БУУ: Сирия лагерлеринде балалуу аялдар оор шартта күн көрүп жатышат
Бириккен Улуттар Уюму 11-сентябрда Сириядагы согуштун кесепети тууралуу баяндамасын жарыялады. Анда качкындар лагерлеринде «аялдар менен балдар адам чыдагыс шартта» жашап жатканы айтылат. Ошондой эле балдардын көбү 12 жашка чыга элек жана 3,5 миңден ашыгынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. БУУнун 21 барактан турган баяндамасында айрыкча «Аль-Хол» лагерине байланыштуу өзгөчө тынчсыздануу айтылган. Бул жакта жүздөгөн адамдар, айрыкча балдар тамак-ашка, медициналык жардамга жетпей кырылып жатканы белгиленген. Читать дальше...