148 киши катышуусу күтүлүүдө. Алар велосипед менен 1700 чакырым жолду басып өтүшү керек. Кыргызстандан беш спортчу катышканы турат, - деди Нелсон Тристин. Читать дальше...

Коми Республикасынын экс-президенти 11 жылга кесилди

Azattyk.org 

Москванын Замоскворецк райондук соту Коми Республикасынын мурдагы башчысы Вячеслав Гайзерди 11 жылга эркинен ажыратып, 160 миллион рубль айыпка жыкты. Ал уюшкан кылмыштуу топ түзгөнү үчүн күнөөлүү деп табылды. Коми Республикасынын мурдагы башчысы 2015-жылдын күзүндө кармалып, эки жумадан кийин президент Владимир Путин аны «ишенимди жоготконуна байланыштуу» кызматтан алган.  Тергөөнүн маалыматына караганда, Гайзер бир нече жогорку даражалуу аткаминер менен бирге мамлекеттин үч миллиарддай рублин кымырып алган кылмыштуу топко кирген. Читать дальше...

Молдова: сот президентти кетирди

Azattyk.org 

Казакстанда утурумдук мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаев президенттик шайлоодо жеңгени кабарланды. Добуш берүү адилет өткөн жок дегендер шайлоонун эртеси да Алматыда нааразылыкка чыгышты. Молдовада Конституциялык сот президент Игорь Додонду кызматынан убактылуу четтетти.

Гонконгдун эли митингге чыкты

Azattyk.org 

Гонконгдун жүз миңдеген тургуну жекшембиде Бээжиндин талабы менен жарандарды Кытайга экстрадициялоого каршы нааразылык акциясына чыкты. Учурда талкууланып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, ал адамдарды Кытайга, Макаого жана Тайванга экстрадициялоого жол ачат.

ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси

Sputnik Кыргызстан (sport) 

ММА же сегиз бурчтукта бардык ыкмаларды колдонууга уруксат берилген аралаш мушташ спорттун популярдуу түрүнө айланды. Кыргызстанда дагы эр уруштун сүйүүчүлөрү күн санап өсүүдө. Балбандар Олимпиададан байге алууну эңсесе, мушкерлер UFC уюмуна барууну самайт. Эмнеге?

Шайлоо: Токаев утту, Косанов тааныды

Azattyk.org 

Казакстанда кезексиз өткөн президенттик шайлоодо Касым-Жомарт Токаев жеңишке жетти. Экинчи келген оппозициячыл маанайдагы талапкер Амиржан Косанов шайлоо жыйынтыгын тааный турганын жарыялап, өлкөдөгү нааразылык акцияларын өткөрүүнү колдобой турганын айтып чыкты.

Финпол: Матраимовдор боюнча эки иш териштирилип жатат

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланыштуу «Азаттыктын» иликтөөлөрү боюнча эки ишти териштирип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Анастасия Пискур билдирди. Бирок ал иликтөөнүн жүрүшү, ушул кезге чейин кандай маалыматтар ачыкка чыкканы тууралуу эч нерсе айткан жок:  - Тергөөнүн купуялуулугу үчүн маалымат бере албайм. Иликтөө иштери жүрүп жатат жана ал азырынча жарыяланбайт. Читать дальше...

БУУ Жер ортолук деңиз «кандуу деңизге» айланышы мүмкүн деп эскертүү берди

Ca-irnews.com (kg) 

Италиядагы БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссар башкармалыгынын басма сөз катчысы Жер Ортолук деңизинде качкындарга жардам көрсөтүүчү куткаруучу кемелер жайгаштырылбаса, Жер ортолук деңизи «кандуу деңизге» айланышы мүмкүн деп эскертүү берди.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *