Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 25.08.2019

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, жабыркаган милиционер ооруканада

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч, топтолгон эл жок. 24-августта жабыркаган милиционердин абалы жакшы, ал Кулунду айылынын ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди. Бекмуратов бүгүн 25-августта Тажикстандын чектеш Гафуров районунун жетекчиси Зариф Назири менен жолукканын, натыйжада Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилерине атайын сунуш кат жазып, чек ара аймагында курулуш жүргүзүү маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышарын айтып берди. Читать дальше...

Жапония Түштүк Кореядан машыгууну токтотууну талап кылды

Azattyk.org 

Жапония өзүнө таандык деп эсептеген Такэсима (Токто) аралдарынын жээгинде аскердик машыгуу өткөрүүнү токтотууну талап кылып Түштүк Кореяга кайрылды. «Киодо» агенттигинин маалыматына караганда, жапон өкмөтү жөнөткөн нааразылык катында Такэсима башынан Жапонияга таандык экени, ал жакта аскердик машыгууга таптакыр уруксат жок экени айтылат. Бүгүн, 25-августта Түштүк Корея өз көзөмөлүндө кармап турган Такэсима аралдарында машыгуу уюштурду. Бул аймак эки өлкө ортосунда талаш жараткан жер. Токио... Читать дальше...

Быйыл Кыргызстанда 72 жаңы мектеп пайдаланууга берилет

Azattyk.org 

Быйылкы жылдын эсеби менен Кыргызстанда 72 жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Өкмөттүн маалыматына караганда, учурда бардыгы болуп 157 социалдык объект курулуп жатат. Анын ичинен 111и мектеп имараты. «111 мектептин 72си ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Мындан тышкары 51 мектепте жана жети бала бакчада оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп жатат» деп айтылат өкмөттүн маалыматында. 2018-жылы Кыргызстанда 66 мектеп курулганы парламентте айтылган. Булан институту мектептердин курулушу жана... Читать дальше...

«J-Fest»: Ысык-Көлдө чет элдик туристтер мелдешти

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө кезектеги туристтик фестиваль өттү. Ак-Суу районунун Шахты-Жыргалаң айылында салтка айланган «J-Fest» фестивалын «Жыргалаң» бирикмеси уюштурду. Бирикменин жетекчиси Гүлмира Примованын айтымында, бул жолку иш-чарага чет өлкөлөрдөн келген 200гө жакын конок катышты.  - Ушуну менен фестивалды үчүнчү жыл өткөрүп жатабыз, - деди ал. - Биздин максат – айылыбызга келген туристтер көбөйтүү, аларды кыргыз элинин салты, үрп-адаты, улуттук тамак-ашы менен тааныштыруу. Айылыбыз жылы бою туристтерди тосот. Читать дальше...

Тажикстанда азык-түлүк кымбаттады

Azattyk.org 

Тажикстанда доллардын кымбатташы азык-түлүктүн баасына таасирин тийгизүүдө. Картөшкө буга чейин килограммы 3 сомони турса, азыр 3,5-4кө жетти. Тооктун жумурткасы бир даанасы 70 дирам болсо, азыр 90дон сатылууда. Сатуучулар товарды дүңүнөн алганда да баасы мурдагыдан кымбатыраак болгонун айтып жатышат. 20-августта Тажикстанда АКШ долларынын курсу көтөрүлгөн. Ага чейин банктар бир долларды 9 сомони 43 дирамдан сатып жаткан болсо, бул күнү 9 сомони 70 дирамга жеткен. Өлкөнүн Улуттук банкы мындай... Читать дальше...

Өзбекстан Орусиядан автоунаа сатып алууда алдыга чыкты

Azattyk.org 

Өзбекстан Евразия Экономикалык Биримдигине кирбеген өлкөлөрдүн арасында Орусиядан эң көп автоунаа сатып алган лидер аталды. «Автостат» аналитикалык агенттигинин маалыматына караганда, быйылкы 2019-жылдын биринчи жарымында Өзбекстан Орусиядан 4300 автоунаа импорттогон. Экинчи орунду 4000 машине сатып алган Чехия, ал эми үчүнчү орунду Латвия ээледи. Бул өлкө Орусиядан быйылкы жылдын алгачкы алты айында 3000 автомашина импорттогон.  Орусиядан Өзбекстанга автоунаа ташуу көрсөткүчү бул аралыкта 32% өскөн. Читать дальше...

Орусиянын Улуу Британиядагы элчиси кызматтан кетти

Azattyk.org 

Орусиянын Улуу Британиядагы элчиси Александр Яковенко кызматын тапшырды. Дипломатиялык мекеменин расмий сайтындагы маалыматка караганда, анын ордуна убактылуу Иван Володин дайындалды. Быйыл апрель айында «Коммерсантъ» гезити 64 жаштагы Яковенко Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясына жетекчи болуп кетиши ыктымал экенин жазган. Ал министрликтин системасында 1976-жылдан бери иштеп келди. Басылма жазгандай, буга чейин Британиядагы элчилик кызмат орус Тышкы иштер министрлигинин... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *