Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2019

Новости за 18.09.2019

Кой-Таш окуясы боюнча комиссия «өтө жашыруун» маалыматтар менен таанышты

Azattyk.org 

7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында көчмө жыйын өткөрүштү. Жыйындын жүрүшүндө УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев комиссиянын мүчөлөрүн документтер топтомун, анын ичинде «өтө жашыруун» делген маалыматтар менен тааныштырды. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, комиссиянын кийинки жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкинаны, Асел Кодуранованы... Читать дальше...

Израилдеги парламенттик шайлоодо кайрадан «ит жыгылыш» болду

Azattyk.org 

Израилдеги парламенттик шайлоодон кийинки экзит-поллдор кайрадан эч бир партия парламенттик көпчүлүккө ээ боло албай турганын көрсөттү. Ага ылайык, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун оңчул «Ликуд» партиясы 120 орундуу парламентте 30дан ашык мандат алышы мүмкүн. Анын башкы атаандашы Бенни Ганцтын «Көк жана ак»  борборчул партиясы буга чейин көрсөткүчүн бир аз жакшыртып, «Ликудга» тең же андан көбүрөк мандатка ээ болушу ыктымал.  «Израилдик арабдардын бирдиктүү тизмеси» аттуу саясий блокко кеминде... Читать дальше...

Көчмөндөр оюндарына жалпы канча каражат сарпталганы айтыла элек

Azattyk.org 

Ушул күндөрү Таласта өтүп жаткан Улуттук көчмөндөр оюндарына жалпысынан канча каражат сарпталганы айтыла элек. Өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев «Азаттыкка» билдиргендей, өкмөт ага 50 млн. сом бөлгөн (30 миллиону курулуш иштери үчүн). Мындан сырткары Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 14 млн., Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги оюндарга белек катары 6 млн. сом бөлгөн. Мындан сырткары Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө демөөрчүлөр да салым кошкон. Алардын түшкөн каражат 10 млн. Читать дальше...

Дүйнөлүк күрөш чемпионаты: Айпери Медет кызы мелдештен четтеди

Azattyk.org 

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында мелдештен четтеди. Ал кыз-келиндер күрөшүнөн 76 килограммга чейинки салмакта килемге чыккан.  Медет кызы алгачкы беттешинде болгариялык Мария Оряшкованы 10:0 эсебинде жеңди. 1/8 финалында ал Олимпиада оюндарынын чемпиону, канадалык Эрика Элизабет Уибеге 5:0 эсебинде жеңилип мелдештен четтеди. Бул күнү 57 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Нураида Анаркулова да килемге чыгып, алгачкы кармашында норвегиялык Грейс Якоб Булленге 0:6... Читать дальше...

Кытай менен Орусиянын соодасы кызыды

Azattyk.org 

Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян 17-сентябрда Орусияга үч күндүк сапар менен келди. Кытайлык «South China Morning Post» басылмасы «Ли Кэцян Вашингтон менен Бээжиндин соода жаңжалынын Кытай экономикасына тийгизген залакасын жумшартуу жолдорун караштырат, айыл чарба багытындагы келишимдерге кол коюлат» деп жазды.  Ли Кэцян 17-сентябрда Санкт-Петербургда орус өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолукту. Анда инвестицияны көбөйтүү, экономикалык алака-катышты кеңейтүү тууралуу сөз болду.  Соңку... Читать дальше...

Тоо башындагы корук

Azattyk.org 

Солтон-Сары жайлоосуна барчу ашууну Нарын районунун Оттук айылынын тургундары коруп чыгышты. Жайлоодогу мал этекке эрте түшпөсүн деп тоолуктар ушундай чара көрүп жатышат. Анткени учурда айылда эгин жыйнала элек. Антпесе жылкы тоого токтобой, айылга качып турган мезгили.

Чек ара маселеси жана эл аралык уюмдар

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы атышуу эксперттер арасында да кызуу талкууга жем таштады. Алар акыркы окуя эл аралык уюмдардын кийлигишүүсүн шарттап жатат деп эсептешүүдө. Жергиликтүү адистер эки өлкө ортосундагы чек ара талашка үчүнчү тараптын кийлигишүүсүнөн майнап чыкпайт деген көз карашта.



Өкмөт чек арадагы кырдаал боюнча парламентке эртең маалымат бермей болду

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыккан чыр боюнча Жогорку Кеңеште кыргыз өкмөтүнүн маалыматы эртең, 19-сентябрда угулат. Буга кыргыз-тажик өкмөттөрү чек ара маселесине байланыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы себеп болду. Бүгүн депутаттар Жогорку Кеңешке премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерин чакырып, чек арадагы кырдаал боюнча маалымат алууну чечишкен. 16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына... Читать дальше...

Быйыл Кыргызстанда 44 айыл таза суу менен камсыз болот

Azattyk.org 

2019-жылдын аягына чейин 44 айылды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирди. Бүгүн, 18-сентябрда мамлекет башчы ирригация жана калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышты. Анда Жээнбеков бул максаттарга гранттык каражаттарды тартуу боюнча жумуштарды күчөтүп,... Читать дальше...

Миңден ашык айдоочуга транспорт салыгын төлөбөгөнү үчүн айып салынды

Azattyk.org 

Транспорт салыгын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча жүргүзүлгөн 10 күндүк рейд иш-чарасынын жыйынтыгында 1 036 унаанын ээси транспорт салыгын төлөбөгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады. Жалпысынан республика боюнча рейд учурунда 11 миң 670 автоунаа токтотулган. 750 айдоочу жеринде (банк, терминал, мобилдик банкинг аркылуу) салыктарын төлөшсө, 3 355ине салык төлөө фактысын ырастаган атайын чаптама берилди. Мындан тышкары аймактарда жергиликтүү бийлик органдарынын, шаардык... Читать дальше...

Баткен: Максат айылынан коопсуз жайга чыккан 128 адам үйүнө кайта элек

Azattyk.org 

Баткен облусундагы чек арада атышуу болгондон кийин, ал аймакка жакын Максат айылынан коопсуз жайга убактылуу чыгып кеткен 128 тургун үйлөрүнө кайта элек. Бул тууралуу «Азаттыкка» Бешкент айыл өкмөтүнүн өкүлү кабарлады.  Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда болгон атышуудан кийин Максат айылынын айрым тургундары жеке коопсуздугун ойлоп үйлөрүнөн чыгып кетишкен. 150дөй киши кошуна Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски Овчу айылындагы мектепке жайгаштырылган болчу. 16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун... Читать дальше...

Жогорку Кеңештин депутаттары Кумтөргө барып келишти

Azattyk.org 

17-сентябрда, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитетинин жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитетинин бир нече депутаты Кумтөр кенине барып, кен казылуучу жер аянттарынын абалын, «Сары-Чат - Ээр-Таш» коругугунун аймагы боюнча маалымат алды. Алар менен кошо биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана өкмөттүн тийиштүү органдарынын жетекчилери барышты. Алгач Кумтөр ишканасынын өкүлдөрү Кумтөрдүн аянты «Сары-Чат... Читать дальше...

Израилдин абак жайларында ондогон палестиналык ачкачылык жарыялагандардын катарына кошулду

Ca-irnews.com (kg) 

Израилдин абак жайларында, айрыкча Офер жана Мегиддо абактарында ондогон палестиналык туткундар ачкачылык жарыялагандардын катарына кошулуп, алардын жалпы саны 140ка жетти.

АКШ Ооганстандагы талибдердин кол салууларын айыптады

Azattyk.org 

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Ооганстанда 48 адамдын өмүрүн алып, ондогон кишини жарадар кылган эки кол салууну айыптады. Вашингтон тараткан билдирүүдө: «Ушундай чабуулдар аркылуу «Талибан» ооган элине жана мамлекеттик мекемелерине үрөй учурган карасанатайлыгын көрсөтүп жатат. Оогандыктар чындап бейпилдикте жашашы үчүн талибдер жарандарга жана өлкө келечегине опол тоодой зыянын тийгизген зордук-зомбулугун тыйып, бейпилдикти каалай турганын далилдеши керек», деп айтылат. Ооганстандын Парван... Читать дальше...

«Курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоору сунушталууда

Azattyk.org 

17-сентябрда курултай өткөрүү боюнча жоболорду иштеп чыгуу максатында түзүлгөн жумушчу топтун жыйыны өттү. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев «Курултайлар жөнүндө» мыйзам долбоорун сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Ага ылайык, элдик курултайлардын айрым түрлөрүн бекитүү сунушталууда: айылдык округ жана шаардын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайы;  райондун, облустун, Бишкек шаарынын жана Ош шаарынын жергиликтүү жамааттарынын элдик курултайы;  Кыргызстан элинин курултайы. Читать дальше...

Кыйноо боюнча арыздардын 92 пайызы милицияга тиешелүү

Azattyk.org 

2018-жылга карата статистика боюнча кыйноо тууралуу арыздардын 92 пайызы милицияга, 5,7 пайызы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине тиешелүү. Бул тууралуу Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов Жогорку Кеңештеги баяндамасында айтты. Аталган улуттук борбордун өкүлдөрү былтыр жабык жана жарым-жартылай жабык жайларга 991 жолу барышып, 1829 адам менен маектешкен. 2018-жылы Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борборго 238 арыз түшкөн. Читать дальше...

«Ош электро» ишканасында жетекчилик алмашты

Azattyk.org 

Директорлор кеңешинин чечими менен «Ош электро» ишканасынын директору болуп Артур Жусуев дайындалды. Ал буга чейин Өзгөн райондук электр тармагын башкарып келген. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы «Азаттыкка» ырастады. Муну менен катар директордун үч орун басары тең алмашып, алардын ордуна Нурлан Раимберди уулу, Улан Мамасадыков жана Медет Жумаев келди. «Улуттук энергохолдингдин» маалыматына караганда, «Ош электронун» мурдагы жетекчиси Дыйканбай Даминов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткен. Читать дальше...

Акыйкатчыга кайрылгандардын көбү сот бийлигине нааразы

Azattyk.org 

2018-жылы Акыйкатчы институтунун борбордук жана аймактык бөлүктөрүнө укугу бузулганын билдирип 11 миң 260 адам кайрылган. Алардын ичинен 3 237 кайрылуу кат жүзүндө келген. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештеги баяндамасында айтты. Кайрылуулардын ичинен 142си 2 050дөн ашык адам кол койгон жамааттык кайрылуу. Арыздангандардын ичинен 6 115 киши Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринен ооз эки кеңеш алган. Арыздангандардын 876сы Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринен... Читать дальше...

Президент кыргыз-тажик чек арасында жаракат алгандардан кабар алды

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркап, Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунда дарыланып жаткандардан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Аталган борбордун директору Сабырбек Жумабеков жабыркагандардын абалы жана аларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардам тууралуу айтып берди. Жээнбеков жабыркагандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалап, дарыланып жаткан жабыркагандардын туугандары менен баарлашты. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы учурда кыргыз-тажик чек ара тилкесинде абал туруктуу экенин кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалымат боюнча, эки өлкөнүн чек арасында жалпысынан беш өткөрүү жайы иштейт. 17-сентябрда тажик тарап «Кулунду автоунаа жолу» көзөмөл өткөрмө жайынан Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон. Үчүнчү өлкөнүн жарандары болсо бул өткөрмө жайынан эч кандай чектөөсүз өтө алышат. Ал эми калган төрт чек ара посту күнүмдүк тартипте иштеп жатат. Читать дальше...

ЖЭБ соту Исаков менен Сатыбалдиевдин ден соолугунан улам жылдырылды

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук отурум ушул иш боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевдин ден соолугуна байланыштуу дүйшөмбү күнгө жылдырылды. Бул тууралуу «Азаттыкка» адвокат Замир Жоошев кабарлады. Буга чейин адвокаттар Исаковдун ден соолугуна байланыштуу сотту жылдырууну өтүнүшкөн. ЖЭБ иши боюнча соттук отурум Бишкектин Свердлов райондук сотунда ар бир дүйшөмбү, шаршемби жана бейшемби күндөрү болуп жатат. Читать дальше...

Орус өнөрпоздору Устиновду колдоп чыгышты

Azattyk.org 

Орусиянын бир катар маданият ишмерлери Москвада 3-августта өткөн митингге байланыштуу үч жарым жылга түрмөгө кесилген актёр Павел Устиновду колдоп чыгышты. Сот 16-сентябрда Устиновду полиция кызматкерине күч колдонууга күнөөлүү деп тапкан болчу.

Мамлекет баалабаган манасчылык

Azattyk.org 

Бишкекте залкар манасчыларды эскерүү кечеси өттү. Иш-чарага манасчылар, манас таануучулар, студенттер, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин өкүлдөрү катышты.





СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *