Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 28.08.2019

Мирзиёев блогерлерди колдой турганын билдирди

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-августта «Шарк тароналари» аттуу эл аралык музыкалык фестивалга катышканы келген жергиликтүү жана чет элдик блогерлер менен жолукту. Өзбек блогерлери менен сүйлөшкөн президент аларды дайыма колдой турганын белгиледи. Өзбек мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Мирзиёев мындан тышкары журналисттердин суроолоруна да жооп берип, өлкөдө ачыктык саясаты улантыларын айтты. - Акыркы жылдары Өзбекстан дүйнөгө эшигин ачып, эл аралык коомчулукка бардык чындыкты жеткирүүнү каалап жатат. Читать дальше...

АКШ менен Украинанын президенттери 1-сентябрда Варшавада жолугушат

Azattyk.org 

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-сентябрда Варшавада жолугушат. Бул тууралуу 27-августта Киевге келген АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон билдирди.  Анын айтымында, эки мамлекет башчы Польшанын баш калаасында Экинчи дүйнөлүк согушту эскерип уюштурулуп жаткан иш-чаралардын алкагында кезигишет. Варшавадагы эскерүү жыйындарына Орусиянын президенти Владимир Путин чакырылган эмес.  Анын алдында Трамп Зеленскийди АКШга чакырганы... Читать дальше...

Равшан Жээнбеков журналисттик этика комиссиясына кайрылды

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбеков Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга кайрылып, бир катар сайттарда жазылган макалалардын этикалык жагын карап берүүнү суранды.  Жээнбеков «Русская весна» порталына, «paruskg.info», «stanradar.com» интернет-басылмаларына каршы даттанган. Аларда бири-бирине окшош макалалар 14-15-августта чыккан. Саясатчы бул тууралуу «Азаттыкка» билдирип, «Равшан Жээнбеков АКШнын атайын кызматына иштейт», «Мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылып жатат»... Читать дальше...

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси премьер-министрге кеңешчи болду

Azattyk.org 

Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Камил Рашидов өкмөттүн 27-августтагы буйругу менен премьер-министр Абдулла Ариповдун кеңешчиси  болуп дайындалды.  Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Рашидов чет элде иштеп жүргөн өзбекстандык мигранттардын укуктарын коргоо жана колдоп-кубаттоо маселелери боюнча департаментти да башкарат.  Рашидов Кыргызстанга 2013-жылы элчи болуп келген, ага чейин тышкы иштер министринин орун басары болгон.  Бейрасмий кабарларга ылайык, Өзбекстандан чет мамлекеттерге мигрант... Читать дальше...

Бишкекте СССРге арналган көргөзмө болот

Azattyk.org 

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейинде 28-августта «Тынчтыкта жана ынтымыкта. СССР искусствосу» деген сүрөт көргөзмөсү ачылат.  Музейдин сайтындагы кабарга ылайык, Кыргызстандын эгемендигинин 28 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан маданий иш-чара 1930-1990-жылдардагы сүрөтчүлүк өнөрүнө багышталат. Ага СССРдин курамына кирген 15 мамлекеттин ичинен Түркмөнстандан башка өлкөлөрдөн сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлат.  Көргөзмө 29-сентябрга чейин уланат. (SE)

Пахта терими башталды, баасы чечилбей турат

Azattyk.org 

Кыргызстандын пахта эгилген аймактарында дыйкандар ак була жыйнай баштаганы менен баасы чечилбей турат. Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, нарк эл аралык базарга карап коюлат. Бирок ага мамлекет аралаша албайт, пахта кабыл алуучу компаниялар өздөрү чечет. Дыйкандар да каалаган баасына сатканга акысы жок.  «Азаттык» компанияларга байланыша алган жок. Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорундагы дыйкандардын айтымында, аларга пахтанын наркы сентябрда аныкталары маалымдалган. Читать дальше...

«Centerra Gold Inc» менен стратегиялык келишимдеги акча көбөйтүлдү

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү менен «Centerra Gold Inc» компаниясынын ортосундагы стратегиялык келишим күчүнө кирди. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 27-августта өткөргөн кеңешмеде айтты. Документке 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган. Анда эки тараптын милдеттенмелери жазылган. Макулдашуу боюнча 2026-жылга чейин Кыргызстанга жалпы суммасы 87 млн. доллар каражат келип түшмөк. Өкмөт каржынын көлөмүнө макул болбой, сүйлөшүүлөр жүргөн. - Узакка созулган кошумча сүйлөшүүлөрдөн кийин жыйынтыгында бул сумма дагы 150 млн. Читать дальше...

Италияда өкмөт башчы тандоодо мунаса табылбай жатат

Azattyk.org 

Италия парламентинде көпчүлүктү түзгөн «Беш жылдыз кыймылы» партиясы жана Демократиялык партия премьер-министрлик кызматка талапкер тандоодо бир пикирге келе албай жатат.  «Беш жылдыз кыймылы» Жузеппе Конте өкмөт башчылык ишин уланта беришине макул. Демократиялык партия «башка талапкер болушу керек» деп турат. Эгер партиялар мунасага келбесе, Италия президенти Сержо Маттарелла парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү керек.  Жузеппе Конте 2018-жылдын 1-июлунан тартып өкмөттү башкарып... Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *