Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 16.08.2019

«Кумтөр» өкмөттүн тилин тапты

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү канадалык «Centerra Gold Inc» компаниясы менен стратегиялык келишимдин күчүнө кирүү шарттары боюнча түшүнүшүүгө жетишти.

Сот Алмазбек Атамбаевди абакта калтырды (видео)

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди. “Сот болду, бирок, тилекке каршы, мыйзамсыз чечим чыгарылды. Мурдагы президенттин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, 26-августка чейин абакта калмай болду”. Экинчи адвокат Замир Жоошев “алгач сот Атамабевди кармап келүүнүн мыйзамдуулугун карашы керек эле” деген пикирин билдирүүдө. Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Читать дальше...

Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду (видео)

Azattyk.org 

Мурдагы биринчи айым Раиса Атамбаевага кылмыш иши козголду. Бул тууралуу ал өзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда билдирди. Ал кылмыш иши президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн мурдагы башчысы Манас Арабаевдин ишине байланыштуу экенин айтты. Бул маалыматты “Азаттыкка” Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы да ырастап, бирок кайсы берене боюнча козголгону айтыла элек. “Мен эч качан соттордун ишине кийлигишкен эмесмин. Читать дальше...

Раиса Атамбаева: Үй-бүлөбүз куугунтукталып жатат

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева соңку окуяларга байланыштуу пикирин билдирүүгө аргасыз болуп жатканын айтты. Ал үй-бүлөсү куугунтукка кабылып жатканын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратынын алдында, Атамбаевдин бөгөт чарасы каралып жаткан учурда билдирди. Сот бүгүн көчмө жыйынын УКМКда өткөрүп, ага жакындары кире албай калган. “Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына, менин үй-бүлөмө, балдарыбызга, жакын туугандарыбызга карата куугунтук жүрүп жатат. Читать дальше...

Министрлик: Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлиги 7-8-августта Кой-Таштагы окуяларда жабыркаган Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун ден соолугуна байланыштуу маалымат таратты. Анда Курманкуловдун абалы дале туруктуу оор бойдон экени айтылат. Москвадагы Н.Н.Бурденко атындагы нейрохирургиялык борбордо ага кошумча анализдер дайындалган. Ошонун жыйынтыктары менен андан кийинки дарылоо жолу белгилүү болот. Милициянын башчысын дарылоого кеткен каражатты мамлекет төлөп берет. Москвага аны саламаттык сактоо министринин... Читать дальше...



Прокурордун өлүмүнө шектүү Калыковдун жакындары акцияга чыкты

Azattyk.org 

Баткен шаарында облустук прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалып турган Мелис Калыковдун жакындары нааразылык акциясына чогулду. Акция облустук акимчиликке жакын жерде өтүп жатат. Алар ишти судья Жолборс Кудаяров эмес, башка сот карасын деген талап коюшууда. “Жолборс Кудаяровдун үстүнөн прокуратура мурда козголгон үч кылмыш ишин жандантты. Ошондуктан бул судья прокуратурага көз каранды”, - дейт шектүүнүн эжеси Дарика Калыкова. Учурда аянтка жүзгө жакын киши чогулду. Кылмышка... Читать дальше...

Сирия, Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иштин 2-этабы башталды

Azattyk.org 

Сирия жана Ирактын согуштук аймактарындагы качкындар лагеринде жүргөн кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча иш-чаралардын экинчи этабы уланууда. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдиргендей, тиешелүү тараптар жана өнөктөш кызматтар менен биргеликте сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Маалыматка караганда, террордук иш-аракеттерге катышкандардын жарандыгы аныкталып жатат. “Ал жерде көбүнүн балдары бар болгондуктан мекенге кайтарып келүү үчүн ата-энесинин макулдугу керек,... Читать дальше...

Атамбаевдин сотуна жакындары кире албай жатат (видео)

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын караган сотко адвокаттардан башка жакындары кире албай турат. Сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтүп жатат. Учурда сот башталганы кабарланууда, бирок мекеменин басма сөз кызматы муну ырастаган жок. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева, журналисттер жана тарапташтарынан эч ким киргизилген жок. Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Читать дальше...

Равшан Жээнбеков сурак берип чыкты

Azattyk.org 

Кой-Таштагы окуялар боюнча Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматында жети саатка жакын сурак берип чыкты.

Атамбаевдин бөгөт чарасы каралууда

Azattyk.org 

Бир топ оор айыптар тагылып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында каралмай болду.

Атамбаевдин бөгөт чарасы сотто эмес, УКМКда каралмай болду

Azattyk.org 

Бир топ оор айыптар тагылып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында каралмай болду. Учурда ал жакка аялы Раиса Атамбаева, баласы Кадыр Атамбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева жана айрым тарапташтары чогулууда. “Бөгөт чарасы шаардык сотто каралышы керек болчу. Акыркы мүнөттөрдө чечимди өзгөртүп, УКМКда өткөрмөй болушту. Менимче жабык жайда, төрт дубалдын ичинде каалаган... Читать дальше...

Кыргызстандын жарандарын Сирия жана Ирактан кайтарып келүү боюнча иш-чаралар жүрүүдө

Ca-irnews.com (kg) 

КРнын Президентинин тапшырмасына ылайык,  коопсуздук органдары  өнөктөш кызматтар менен биргеликте Сирия жана Ирактагы согуш аймактарындагы, ошондой эле ар кандай качкындар лагеринде жүргөн жарандарды кайра кайтаруу боюнча иштердин экинчи этабын улантууда.

Салянова: Мен камакта Атамбаевди коргогон үчүн отурган жокмун

Azattyk.org 

Мурдагы башкы прокурор, экс-депутат Аида Салянова “Фейсбуктагы” баракчасында билдирүү калтырып, үй камагына чыкканы жана тергөө кызматы менен түзүлгөн келишим жөнүндө маалымат берди. “‌Бир нерсени так айткым келет. Мен 73 күн камакта Алмазбек Атамбаевди коргоп, ага жан тарткан үчүн отурган жокмун. Ал ага татыксыз. Менин камакта болгонумдун бир эле себеби бар - мен эч качан коррупцияга аралашкан эмесмин. Азыр мага коюлган күнөөгө да тиешем жок. Ушунча убакыт чындык жеңет деп күттүм. Мен мурда айткан сөздөрүмдөн кайткан жокмун. Читать дальше...

АКШ Конгрессиндеги эки мусулман аялга Израилге кирүүгө бөгөт коюлду

Azattyk.org 

Израилдин бийлиги АКШнын Өкүлдөр палатасындагы демократтар Рашида Тлаиб менен Илхан Омарды өлкөгө киргизбөө чечимин кабыл алды. Алар экөө тең Конгресске шайланган биринчи мусулман аялдар. Тлаиб менен Омар президент Дональд Трампты жана Израилдин Палестина автономиясына карата саясатын кескин сынга алганы менен белгилүү. Алар “Бөгөт, инвестициядан жана санкциядан баш тартуу” аттуу кыймылды колдоо пикирлерин билдирип келишкен. Израилдин мыйзамдарына ылайык, аталган кыймылдын тарапкерлерине өлкөгө кирүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Читать дальше...

Нарында жайлоого курулган үйлөрдүн мыйзамдуулугу текшерилүүдө

Azattyk.org 

Нарын районунун Кара-Кужур өрөөнүнө салынган турак үйлөрдүн мыйзамдуулугу текшериле баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" Нарын аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчиси Улан Жаанбаев билдирди. Кара-Кужур өрөөнүндөгү Кара-Жылга жайлоосунда элүү миң гектардан ашык жайытын союз маалынан бери Нарын району пайдаланып келатат. Кочкор районуна тийиштүү жайытты пайдалануу өкмөттүн тиешелүү токтомунун негизинде ишке ашып келген. Жайлоого чыккандар жайытка биротоло отурукташып... Читать дальше...

Кыргызстанда жыл башынан бери беш миңдей үй пайдаланууга берилди

Azattyk.org 

2019-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын аймактарында жалпы аянты 551 миң чарчы метр болгон 4,8 миң жеке турак жай пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын тиешелүү мезгилине караганда 15 пайызга көп. Ишке киргизилген жеке турак жайлардын негизги үлүшү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарына, ошондой эле Бишкек шаарына туура келди. 2018-жылы жалпы 8 792 турак жай курулса, анын 7 846сын жеке үйлөр түзгөн. 2017-жылы жылы 1 млн 80 миң чарчы... Читать дальше...

Шаардык сот Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карайт

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бүгүн 16-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүнү карайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Атамбаевдин жактоочуларынын бири Замир Жоошев билдирди. Соттук отурум саат 10:00го белгиленди. Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү аны кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде бөгөт чарасын аныктап... Читать дальше...

Түндүк Корея эки ракетасын деңизде сынады

Azattyk.org 

16-августтун таңында Пхеньян асманга эки атуучу куралын Жапон деңизине карай чыгарып, дагы сыноо өткөрдү.   Түштүк Кореянын Колбашчылар штабынын бириккен комитети кабарлагандай, ракеталар Түндүк Кореянын Кангвон провинциясынын Тончон шаарынан атылды. “Аскерлер кошумча атуулар болсо кырдаалга даярдык абалында көз салып турушат” деп кабарлайт аталган комитет. Ракеталардын атылганын расмий Пхеньян ырастай элек. АКШнын президенти Дональд Трамп алыскы жана жакынкы аралыктагы баллистикалык ракеталарды... Читать дальше...

ИИМ: Аида Салянова тергөө менен кызматташууга макул болду

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга байланыштуу соттук өндүрүштү тергөө менен кызматташууга макул болгонун билдирди. Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылгандай тараптардын сүйлөшүүсү ИИМдин Тергөө кызматында жүрдү. “Адвокатынын катышуусунда тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда Аида Салянова тергөө менен кызматташуу каалоосу бар экенин айтты. Ушуга байланыштуу жаңы мыйзамдарга ылайык анын буга чейин бекитилген... Читать дальше...

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча жаштардын дүйнө чемпионатында күмүш медалга татыды

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова ушул күндөрү Эстониянын борбору Таллин шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медал тагынды. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» уюмунун сайтында жазылгандай, Жуманазарова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 68 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, беш беттеш өткөрдү. Алгачкы беттешинде украиналык Кристина Малявканы 11:0, экинчи беттешинде орусиялык Кахум Валиеваны 1:1, чейрек финалда канадалык Берит Жонсонду 10:0 эсебинде жеңди. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *