Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 16.09.2019

Шаршенбек Абдыкеримов журналисттик этика комиссиясына кайрылды

Azattyk.org 

"Аю" компаниясынын кожоюну, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга кайрылып, "Жаңы Ордо" гезитиндеги макалага баа берүүнү өтүндү. Даттануу 16-сентябрда жолдонгонун аталган комиссиядан кабарлашты.  "Шакинин канаты жакынкы күндөрү кайрылабы?" деген автору жазылбаган чакан макала, гезиттин 2019-жылдын 6-сентябрындагы санына чыккан. Арыз ээси аталган макалада "Шаршенбек Абдыкеримов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге... Читать дальше...

Орусияда «Борбор Азиядагы коопсуздукту камсыздоо» боюнча машыгуу башталды

Azattyk.org 

Орусияда жыл сайын өтүүчү «Борбор-2019» аттуу стратегиялык командалык машыгуу 16-сентябрда башталды. 21-сентябрга чейин улана турган бул машыгууга Кыргызстандын, Кытайдын, Индиянын, Пакистандын, Казакстандын жана Өзбекстандын аскер бөлүктөрү да катышмакчы. Быйылкы аскердик машыгууда негизинен Орусиянын Борбордук аскер округуна көңүл бурулат. Орусия Куралдуу күчтөрүн 2008-жылдан тартып жаңылай баштаган, ал эми Борбордук аскер округунда машыгуу 2011 жана 2015-жылдары да өткөн. Коргоо министрлигинин маалыматына караганда... Читать дальше...

Тажикстан тактала элек төрт жерде курулуш жүргүзүп жатканы белгилүү болду

Azattyk.org 

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кеңеш Салихов билдирди. Анын айтымында, тажик тарап 14-сентябрда курулуш иштерин баштаган Максат айылы менен чектеш жердеги объектиси жана Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогунан сырткары Ворух анклавында чек арада тактала элек аймакта Кык жана Чурган Баба деген аймакта да чек ара аскерлерине тиешелүү курулуш иштерин жүргүздүрүп жатат. Бул тактала элек чек ара аймактарында курулуштарды жүргүзбөө боюнча 2014-жылкы эки тараптуу... Читать дальше...

Чек ара маселесин айтып чыккан депутат ИИМге суракка кирди

Azattyk.org 

Лейлек районунун Катраң айылдык кеңешинин төрагасы Сапарали Бөрүбаев кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу акыркы окуялар боюнча Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Бишкектеги 10-бөлүмүнө экинчи жолу суракка кирип баратканын «Азаттыка» билдирди. Ал 15-сентябрда да суракка алынганын, анда кыргыз-тажик чек арасынын айланасындагы окуялар боюнча суроолор болгонун айтты. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бул маалыматты тактоого убада берди.  14-сентябрда Сапарали Бөрүбаев жарандык активист Айбек... Читать дальше...



Тунисте президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтөт

Azattyk.org 

Тунисте жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыктары эки талапкердин - камактагы магнат менен конституциялык укук боюнча профессордун - алдыга чыкканын көрсөтүүдө. «Sigma Conseil» уюмунун экзит-поллуна ылайык, өз алдынча талапкер, профессор Каис Сайид добуштардын 20 пайызга жакынын алды. «Арам акчаны адалдаган» жана «салыктан качкан» деген айыптар менен өткөн айда соттолгон медиа магнат Набил Карyи 15,5 пайыздык добуш менен экинчи орунга чыкты. Эгер баштапкы жыйынтык ырасталса... Читать дальше...

Түркияда кылмышка шектүү кыргызстандык кармалды

Azattyk.org 

Бул тууралуу «Анадолу» маалымат агенттиги кабарлады. Жаңылыкта 16-сентябрда полиция Стамбул шаарынын Фатих жана Башакшехир аймактарында атайын операция уюштуруп, эки басмакананын кампасында мыйзамсыз алкоголдук ичимдик даярдап жаткан шектүүлөрдү кармаганы жазылган.  Кармалган беш шектүүнүн үчөө түрк жараны, калган экөө өзбекстандык жана кыргызстандык жарандар экени аныкталган. Алар кармалган кампадан полиция тогуз миңге жакын даяр алкоголдук ичимдик, 5 тонна спирт жана миңдеген чет өлкөлүк ичимдиктердин даяр этикеткаларын конфискациялаган. Читать дальше...

Ооганстанда машине жарылып беш киши өлдү

Azattyk.org 

Ооганстандын Фарах провинциясында жолго коюлган бомбадан автоунаа жарылып, беш киши мүрт кетти. Полициянын өкүлү Мухибулла Мухибдин айтымында, курмандыктардын арасында балдар жана аялдар да бар. Ал жарылуу 15-сентябрда Фарах шаарынын жанында болгонун кошумчалады.   Кол салуу үчүн эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек. Бул провинцияда аракеттенген талибдер сентябрдын башында Фарах шаарын алуу максатында чабуулдарын баштаган. Согушкерлер полиция бекетин басып алып, аны өрттөп жиберишкен. Бул кагылышта эки карапайым тургун да көз жумган. Читать дальше...

Балбан Атабек Азизбеков Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Атабек Азизбеков Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алып, 2020-жылы Жапонияда өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомого ээ болду. Азизбеков беттештерин 1​5-сентябрда баштап, грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Алгач ал латвиялык Лаймутис Адамайтисти 4:0 эсебинде утуп, бирок кийинки беттешинде венгриялык Виктор Лоринчеге жеңилди. Венгр балбаны финалга чыкканына байланыштуу Азизбековго коло байге үчүн күрөшкө жол... Читать дальше...

Роухани, Эрдоган жана Путин Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани Сирия боюнча кезектеги сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн Түркиянын баш калаасы Анкарага келди. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын төрагалыгы астында дүйшөмбү күнү өтө турган жыйынга орус президенти Владимир Путин да катышмакчы. Анда Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөгөн Идлиб аймагындагы аракеттерине көңүл бурулары кабарланды. Былтыр Орусия менен Түркия Идлибди өкмөттүк күчтөрдүн чабуулунан коргой турган буфердик аймак түзүүнү макулдашкан. Бул... Читать дальше...

Коррупцияга каршы күрөштүн эсеби 11 млн. сомго толукталды

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Финансы министрлигинде коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 11 млн. 929 миң 681 сом которду. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ушуну менен Финансы полициясы аталган эсепке которгон акчанын жалпы суммасы 807 млн. 418 миң 287 сомду түздү. Башкы прокуратура да бүгүн, 16-сентябрда коррупциялык зыяндын ордун толтуруш үчүн ачылган эсепке 17 млн. 182 миң 970 сом которгонун жарыялаган. Читать дальше...

Дүйнө чемпионатында балбан Мурат Рамонов чейрек финалга чыкты

Azattyk.org 

Оор салмакта күрөшкөн кыргыз балбаны Мурат Рамонов Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында чейрек финалга чыкты. Рамонов 130 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, 1\8 финалда казак балбаны Мансур Шадукаевди жеңип алды. Алгачкы беттешинде болсо польшалык Рафаль Кражевскини 10:0 эсебинде утту.  Чейрек финалда ал кубалык балбан Пино Хидс менен беттешет. Эгер Рамонов чейрек финалда жеңишке жетсе олимпиадалык жолдомого ээ болот.

Улгайган аялды троллейбустан кууп чыккан айдоочу жумуштан алынды

Azattyk.org 

Бишкекте коомдук транспортто улгайган аялды урушуп, түшүрүп салган 11-троллейбустун айдоочусу жумуштан алынды. Бишкек шаарынын мэриясы тараткан маалыматка ылайык, айдоочу Эмгек кодексинин 83-беренесинин («Иш берүүчүнүн демилгеси боюнча эмгек келишимин бузуу») негизинде кызматтан алынды. Ошондой эле улук айдоочуга сөгүш берилип, депонун директору тартип жоопкерчилигине тартылды. 15-сентябрда социалдык тармактарда «11-троллейбуста болгон окуя» деген бир мүнөткө жетпеген видео тараган. Айдоочу улгайган аялдын баштыгы сасып жатканын айтып... Читать дальше...

Трамп: АКШ Саудиянын мунай кениндеги чабуул боюнча чара көрөт

Azattyk.org 

Дональд Трамп Сауд Арабиясынын мунай өндүрүшүн эки эсеге кыскартууга алып келген чабуулга байланыштуу Кошмо Штаттары жооп чараларды көрө турганын билдирди. "Бизде бул окуяга күнөөлүүлөр ким экенин божомолдоого негиз бар. Бирок бул чабуулга эмне себеп болгону тууралуу падышачылыктан жооп күтөбүз", деп жазды ал 15-сентябрда “Твиттер” баракчасына.  The Washington Post гезити өз булактарына таянып, АКШ чындап эле чабуулга жооп берүүгө ниеттенип жатканын, Трамп коргоо министри Марк Эспер менен жолукканын да жазды. Читать дальше...

Баймурат Бекмуратов, Лейлек районунун акими: "Президент кабыл алса, чек ара көйгөйлөрүн чечүүнү сунуш кылат элем..."

Ca-irnews.com (kg) 

Кыргызстандын эң алыскы жана кошуна мамлекеттер менен чек ара чатагы көп катталган Лейлек районунун мамлекеттик администрациясынын  башчысы-аким Бекмуратов Баймурат Асатовичтин   “Ca-irnews.com” агенттигине  берген интервьюсу.

Улуттук көчмөндөр оюндарында ат оюндарынын убактысы жылдырылды

Azattyk.org 

Талас шаарында Улуттук көчмөндөр оюндарынын ат оюндары өтө турган ипподромдо курулуш иштери толугу менен бүтө элек. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен кабарлагандай учурда таман таш (брусчатка) төшөлүп, ат майданда отургучтар коюлуп жатат. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурпери Садырбекова ипподромдо ат оюндары саат 10:00дө башталары пландалып, курулуш иштери бүтө элек болуп жатканына байланыштуу 16:00гө жылдырылганын кабарлады... Читать дальше...

Баткенде чек арадагы курулуш токтой элек

Azattyk.org 

Тажик тарап Баткен облусунун Баткен районундагы Жака-Өрүк айылындагы такталбаган чек ара тилкесине, кыргыз тарап менен макулдашылбаган курулуш иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Дүйнө чемпионаты: үч балбаныбыз килемге чыкты

Azattyk.org 

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары Каныбек Жолчубеков, Мурат Рамонов жана Кайратбек Түгөлбаев алгачкы беттештеринде жеңишке жетти.  60 кг салмак боюнча килемге чыккан Каныбек Жолчубеков биринчи беттешинде түркиялык Кемер Камалды 15:7 эсебинде жеңди. Жолчубековдун кийинки атаандашы кытайлык балбан Сайлихе Валихан болмокчу. 77 кг салмакта күрөшүп жаткан Кайратбек Түгөлбаев финляндиялык Нико Ова Эркколаны 7:0 эсебинде жеңип алды. Эми ал 1/16 финалда франциялык Еврик Никохосиан менен беттешет. Читать дальше...

Ысык-Көлдөгү акцияда 6,5 тонна таштанды чогулду

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө экологияны желим таштандылардан тазалоо максатын көздөгөн #EUBeachCleanUp аттуу акцияда 6.5 тонна таштанды чогултулду. Акцияны өткөрүү боюнча Европа Биримдиги демилге көтөрүп, ага биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн, Германиянын, Британиянын Кыргызстандагы элчиликтеринин кызматкерлери жана Бишкек менен Ысык-Көлдөн ыктыярчылар катышты. Маалыматка караганда, жайында эл көп барган Бостери айылындагы жээк тазаланып, ага 150 киши катышты. Акциянын жыйынтыгында 6,5 тонна таштанды чогултулуп... Читать дальше...

Түркиянын белгилүү кино жылдыздары Ошко келишет

Azattyk.org 

17-19-сентябрда түрк тасмаларынын кино жумалыгынын алкагында Түркиянын кино жана сериалдарынын актёрлору келери кабарланды. Сезгин Эрдемир, Эдип Зейдан жана Вилдан Атасевер сыяктуу актёрлор, түрк кинопродюсерлери менен бирге жергиликтүү кинотеатрларда кино күйөрмандары, коомчулук менен жолугушат. Жумалык «Ош - түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» деген иш-чаранын алкагында Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин көмөгү, ТҮРКСОЙ уюму жана Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен өтөт. Читать дальше...





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *